Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

АСИЯ САСЫКБАЕВА: «РЕФОРМА ҮЧҮН» КЫЙМЫЛЫН ТЫПТЫЙПЫЛ КЫЛУУ АРАКЕТИ БОЛУП ЖАТАТ


Маектешкен Улан Эшматов Кечээ Асия Сасыкбаева Улуттук коопсуздук кызматына суракка чакырылган. Окуя өткөн жылдын ноябрь айында Конституциялык реформаны талап кылган митингдер менен байланыштуу. Асия Сасыкбаеванын айтымында, ал суракка чакырылган кезинде психологиялык кысымга туш болгон.

- Кечээ сиз «дискетгейт” окуясы боюнча кезектеги суракка чакырылган экенсиз. Тергөөчүлөрдүн мамилеси мурдагыдан башкача болдубу. Бул эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

- “Реформа үчүн” кыймылынынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүп атышат. Мен ойлойм, биздин мамлекетте улутубузга коркунуч туудурган башка көйгөйлөр жок калган окшойт. Бизге убакытты аябай көп бөлүп атышат. Мен бешинчи жолу барып атам. Беш жолу тең ошол эле сөздөр, ошол эле мамиле. Мен кечээ барганда болгон нерселерди айтып бердим өзүмдүн түшүнүгүм боюнча. Бирок, болбой эле убакытымды алып атат, нервиме да тийип, психологиялык кысым да көрсөтүп атат.

- Азыр өлкөдө саясий жагдай бир аз өзгөргөндөй болду. Конституциянын соңку редакциясына ылайык президенттин бийлиги күчөдү. Демек, мамиле ушундан улам өзгөрүп жаткан жокпу оппозицияга карата?

- Андан деле эмес. Мен ойлойм, мурунку советтик кездеги механизмдерди иштетип жатышат. Өздөрү бизди коркутуп-үркүтүп, кысым көрсөтүп, “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүн иштетпей, уюмду тыптыйпыл кылганга аракеттенип атышат. Анткени өзүңүздөр деле "дискетгейтти" билесиңер, Т.Сариевди эмне кылганын көрдүңөр. Биздин граждандык коомдун лидерлерин улам-улам чакырып, коркутуу түрүндө сүйлөшүп атышат. Бизди кылмышкерлер катары кармап атышат. "Дискетгейт" башталганда эле премьер-министр телевизордон аттарыбызды айтып, бул адамдар ушундай кылып атышыптыр дейт. Бирок, өзүнүн колун кайра чакырып алган. Прокурорго тийгенден кийин ал ишти башташ керек. Ошон үчүн формалдуу иш башталгандай болду, бирок минтип чыгып атат.

- Кыскасын айтканда сизден конкреттүү эмнени талап кылышты?

- Кечээ мени чакыргандан кийин барсам, кабинетинде видеокамераларды кармап туруптур. Столдун үстүндө профессионалдык диктофон кассеталары менен даяр туруптур. Мен видеокамерага тартканга каршымын десем, сизди эч ким сурабайт, отуруңуз деп буйруктуу тон менен орой сүйлөдү. “Жок мен отурбайм, мен сиз менен сүйлөшпөйм, кетем, паспортумду бериңиз” десем, паспортумду да бербей койду. Коридордон да чыгарбай коюшту.

Башка бир баланы чакырып келип, “алып кел алдагыны, отургуз бул жакка” деди эле, анысы келип колумдан кармап сүйрөгөндөй кылды. Бирок, мен айттым: “колуңду тарткың, мага мындай мамиле көрсөткөнгө укугуң жок” дедим. "Сиз мага эмне үчүн чакырганыңызды да айткан жоксуз" десем, “баарын айтып берем кириңиз” дейт. Ушундай сүйлөдү. 2Жок мен кирбейм, адвокат чакырам" деп коридордо туруп алдым. Андан кийин адвокат келгенде ага да орой сүйлөдү. “Бул жерде өзүңөрдүн мүнөзүңөрдү көрсөтпөй, азыр мен эмне десем ошондой иштейбиз” деди.

- Сизден башкалар дагы суракка чакырылып жаткан да. Аларды да чакыруу кайталануудабы?

- Чакырылып атышат. Алар да сурактан өтүп атат. Бирок, сүйлөшкөнгө колубуз жетпей атат. Бирок, мен билем алар да нааразы болуп атышат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG