Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

КЫРГЫЗСТАН РОССИЯДАГЫ АТУУЛДАРЫНАН 720 МЛН ДОЛЛАР АЛДЫ


Орусия менен Кыргызстандын достук-кызматташтык мамилеси мындан ары да өнүгө берет. Анткени, эки мамлекет тең бир нече эл аралык шериктештик жана кызматташтык уюмдардын мүчөсү. Мындай пикирин Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Валентин Власов кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда чет элдик эмгек мигранттарына байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому миграция жараянын тартипке келтирүү максатында жасалган кадимки көрүнүш, мындан эки өлкөнүн ортосундагы алака өзгөрбөйт.

Айрым байкоочулардын баамында, Кыргызстан менен достук-кызматташтык мамиледе болууга Орусиянын геосаясий кызыкчылыктары, анын ичинен эң мерчемдүүсү Канттагы аба базасынын жайгашып туруусу себеп болуп келүүдө. Ал эми Кыргызстандын Орусия менен алака түзүүдөгү негизги кызыкчылыгы ал жактагы эмгек мигранттары болуп саналат. Орусиялык маалымат каражаттарынын кабарлаганы боюнча өткөн жылы Кыргызстанга Орусиядагы мигранттардан 720 млн доллар акча которулган. Бул Кыргызстандык социалдык-экономикалык абалын колдоп турган негизги күч. Ошондуктан, Орусия өкмөтүнүн чет өлкөлүк соодагерлер жана ишкерлер тууралуу кабыл алган токтомун кыргыз бийлиги тынчсыздануу менен кабыл алды. Президент өзү бул токтомду ишке ашырууда Кыргызстандык мигранттарга жеңилирээк чараларды колдонуусун өтүнүп, Орусия президентине кайрылуу катын жиберген.

-Президент өзүнүн кайрылуусунда Орусиянын президентинен биздин кыргызстандык ишкерлерге жеңилирээк чараларды колдонууну жана өткөн жылы эки тарап кол койгон келишимдин негизинде аракет жасоону өтүнгөн. Мындан тышкары кыргыз өкмөтү да орус өкмөтүнүн токтомуна байланыштуу атайын кат жөнөткөн. Биз колдон келишинче кыргызстандык ишкерлерге жеңилдик алууга аракет жасап жатабыз, деп маалымдаган эле “Азаттыкка” Калкты жумуш менен камcыз кылуу жана миграция комитетинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Айгүл Рыскулова.


Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Валентин Власов сырткы мигранттарга байланыштуу орус өкмөтүнүн бул токтомун кадимки көрүнүш деп атады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан дагы өзүнүн ички эмгек базарын коргоо максатында мындай кадамга баргандыгын белгилеп, бул токтомдор миграция системасын тартипке келтирүүнүн бир аргасы болуп жатат деген оюн айтты:

-Орусияга эмгек мигранттары Кыргызстандан гана келип жаткан жери жок. Башка СНГ мамлекеттеринен да көп. Ошондуктан, орус өкмөтүнүн бул токтому жакында ишке ашырылып баштайт, бул тууралуу атайын программа иштеп чыкты. Ага ылайык мезгил-мезгили менен 300 миңге жакын киши Орусиядан чыгарылат. Биз эркин миграция жараянын басып өттүк. Эми цивилизациялуу жол менен миграция системасын тартипке келтирүүгө тийишпиз.

Сырт жакта жүргөн кыргыз мигранттардын укугун жакшыртуу максатында Кыргызстандын жаңы Башмыйзамында кош атуулдукка уруксат берилген. Буга байланыштуу пикирин айткан элчи Орусиянын Конституциясында кош атуулдук боюнча мыйзам каралбагандыгын, ал эми Орусияга атуул болууну каалагандар сөзсүз түрдө өз өлкөсүнүн атуулдугунан чыгууга тийиштигин билдирип, бирок көп учурда бул шарттар аткарылбай калып жаткандыгын айтып кетти:

-Эгер чет элдик жаран Орусиянын атуулдугун алгысы келсе, өз өлкөсүнүн жарандыгынан чыгууга тийиш. Менимче бул жерде деле Орусиялык бирөө ал жактын атуулдугунан баш тартпай туруп эле, Кыргызстандын жараны болуп жүрсө керек. Ошондой эле адамдар Орусияда да жүрүшөт. Эң негизгиси укуктук нормалар турмушка карата кээде ийкемдүү, ошондуктан, тараптар келишип деле чечип коюп жүрүшөт.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власовдун айтуусунда, Кыргызстан менен Орусиянын достук-кызматташтык мамилеси болуп келген жана Кыргызстан ХИПИК программасын кабыл алган күндө да бузулбайт. Анын айтуусунда өткөн жылы эле эки өлкөнүн ортосундагы сооданын суммасы 850 млн долларга жеткен.

Кыргыз – орус дипломаттык байланышына үстүбүздөгү жылдын март айында он беш жыл толот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG