Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

“ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР”: ТАНДЕМДИН ТАМАМ БОЛУШУ


Кубат Оторбаев: - Саламатсыздарбы, урматтуу телекөрүүчүлөр! “Азаттык” үналгысы Мамлекеттик телерадиокомпанияга алып чыгып келаткан “Ыңгайсыз суроолор” сиздердин назарыңыздарда. Бул ирет биз жаңы премьер министрдин айланасындагы маселелерди, Бакиев - Кулов тандеминин тамам болушу, эски өкмөт кандай иштеди, жаңы өкмөт кандай иштеши керек деген маселелерди талкууламакчыбыз. Ушул максатта биз студияга Американын Борбор Азиядагы университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловду чакырдык. Эми экөөңүздөргө тең эле тиешелүү суроо го дейм - 29-январда кыргыз парламенти жаңы премьер-министрге добуш берди. Азим Исабековду премьер-министрликке бекитүү тууралуу жарылыкка Курманбек Бакиев ошол эле күнү кол койду. Феликс Кулов болсо кызматтан кетти. Мына ошентип Бакиев - Кулов тандеми тамам болду деп жатабыз. Мына ушул окуя - тандемдин тамам болушу, Куловдун кызматтан кетиши саясий чөйрөдө чоң бир окуя катары каралышы керекпи? Мындан ары бир жаңы окуяларды, күтүүсүз жаңы бир нерселер чыгып кетпейби?

Бакыт Бешимов: - Менимче, бул мурдатан эле күтүлгөн окуя болчу, эч кандай таң кала турган жөнү жок. Тандем деп түзүлүшү деле, анан бир жарым жылдан бери анын ишке ашырылышы көп суроону жаратты. Ошондуктан бул тандем өз апогейине келип туруп жок болду. Азыр болсо көп нерсе ачыкка чыгып атат, менимче, ушул келээрки жуманын ичинде же бир айдын ичинде көп нерсе саясий аренага чыгат, бул - бир. Экинчиден, азыр жаңы өкмөттүн түзүлүшү күтүлүп жатат. Эми биз 15-16 жылдан бери кыргыздардын ушундай оюндарына күбө болуп келатабыз. Улам эле, жыл сайын өкмөт түзөт, а бирок иштеп алдыга жылып атабы? Ошондуктан мен ушул эки маселени, чынымды айтканда, бир чоң, өтө келечектүү маселеге эч качан теңебейт элем. Ал кайсы маселе? Бул болсо - кыргыз эли ушул өзүнүн улуттук кызыкчылыгын ишке ашырып туруп, кризистен чыгып, прогресстин жолуна, өнүгүү жолуна түшөбү же түшпөйбү, маселе ушунда.

К.О.: - Иса мырза, мына сиз Жогорку Кеңештин депутатысыз. Феликс Куловдун талапкерлиги келгенде сиздин кандай добуш бергениңизди эгер кааласаңыз өзүңүз айтып өтөсүз. Деги эле Куловдун өкмөтү кандай иштеди, анан эмне үчүн ушунчалык каршылык чоң болду, эгерде президент Бакиев үчүнчү ирет сунуш кылса Феликс Кулов парламенттен өтөт беле?

Иса Өмүркулов: - Албетте бул парламент жалпы коомдо болуп аткан өзгөрүүлөрдүн, турмуштун күзгүсү деп айтса болот да. Ошого байланыштуу Феликс Кулов жетектеген өкмөт 2 жылга жакын иштеди. Эки жылдын ичинде бир дагы экономикалык жылыштар болгон жок, социалдык маселелерде дагы жылыштар болгон жок, пенсия-пособиялар көбөйгөн жок. Тескерисинче, электр кубатына, күйүүчү майларга, газга баа көтөрүлдү, тамак-ашка баа көтөрүлдү, инфляция өстү, мына ушунун баары тең өкмөттүн алсыздыгын көрсөттү. Өкмөттүн алдыга койгон конкреттүү программасы жоктугун көрсөттү, ошонун натыйжасында парламент Куловго эки жолу ишеним көрсөткөн жок. Эгерде президент Куловду үчүнчү ирет дагы сунуштаганда үчүнчү жолу да ал колдоого ээ болмок эмес. Себеби - бир сөз менен айтканда - Феликс Кулов жетектеген өкмөттүн болгон саясаты барып-келип аягы ХИПИКке такалды. ХИПИК - бул алсыздык, экономикада эч бир жылыштын жоктугу, коррупциянын көбөйгөндүгү, эч бир структуралык өзгөрүүлөрдүн болбогону. Анан президенттин аппаратында дагы, өкмөттүн курамында дагы мурунку бийликтеги кадрлар отурат бүгүн да,. Алардан бир жылыштарды күтүүгө мүмкүн эмес.

