Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

15:42 Жалалабат облусунан 38 миң тургун сыртка жумуш издеп кеткен


Бишкектеги жоопкерчилиги чектелген «Карсуруф» агенттиги быйыл Орусияга 40 эмгек мигрантын жөнөттү. Былтыр агенттик Москва шаары менен аты уйкаш облустун курулуш жана соода-сатык ишканаларына кыргызстандык 72 кишини ишке жайгаштырган. Бул тууралуу агенттиктин кызматкери Аэлита Жармухамедова Жалалабат шаардык калкты иш менен камсыз кылуу комитетинде өткөн ачык эшик күнүндө маалым кылды. Анын айтымында, агенттик Жалалабат, Ош, Талас облустарынын жашоочуларын легалдуу түрдө Орусиянын борборундагы «кара жумуштарга» жайгаштырууну улантат. Миграция кызматынын маалыматы боюнча 2006-жылдын 1-жарым жылдыгына чейин облустун 38810 тургуну сырт өлкөлөгө жумуш издеп кеткен. Жыл башынан бери шаардагы эмгек миграциясы бөлүмүнө 500дөн ашык киши Орусияда иштөөнү каалап, арыз менен кайрылган.(YA)

XS
SM
MD
LG