Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

АЛКОГОЛЬ ТАРМАГЫН КАПТАГАН ТУМАН КАЧАН ТАРКАЙТ?


Жогорку Кеңеш 30-январда алкоголдук ичимдиктер жана спиртти өндүрүү, сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ишине байланыштуу мыйзамды кароодон баш тартты. Айрым депутаттар аталган агенттикте коррупциялык көрүнүштөр орун алгандыгын белгилешип, мыйзамды кароону өкмөттүн жаңы структурасы бекитилгенден кийинкиге калтырууну сунушташты. Депутаттардын айтуусу боюнча учурда Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин 80% көмүскөдө өндүрүлөт.

Контрабандалык жол менен келип жаткан спирт менен алкоголдук ичимдиктердин кийинки убактарда Кыргызстандын алкоголь базарында көбөйүүсү көйгөйлүү маселе болуп келүүдө. Мындай иштер боюнча бул тармакты тейлеген мамлекеттик агенттик тарабынан өткөн жылы 105 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен эң ири фактылар: Сокулук районунда кармалган 40 тонна контрабандалык спирт жана Ош шаарында жасалма жол менен өндүрүлгөн 76 миң даана арак конфискацияга алынган.

Парламенттин жыйынында айрым депутаттар контрабандалык жол менен келген спирт жана жасалма алкоголдук ичимдиктер кармалган учурларда көбүнчө жок кылынбастан, кайра эле сатыкка чыгарылып жаткандыгын айтышты. Депутат Иса Өмүркуловдун айтуусунда алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттик буга өзү кызыкдар:

-Мен билем, ири өлчөмдөгү жасалма жол менен өндүрүлгөн акциздик маркасы жок аракты кармашкан. Салык инспекциясына өткөрүп беришти, алар болсо кийинчерээк кое беришти. Менимче рахмат деген куру сөз үчүн эмес. Мына ушинтип иштешет булар. Баарыбызга эле көрүнүп турат, кара базарга жол кайсы тарапта экендиги,-деди Иса Өмүркулов.

Дагы бир депутат Авасбек Момункулов учурда Кыргызстандын алкогол тармагын көзөмөлдөгөн мекемелер кызылчадан алынуучу спирт өндүрүшүн атайын жок кылып, сырттан апкелинүүчү спиртти сатууда өздөрү кызыкдар болуп жатат деген маалыматын билдирди:

-Буларга сырттан апкелинген спиртти сатуу пайдалуу. Кымбат баа менен сатышат. Өзүбүздүкү кереги жок, ал эми Украинадан, Орусиядан апкелинген спиртти тоннасын 250-400 доллардан алсаң аласың, албасаң лицензия жок деп ачык эле айтып жатышат. Бая мурдагы Забаранын системасы иштеп жатат.

Авасбек Момункулов бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке 100 млн сомдон ашуун акциздик салык түшпөй жаткандыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Карганбек Самаков кызылча айдаган дыйкандарды алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү ишканалар алдап, кызылчаны арзан баада алып жатышат деп айыптап, Кыргызалко агенттигиндеги жетекчилик кызматтарда мурда кылмыш иши козголгон кишилер отурат деди:

-Азыр сиздердин агенттикте мыйзамсыз статс-катчы отурат, Садыков деген. 1997-жылы бул киши “Кыргызалконун” каржы башкармалыгында жетекчи болуп турганда 47 млн сом жок болгон эле. Ошондо кылмыш иши козголгон. Ал кезде Садыков жок болуп кеткен да, бүгүн пайда болуп, статс-катчы болуп отурат.

Карганбек Самаков алкоголдук тармакты көзөмөлдөөчү мекемелердин туура эмес иш жүргүзгөнүнөн улам учурда 80% ашуун арак чыгаруучу ишкана көмүскөдө иштеп, мындан мамлекеттик бюджет жабыркап жаткандыгын да айтып кетти.

Депутаттардын суроолоруна жооп берген кыргызалкоголинспекциясынын жетекчиси Жекшен Жамангулов былтыр акциз салыгы 18 сомдон 21 сомго көтөрүлгөнүнө байланыштуу контрабанда көбөйүп, атамекендик өндүрүштөн чыккан спирт жана алкогол ичимдиктери жакшы сатылган жок деген сөзүн айтты. Ал эми аталган агенттиктин статс-катчысы Ороз Садыков депутат Карганбек Самаковдун өзүнө карата айыптап айткан сөзүн жокко чыгарып, эч кандай кылмыш ишине кириптер болбогондугун
“Азаттыкка” билдирди:

-Ал ишке менин эч кандай тиешем болгон эмес. Мен ал кезде Кыргызалкодо бөлүм башчы болуп иштегем. Менин жетекчиликке, бухгалтерияга жана башка каржы иштерине кийлигишүүгө укугум жок болчу. Кылмыш иши башка адамдардын үстүнөн козголгон. Алар дагы акталышты. Бирок мага тиешеси жок.

Ороз Садыковдун айтуусунда, Кыргызстандын алкоголь тармагы расмий эсептен өтпөй, сатыкка чыгарылып жаткан ичимдиктерден улам жабыркап жатат.

Парламент депутаттары жаңы өкмөттүн структурасын бекитүү учурунда өкмөт алдында түзүлгөн кээ бир агенттиктерди, комитеттерди жана инспекцияларды, алардын ичинде алкоголук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттикти да жоюуну сунуш кылышууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG