Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

УКРАИНАНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КЫЗМАТЫНАН ЧЕГИНДИ


Нарын АЙЫП, Прага Парламент жана премьер-министр менен эки айга уланган тирешүүдөн кийин Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк кызматынан чегинди. Европалык саясатчылардын пикиринде, эми Киевдин тышкы саясатында өзгөрүүлөр башталышы мүмкүн.

Тарасюк жана коргоо министри Анатолий Гриценко президент Виктор Ющенко менен кошо батыштык саясат жүргүзүп, Украинаны акыр-аягында Европа Биримдиги менен НАТО уюмуна мүчө кылып кошууга аракеттенген саясатчылар болуп эсептелинет. Былтыркы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, премьер-министрликке жеткен Виктор Янукович болсо Маскөөгө жакын экени менен белгилүү жана айрым эксперттердин пикиринде, Тарасюк менен Янукович бир-бири менен иштеше албагандыктан, декабрдын биринде парламент Тарасюкту кызматтан алган.

Парламент аны отставкага жибергени менен, президент Ющенко өзүнүн 5-декабрдагы буйругу менен Тарасюкка министрлик кызматын улантууга уруксат кылган, министр болсо парламенттин чечимин сотко берген. Райондук сот анын кызматтан алынышын мыйзамсыз деп тапкан, бирок Тарасюк жумушка келгенде, өкмөт имаратын кайтаргандар аны иш кабинетине киргизбей койгон, премьер Янукович дагы аны өкмөт жыйындарынан четтетип салган.

4-январда болсо Киевдин Апелляциялык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген, Тарасюктун иши 30-январда кайра каралмак, бирок сот эч чечим чыгара албай, аны кийинкиге калтырган жана дал ошол күнү Тарасюк кызматтан кетүү жөнүндө чечим кабыл алды. Анын айтымында, өтө уланып кеткен тирешүү мамлекетке жана анын тышкы саясатына зыян тийгизе баштаган. Ошол эле күнү президент анын арызына кол коюп берди.

Байкоочулардын айтымында, президент Ющенко анын ордуна өз тарапкерлеринин бирин дайындашы мүмкүн, кандидаттардын арасында Тарасюктун биринчи орун басары Владимир Огрызко, президенттик кеңсенин башчысынын орун басары Александр Чалый жана премьердин кеңешчиси Константин Грищенконун ысымдары аталууда.

Бирок тышкы саясат жалпысынан өзгөрөт деген да пикирлер бар. Мисал үчүн Европа парламентинин мүчөсү Чарльз Тэнноктун пикиринде, Киев эми Европадан алыстай башташы мүмкүн:

"Албетте, бул өзүнчө бир белги, Украина кайрадан ар тараптуу тышкы саясатка кайтып жатканынын белгиси. Европа Биримдигине ал мүчө болуп кирүүнү каалайбы же Европа менен жөн гана саясий жана коммерциялык мамиле түзүп, чындыгында Брюсселден да, Маскөөдөн дагы бирдей алыс болууну каалайбы - белгисиз болуп калды", - дейт Европа парламентинин депутаты.

Министрлик кызматтан кеткени менен, Тарасюк - "Народный рух" деген оппозициялык кыймылдын башчысы бойдон калууда. Ал кыймыл болсо - президентти колдогон "Наша Украина" деген блокко кирет.

XS
SM
MD
LG