Коомдук талкууга катышкандар соңку кездерде антисемитизм күч ала баштаганына олуттуу камтамачылык билдиришип,буга Иран президенти Махмуд Ахмединежад өз салымын кошуп жатканын белгилешти.
Ахмединежад холокосту жомок деп атап,ошону менен бирге Израилди жер бетинен жексен кылууга чакырган эле. Былтыр Тегеранда атайын конференция да уюштурулуп, анын катышуучулары холокостун тарыхый чындык эместигин, тек гана жөөттөр ойлоп тапкан миф экенин далилдегенге дама кылышты.
Иран бийликтеринин бул аракеттери жалпы дүйнөдө кескин сынга алынып, анын ичинде АКШ конгресси Тегеранды айыптаган атайын резолюция кабыл алган. Буга конгрессмен, Хельсинки комиссиясынын теңтөрагасы Олки Хастингс демилгечи болгон.
Кечээки талкууда Хастингс иран президентин кайрадан айыптап, Ахмединежад алты миллион еврей апаат болгон Европадагы концлагерлерге барып көрсө көзү ачылат эле деп билдирди. Жок дегенде ал Ахмединежадга Сиднейге – Австралияга - барып, холокостун аман калган туткундары менен жолугушууну сунуш кылды.
Германиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Томас Матуссек холокосту тануу немец жеринде оор кылмыш саналарын эске салып, Берлин өкмөтү Ахмединежаддын сөздөрүн токтоосуз түрдө айыптаганын, бүгүн да, келечекте да холокосту танган же аны башкача мааниде түшүндүргөн ар кандай аракеттерди немец коому караманча четке кагарын баса бөлүп көрсөттү.
Улуттар Уюмунун мурунку баш катчысы Кофи Аннандын кеңешчиси, аргентин дипломаты Хуан Мендез болсо 1994-жылы аргентиналык жөөттөргө кол салып, алардын 84үн тындым кылган ирандыктарды сот жоопкерчилигине тартууда кызматташтыктан баш тартып жатканы үчүн президент Ахмединежадды айыптады.
Өткөн аптада Улуттар Уюму холокосту танган аракеттерди айыптаган атайын резолюция кабыл алып,аны 100дөн ашуун өлкө колдоду.Жалгыз Иран гана муну “саясий аксымдык” деп атады.
Ахмединежаддын холокостту жөө жомок атыктырып, Израилге асылган сөздөрүнөн соң Улуттар Уюму былтыр ноябрда жыл сайын 27-январда – советтик аскерлер 1945-жылы Освенцимдеги туткундарды бошоткон күндү - холокост курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү деп жарыялаган.