Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

ЗАЙНИДИН КУРМАНОВ: БИЗДЕ ӨКМӨТТҮН СТРУКТУРАСЫ БИРӨӨНҮН ЗОБОЛОСУ ҮЧҮН ТҮЗҮЛӨТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Энергетика жана отун ресурстары комитети өкмөттүн структурасын талкуулап, жаңыдан түзүлгөн Энергетика жана отун ресурстары министрлигин колдогон чечим кабыл алды. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар жана токой чарбасы боюнча комитет айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын Айыл, суу чарба министрлигинин карамагына кошулууга макул болбоду. Айрым саясатчылардын пикиринде, ушул өңүттө жыл сайын өкмөттүн структурасы жаңыдан түзүлө берсе мамлекеттин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет.

Жогорку Кеңештин Энергетика жана отун ресурстары комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жаңы структурасы боюнча талкуу учурунда, энергетика тармагы өтө коррупциялашкан тармак экенин баса белгиледи. Анын айтымында, ушундай кемчиликтерди жогорку бийликтегилер билип туруп, аны коррупциядан тазалоонун ордуна кемчиликтерди жашырып-жаап келет.

Ташиев жетектеген комитет жаңыдан түзүлгөн Энергетика жана отун ресурстары министрлигине бардык энергетика тармагын кошууну өкмөткө сунуштай турган болду.

- Комитеттин чечиминде жаңы түзүлүп жаткан министрликке Улуттук электр түйүнүн, Электр станциялар тармагын кошуу керектиги сунушталды. Себеби, биринчиден ушул ишканалар чыгашалуу тармак болуп калган. Экинчиден он экиден, он беш миңге чейин жумушчулар көбөйүп кеткен. Үч миңден ашуун адамга көбөйгөн. Ар бир үч миң адам бул жерден чоң суммадагы акчаларды алышкан. Ушул эле алынган акчаларды кайрадан энергетика тармагын өнүктүрүүгө жумшасак көп нерселер жасалмак эле, -деди Камчыбек Ташиев.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар жана токой чарба комитети өкмөттүн жаңы структурасы боюнча айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын Айыл чарба, суу министрлигине кошууга каршы болду. Комитет төрагасы Акылбек Арыстанбековдун айтымында, буга чейин жогорудагы чарбаны Айыл жана суу чарба министрлигине кошуу жөнүндө сөз болгон эмес.

“Бул боюнча жаңы премьер-министр Азим Исабековдун да маалыматы жок. Белгисиз себептер менен өкмөттүн жаңы структурасына ушундай өңүттө сунушталыптыр”,- дейт Арыстанбеков. Анын пикиринде, токой чарбасы жана айлана чөйрөнү коргоо бардык министрлик, комитеттерге көзөмөл жүргүзүүчү мекеме болуп эсептелет. Эгерде бир министрликке баш ийдирип койсо, анда ал өз күчүн жоготот.

Саясатчы Зайнидин Курманов болсо өкмөттүн структурасына жаңыдан киргизилген Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен Энергетика жана отун ресурстары министрлиги натыйжалуу иш алып барса өлкөгө олуттуу салым кошот деген ишенимде. Бирок, ал өкмөттүн структурасын жыл сайын өзгөртө бергенге каршы. Анын баамында, туруктуу структура түзүш үчүн алардын милдеттерин мамлекеттик деңгээлде талдоо зарыл.

-Мен эки тармактын түзүлгөнүнө каршы эмесмин. Анткени, булар өтө керектүү тармактар. Бирок бизде өкмөттүн структурасын түзүп атканда көбүн эсе адам фактору, адам үчүн түзүлүп келүүдө. Эгерде кимдир бирөөнүн зоболосу жогору болсо ага министрлик түзүп берет. Андан төмөн болсо комитет, агенттик түзүп берет. Зоболосу андан да төмөн болсо, ага инспекция түзүп берет. Мына ушундай тажрыйбадан, ушундай көрүнүштөрдөн оолак болсок, мен ойлойм туруктуу жолго түшөбүз.

XS
SM
MD
LG