К.О: - Иса мырза, 29-январда жаңы премьер министрге добуш бербедиңиздерби. Азим Исабеков сиз туулуп-өскөн Аламүдүн районунан экен, коңшу айылдан экен. Азим Исабеков бул кандай кадр? Азыр Кыргызстан оор абалда турат, ушул жүктү алып кете турган кадрбы, бул кишини билесизби?

И. Ө. : - Эми жердешим катары жакшы билем. Адамгерчилик сапаты жакшы. Ошонун менен бирге чогуу иштешпегенден кийин, анын уюштургуч, ишмердүүлүгү жөнүндө айтуу кыйыныраак. Ал эми кандай иштеп кетет? Бул эми өзүнөн. Бирок мен ойлойм, азыркы кырдаалда иштеш кыйыныраак болот. Себеби, ушуга далил бүгүн эле парламентке жаңы өкмөттүн структурасынын долбоору келди. Эмнегедир бул сунушту президент жибериптир. Конституциянын 64-статьясына ылайык өкмөттүн структурасын негизи премьер-министр аныктайт. Анан ал Жогорку Кеңешке сунушталат.

К.О. - Демек, Азим Исабеков ишин баштаганда эле демилге президент тарапка өтүптүр деген ойду айткыңыз келип турат го?

И.Ө. : - Мен ушундай деп ойлоп турам. Жогорку Кеңеш бекитиш керек структураны. Конституцияда жазылып турат. Өкмөттүн курамы премьер-министрден турат. Вице-премьер министрлерден жана мамлекеттик жетекчилерден деп. Ал эми жаңы долбоорго биринчи вице-премьер деп келиптир. Бул Конституцияга карама-каршы. Эми жаңы премьерибиз кыйынырааак болот го

К.О: - Бакыт мырза, мен сизге бир суроо берейин. Сиз “24.kg” агенттигине жазган макалаңызда айткан экенсиз азыр саясий элитабыз дагы деле быша элек. Кыргызстандагы кыйынчылыктардын баардыгы ушуга байланыштуу болуп жатат деп жазыпсыз. Жаңы премьердин келишине байланыштуу жана 30-декабрда кабыл алынган жаңы Конституцияга байланыштуу кандай пикир айтат элеңиз?

Б.Б.: - Сиздин сурооңузга жооп берер алдында мен бир фактыларды мисал келтирейин. Эмне үчүн мен айтып жатам кыргыздын саясий элитасы орчундуу маселени карабай эле, майда-чүйдө маселе менен алек болуп жатат. Мына президенттин колунда күчтүү, толук бийлик болуш керек деп жатышат. Мисалы, Өзбекстанда Ислам Каримовдун колунда каалаган бийлик бар. Эмне десе ошол аткарылат. Бирок, карап көрүңүзчү - Өзбекстан 23 миллион эли менен азыркы учурда Казакстандан 5-6 эсе артта турат. Казакстан болсо Назарбаевдин жолуна түшүп туруп, азыркы учурда мамлекеттин ички дүң продуктысы 56 миллиард доллар, экспорту 30 миллиард доллар, анан ар бир жаранынын бир жылдагы кирешеси 2 миң доллардан ашык болуп жатат.

Эми бизди карайлы ошол эле учурда. Мисалы, Кыргызстандын азыркы ички дүң продуктысы 2 миллиард доллар болуп жатат. Тышкы карызыбыз ошого барабар. Анан ар бир жарандын бир жылдагы кирешеси араң 450-480 доллардын тегерегинде.

