Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

АПЕЛЬСИН - УНУТЧААКТЫКТЫН ДАРЫСЫ


АКШда рак оорусунун азайып баратканы байкалууда. Фолий кычкылтеги эске тутууну жакшыртат. Илим тармагындагы соңку жаңылыктар ушундай.

Рак оорусунан каза болгон америкалыктардын саны эки жылдан бери азайып баратат. Американын Рак оорулар ассоциациясы муну бул коркунучтуу кеселди эрте аныктоодо жетишилген ийгиликтер менен жана өлкөдө чылым чегүүнүн азайгандыгы менен байланыштырат.

Рак оорусунан каза болгон адамдардын саны быйыл былтыркыга караганда 3000 кишиге аз болду, бир караганда анчейин олуттуу эместей көрүнгөн бул сан ооруну аныктап, дарылоо ишинде оң бурулуш жасалганын айгинелейт.


- Ооруну дарылоо бир кыйла жакшырды, биз көп жаңы, таасирдүү дарыларды иштеп чыктык. Хирургиялык кийлигишүү да натыйжалуураак болуп, алардын коркунучу азайды, радиотерапия кыйла таасирдүүрөөк болуп калды,- деди Рак ооруларынын ассоциациясынын өкүлү Аллен Лихтер.

Лихтердин айтымында, рак оорусун дарылоодо колдонулуп жаткан технология улам жакшырып баратат. "Биз ооруну кан анализдеринен эле аныктай алчу күн да келет",- деп кошумчалайт ал.

Ошону менен бирге эле ал рак оорсунун дарылоо технологиясынын бир кыйласын кирешеси аз, кедей өлкөлөрдө да колдонсо боло турганын белгилеп, рак оорусуна чалдыккандардын санын азайтуу үчүн бул ооруга түрткү болуучу чылым чегүү сыяктуу жаман адатка берилгендердин санын кыскартуу керек экенин кошумчалайт.

Батыш өлкөлөрүндө чылым чегүүгө каршы колдонулган катаң чаралар бир топ адамдардын чылымдан караманча баш тартышына алып келди. Бирок, айрым өлкөлөрдө чылым чеккендер калктын жалпы санынын 60-70 процентине чейин барат, мунун баары жетишилген жылыштарды жокко чыгарып салууда.

Жакынкы убакытка чейин эске тутуунун начарлоосу адамдын улгайуусу менен күч ала турган көрүнүш болуп эсептелип келди. Бирок, жакында Британиянын " Лансет" деген журналында басылган макалада бул процессти жайлатуу мүмкүн экени баяндалды. Голландиялык окумуштуулар 800 адам менен үч жыл бою тажрыйба жүргүзүп, аларга ар күн сайын 800 миллиграмм фолий кычкыл тегин берип турушкан. Ошол эле маалда алардын эске тутуу жөндөмү менен ойлонуу ылдамдыгы өлчөнүп турган.

Эске тутууну жакшыртуу үчүн жашы 50дөн ашкан адамдарга ар түрдүү машыктыруучу оюндарды ойноо, мисалы, чар-жайыт сандарды жана тамгаларды эске тутуу сунуш кылынат. Бирок, мындай машыгуу фолий кычкылтегинчелик пайда бере албайт.

Жалбырактуу өсүмдүктөрдө, бананда, апельсинде, үй жаныбарларынын бөйрөк жана боорунда көп болуучу фолий кычкыл теги эске тутууну эле жакшыртпастан, канда бөлтөкчөлөрдү пайда кылуучу аминоксилотанын иштелип чыгуусун азайтып, жүрөк талмаларынын алдын ала алат. Окумуштуулар эгерде курамында фолий көп жемиштер менен азыктар жок болсо, анда доктурдун көрсөтмөсү боюнча В9 витаминин да ичип турса болот дешет.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG