Мукар Чолпонбаев, «Кыргызстанды сактоо” патриоттук кыймылынын жетекчиси.
- Демек, ишенген адамы катары эсептелген Азим Исабековдун көпчүлүк добуш менен бекилишин эске алганда, эми президент Бакиевге өкмөттүн ишин да толук өзү көзөмөлдөөсүнө шарт түзүлдү. Бакиевдин командасы өзүн-өзү көрсөтүүсүнө жагдай жаралды деп айтууга негиз барбы? Себеби буга чейин эки башка команда болуп келди да?
- Албетте, жагдай бар. Бул жерде мен эки нерсени кыскача айтып кетким келет. 30-декабрда Бакиев аксакал президент катары Акаевдин 1999-жылкы референдумдан кийинки алган укуктарынан да өтө көп укуктарды алып калды. Андан кийин Кулов менен чогуу турган кезде бийликти экөө бөлүшүүгө аракеттеништи эле, бул коалиция болду да. Ал эми азыр болсо бир тараптуу оюндар башталды. Эгер мурда Акаев жалаң гана өзүнүн лаборанттарынан команда түзүп, ошолордон премьер-министр, калгандарын жасап келе турган болсо, азыр эми президенттин өзүнүн жакын адамдарынан болуп атат.
Биздин көз карашыбызда Азим Исабеков Бакиевдин өзүнүн ишенимдүү адамдарынан болуп эсептелет. Менин көз карашымда Исабеков мурда президенттин администрациясынын жетекчисинин орунбасары болуп кандай иштеп келсе, ошол эле саясатты улантат деген ойдобуз. Ал саясатында биздин президентибиз Бакиевдин жардамчысынын гана ролун аткарып келген. Кыскасын айтканда, Акаевдин учурунда Жумалиев кандай иштесе бул ошондой эле иштеп келген деп айсам болот.
- Мындан, балким, экономиканын илгерилешине салым болоттур, кандай дейсиз?
- Экономиканын илгерилешине кандай салым болору белгисиз, бирок айтып коюшум керек, азыр бардык маселени жаңы Конституцияда жазылгандай мамлекеттин ички жана тышкы саясаттарын президент гана чечет, ал эми өкмөт болсо ошонун гана чечимдерин жана закондорду аткаруучу адам болуп эсептелет. Эгер ошону эске ала турган болсок, бул азыркы президентибиздин ишенимдүү адамдарынын, жеке командасынын бири деп айта турган болсок, эч нерсе өзгөрбөй тургандыгына күмөн салбай койсоңуз деле болот.
- Демек, ыйгарым укуктун бaары жаңы Конституцияга ылайык президентте болсо, жоопкерчилик да президентте да анда?
- Албетте, ыйгарым укуктардын бардыгы президентте. Бизде азыр парламенттик-президенттик деп атап коюшканы менен чындыгында президенттик бийликке биз өттүк. Өзүнүн ишенимдүү адамдарын өзүнүн жанына чогулта баштагандан кийин мындан ары бүт жоопкерчилик Кыргызстандын алдында эл үчүн да, бардыгы үчүн жалгыз президентке тиешелүү болуп калды. Ошондуктан бүгүнкү күндө Курманбек Салиевичке тиешелүү бул жоопкерчилик.
Өзүнүн мурунку жардамчысын өкмөткө алып келип аткандан кийин, демек, Исабеков үчүн да, өзү үчүн да, өкмөт үчүн да, президенттин администрациясы үчүн да мындан ары Курманбек Салиевич жеке жооп бериши керек. Эгерде мурда элдин ишеними боюнча президент менен кошо тандемге келген Кулов экөөлөп жооп бере турган болсо, мындан ары Курманбек Бакиев жеке жооп берүүгө тийиш.
- Жогорку Кеңеш менен иштин натыйжалуулугу эми мындан ары көбүнесе кимге көз каранды болот. Себеби Бакиев ыңгайы келгенде Жогорку Кеңешти айыптап калат. Соңку ирет ишкерлердин курултайында да сындап өттү?
- Мындан ары Жогорку Кеңешти айыптоо эч кандай мүмкүн эмес. Кечээ парламентте 57 добуш менен Исабеков өттү. Бул өтө чоң рейтинг деп айтып коёбуз, бирок анткен менен парламент толук бойдон Бакиевди колдоп беришти. Ал эми биз азыр айтышыбыз керек, паралментти мындан урушууга, жамандоого мүмкүн эмес, анткени биздин парламент азыр толук бойдон пропрезиденттик парламент болуп калды. Анын тарапташтары бүгүнкү күндө кырктан кем эмес.
Демек, бүгүнкү оппозициянын депутаттары парламенттин заседаниелерине барбай койгон күндө дагы жаңы регламент боюнча 38 депутат парламентке келсе заседаниеси өтөт. Ошол 38 депутат добуш берсе каалаганындай закондор, токтомдор кабыл алынат. Демек, Кыргызстанда азыр бир адамдын жеке басар бийлиги негизинен орноп калды деп айтсак жаңышпайбыз.
- Мукар мырза сизге чоң ырахмат.