Жаңы бийлик 2005-жылы убада берген жыл сайын экономикалык өсүш 8% болот, деп. Ошондо биздин ар бир жаранга 600 доллардай киреше тиймек. Бирок, былтыр өсүш - 0,6% болду, быйыл болсо 2,7% болуп жатат. А бирок убада кылынган 8% аткарылган жок. Эми айтыңызчы 16-жылдын ичинде мына экинчи президент иштеп жатат, андан бери сансыз премьер-министрлер, сансыз өкмөт, министрлер иштеди. Бирок, ошондон бери жөнөкөй кыргыздын турмушу өйдөлөдүбү? 1980-жылдары Советтер Союзунун убагында ички дүң продук боюнча ар бир жаранга 7,5 миң доллар туура келчү. Мен ойлом, биринчиден реформачыл болуш керек. Бирок, бул жерде чоң табышмак турат. Ошондой жылыш болуш үчүн, кирешени көбөйтүш үчүн тиешелүү система керек. Ошондуктан мен Каримов жөнүндө айттым. А эмне үчүн Казакстан алдыга кетти? Анткени Казакстанда башкаруу системасы экономикалык өсүштөргө эркиндик берди, тартип орнотулду. А бизде ошол нерсе барбы?

К.О.: - 30-декабрда кабыл алынган Конституция бизге ошондой система алып келдиби?

Б.Б.: - Жок. Алып келбейт. Анткени мурдагы эле эски система кайрадан чыңдалды, бекитилди. Бул система менен алдыга жылыш мүмкүн эмес. Бир жыл өтпөй эле биз ушул эле жыйынтыкка келебиз. Ошол сиз айткан макалада мен варианттарды көрсөткөм. Эгерде биз башкаруу системасын ошол экономикалык эркиндиктерди, анан мыйзамды сыйлоого бурбасак бизде өнүгүү болбойт.

К.О: - Бакыт мырза. Азыркы өкмөт башчысынын фигурасына дагы көп көңүл буруп жатышат. Анткени ал жерде отурган кишиге да көп нерсе байланыштуу. Жаңы премьер-министр сиздин купулуңузга толуп жатабы же толгон жокпу?

Б.Б.: - Мисалы, сиз жоргону кичинекей аянтка коюп койсонүз, ал өзүнүн талантын көрсөтө алабы? Көрсөтө албайт. Ал түшүнүктүү да. Жорго болсо өзүнүн күлүктүгүн көрсөтүш үчүн ага кенен талаа керек.

К.О.: - А Феликс Кулов жорго беле же чобур ат беле?

Б. Б.: - Билесизби, ал киши бийликтен кетти. Кеткен кишинин артынан бир нерсе деп айтуудан мен алысмын. Бирок, саясий анализ катары бир нерсе айткым келет. Саясатчы кабыл алган чечимдерине жараша бааланат. Мен бир нерсеге азыркыга чейин таңкалам - Кулов өзүн-өзү отставкага кетирген премьер-министр болуп калды.

К.О: - Иса мырза, сиз кандай баалайсыз Феликс Куловдун кызматтан кетишин. Эгер тандемдин шартына келсек ошол тандем бар болсо, Феликс Кулов бүгүн президент Курманбек Бакиевге айтса - “мен кеткен учурда сен дагы кетишиң керек эле, ошол сөзүңө тур” десе, ошондон кийин эл же оппозиция Куловдун артынан ээрчиши мүмкүнбү?

И.Ө. : - Эми тандемдин түзүлүшү жөнүндө президенттик шайлоодон бери айтылып келе жатат. Айрымдар тандемдин түзүлгөнү стабилдүүлүк алып келди дешти. Же болбосо тескерисинче, бул Конституциялык норма эмес, бул мыйзамга жатпайт, бул эки азаматтын ортосундагы келишим, булардын тандем түзүшү мыйзамдуу эмес, дешти. Бирок, бүгүн баарыбыз көрүп турабыз – кеп бул тандемдин туура же туура эмес экенинде эмес. А кеп ушул тандемдин Кыргызстанды кандай абалга алып келгенинде. Саясат жагынан дагы алалы. Жазындагы, күзүндөгү митингдер канча оор кырдаалга алып келди. Экинчи жагы - мен жогоруда айткандай экономикалык жылыштары болгон жок. Мындайча айтканда, тандем өзүнүн ресурсун бүтүрдү.

К.О: - Феликс Куловдун кызматтан кетишине сиздер кандай баа бердиңиздер? Же башка жол калбай калды беле?

