Уго Чавес былтыр августта да Фидел Кастрону көргөнү Гаванага келип кеткен эле. Бул жолу ал Кастрону бекем кучактап, муну жеке өзүнүн эле эмес, Кубанын лидерине ден соолук тилеген миллиондогон адамдардын салам-дубайы катары кабыл алууну өтүндү. “Биз сиз менен сыймыктанабыз, Фидель. Сиз бизге керексиз, биз кадам калбай сиздин артыңыздан баратабыз”,- деп айтты Чавес.
Коштошуп жатып Кастро: “Биз максатыбызга жетебиз. Мекен. Социализм”, - деп айтты. Чавес да анын сөзүн: “Же социализм, же өлүм”,- деп коштоду.
Чавес кийин Кубанын телеканалындагы сөзүндө Кастро экөө эки саатча сүйлөшүп, ар түрдүү проблемаларды кеп кылышканын, Фиделдин көңүлү куунак, маанайы көтөрүңкү экенин айтып берди. Катуу сыркоолосо да Кастро акылы тунук, ою зирек бойдон калганына тен берип, Чавес Фидель экөө дүйнөлүк, анын ичинде энергетикалык проблемаларды талкуулашканын кошумчалады. “Бир нече күндөй мурда Фидель саламатчылыгы үчүн күрөшүп жатканын, күрөш али токтой электигин айткан эле. Мен бу сөздүн учугун улантып, бу күрөштө биз иш жүзүндө жеңип чыктык деп айта алам”,- деди Чавес.
Он мүнөттүк сюжет телеканалдан бир нече курдай кайталап көрсөтүлдү. Эски Гаванада жашаган аялдардын бири телекадрдан Фиделдин оорудан оңолуп баратканын көрүп бүткүл улуттун урку көтөрүлө түштү деп билдирди. “Ал айыгып келатат, буйруса, алга адымдайбыз,эми баары жайында”, - деп айтты ал.
Фидел Кастро былтыр жайда ичегесине оор операция жасаткан эле. Ошондон соң өзүнүн бардык бийлик укуктарын бир тууган иниси Раулга өткөрүп бергенге аргасыз болгон.
Маалымат каражаттарында Кастронун оорусу оорлошуп,абалы кескин начарлай баштаганы тууралуу маал-маалы менен аңырт кептер,кайбат кабарлар жайылып турду. Бирок алардын баарын бийликтер төгүндөп келишти. Фиделдин абалы тууралуу азырга чейин так маалыматтар айтыла элек. Муну Кастро өзү “мамлекеттик маанидеги жашыруун сыр” деп жарыялаган.