Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 22:23

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН СТРУКТУРАСЫ ПАРЛАМЕНТКЕ СУНУШТАЛДЫ


Жаңы премьер-министр Азим Исабеков сунуш кылган өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбооруна президент Курманбек Бакиев бүгүн кол коюп, парламентке жолдоду. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Эркинбек Алымбеков кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде өкмөттүн жаңы түзүмүндө кемчиликтер болсо дагы экономиканын алга жылуусу үчүн компромисстик негизде макул болуп жатышканын билдирди.

- Эркинбек мырза, мына бүгүн президент өкмөттүн жаңы структурасына кол коюп сиздерге сунуштаптыр деген маалымат болуп атат. Ушунда кандай өзгөрүүлөр бар?

- Структура боюнча президенттин сунушу жаңы эле келди. Колума алганыма беш эле минута болду. Жаңы эле таанышып отургам. Эми өзгөрүүлөр боюнча айтсам, Финансы жана каржы министрлиги менен Экономикалык өнүгүү министрлиги бөлүнгөн экен. Финансы министрлиги өзүнчө болуп калыптыр. Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги башка болуптур. Соода министрлиги экономикага кошулуптур. Энергетика жана отун ресурстары деген жаңы министрлик сунушталып атат. Калгандары мурдагылар менен окшош. Бул жерде мамлекеттик агенттиктерден ачылгандардан туризм боюнча өзүнчө мамагентттик деген сунуш келген экен. Коопсуздук боюнча комитет, Бажы комитети кошулуптур.

- Алдыңызда жаңы өкмөттүн структурасы турат, ушуга канааттандыңызбы?

- Эч канаттанган жокмун. Биз ушуга канаттанбай кайра маселелерди көтөрсөк, кайра саясий күрөш болуп, орусча айткандай “из двух зол выбирает меньшее”- деп кемчиликтер болсо да бекитип берели. Алдыга жылып иштейличи. Анан болгон кемчиликтерге сын көз менен карап, анан иштеп баратканда түздөп кетчү жерлер болсо ошону түздөсөк, экономика кичине алдыга жылууга бир аз шарт түзүлөт го деген компромисстин негизинде жүрөк сыздап макул болуп аткан принцип болуп атат. Эгер муну кабыл албай сындап кайра кайтарып берсек, кайра тегеренип эле бир айлап кол-бутту кайрып, “столдун астындагы” ыкмалар менен баары бир эле кайра тегеренип келет. Биз кармашып отурганча ошолорду колдоп берсек, экономиканы ушул өткөөл мезгилде алдыга жылууга өбөлгө кылабыз го деген компромисттин негизинде гана жүрөк сыздап макул бололу деген ой.

- Эркинбек мырза, айрым депутаттарга жаңы өкмөттөн министрлик кызматты да сунушталыптыр деген маалыматтар түшүп атат. Оппозициялык маанайдагы депутаттарга, саясатчыларга министрлик кызмат сунушталдыбы?

- Менин оюмча, оппозициялык маанайдагы депутаттар менен, күчтөр менен ынтымакка келип, саясий күчтөрдү биримдикке чакырып, коомду консолидация кылып, азыркы болуп аткан өткөөл мезгилдеги кыйынчылыктарды жеңип кетүү боюнча ынтымакташып иш чараларды алып барууга жаңы бийлик азырынча даяр эмес. Бирок, саясий тирешүүлөрдүн негизинде акыбал мындан да начар болбосун, Кыргызстаныбыздын эгемендүүлүгүнө балта чаап албайлы деп биз мына акырына чейин компромисске барып, премьер-министрди шайлап берип, бийлик кол сунуп, ынтымактын негизинде алдыга жылабызбы деген үмүт бар. Бирок, оппозициянын арасында элибизге таанымал, компетенттүү, профессионалдуу, патриоттук даярдыгы жетишкен зор инсандар бар. Ошолорду ишке тартып, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатып, ошонун негизинде экономиканы жогорулатуу боюнча иш чаралар азырынча жок. Азыркы жаңы бийлик ошого даяр эмес.

XS
SM
MD
LG