И.Ө. : - Эми ал кишиге ар кандай баалар берилип жатат. Бирөөлөр айтып жатат - бекер кетти, деп. Кеткенге жараша президентти дагы талап кылып кызматтан кетириш керек болчу деп. Бири болсо - туура кылды дейт. Эми мен ойлойм - бул жерде бир тараптуу жооп айтыш өтө оор. Бүгүн эми кырдаал ушундай болуп турат. Мен ойлойм жалпы эле чекилик Феликс Куловдун өзүнөн кетип калды. Биринчиден, отставкага кетиши. Экинчиден, парламентти таркатуу аракети. Бул өзү эле эки бийликтин ортосунда болбогон жерден карама-каршылыкты жаратты.

К.О: - Иса мырза, оппозициянын өзүнө дагы бүгүнкү күндө сын-пикирлер айтылып жатат. Деги оппозиция бизде барбы же жокпу? Оппозициянын курамын өзүнүн жеке кызыкчылыктарын, болгондо дагы убактылуу кызыкчылыктарын коргогон адамдар толуктап келатат деген пикирлер бар. Кийинки кезде үнүңүздөр угулбай калды. Эмне болуп жатат оппозицияда?

И.Ө. : - Оппозициянын катарында азыр көрүнүктүү саясий лидерлер бар. Жөнөкөй адамдар да бар. Алардын ар кандай көз карашы болот. Оппозиция өкмөт башчысы же башка жактан демилге көтөрүлсө алардын баарын эле каралап, жокко чыгарып турат дегенден алыс болуш керек. Эгерде оппозициянын лидерлери көтөргөн маселелерде орчундуу ой, алдыга жылууга түрткү болсо ага макул болуш керек да. Ошондуктан бүгүн жаңы өкмөттү чоң колдоо менен шайладык да.

К.О: - Бакыт мырза, сиз бийликтин кемчиликтери тууралуу айтып өттүңүз. Ал эми оппозицияга кандай баа бересиз. Бүгүн оппозиция кандай абалда?

Б. Б.: - Азыркы учурда оппозицияга эмне керек? Биринчиден, өткөн-кеткендерден тиешелүү сабак алып, жыйынтык чыгарыш керек. Эмне үчүн дегенде 24-марттан кийин оппозициядагы адамдар өтө ыңгайсыз абалда калды. Экинчиден, оппозицияга тиешелүү идеология керек. Идеология дегени - ошол эл ээрчий турган, эл ошого ынана турган бир идеологиялык багыт керек. Андан тышкары оппозициянын ичинде майда-чүйдө бөлүнүү болбош керек. Келечекти караш керек. Кемчиликсиз адам болбойт. Ар кандай агымдар бар. Анан сиз айтып жатпайсызбы - кызыкчылыгы деп. Ар бир адамга бул нормалуу нерсе. Ар бир адам өз кызыкчылыгы менен жүрөт. Болгону ал кызыкчылык элдин кызыкчылыгы менен төп келсе, ошондо ал саясатчы көтөрүлүп чыгат. Оппозиция ошол нерсе жөнүндө ойлонсо. Дагы бир нерсе - оппозицияга биримдик керек. Ар кандай көп багыттуу болбой, кандайдыр бир биримдик керек. Бул Кыргызстанга да керек. Менин бир сунуштарым бар. Эгер парламент, айрыкча оппозициядабыз деген депутаттар “Оппозиция жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алып, аны чыңдаш керек, аны бекемдеш керек.

К.О: - Соңку Конституцияда ошол оппозиция өнүгүп-өсүп кете турган ыңгайлуу шарттар барбы. Партиялык системадан тышкары?

Б. Б.: - Жалпы кыргыздардын тарыхында биз тартипке көп деле моюн сунбайбыз. Анархисттик духта жүргөн элбиз. Ошондуктан Конституция баардыгын тейлейт деген туура эмес. Ошол Конституцияны чыңдай турган системалуу мыйзамдар керек. Оппозиция жөнүндө, эркин пресса жөнүндө, мисалы, мамлекеттик телерадио компания тууралуу, журналисттер жөнүндө - иш кылып - бөлүп-бөлүп бир катар мыйзамдар кабыл алыныш керек.

К.О: - Иса мырза, жеке өзүңүзгө байланыштуу мен сизге бир суроо берейин. Күзүндө ноябрдагы митиндер өткөндөн кийин сиздин үйүңүзгө граната ыргытылды эле. Бул иштин аягы кандай болду? Күч органдары бул иштин аягына чыктыбы? Граната ыргыткандар табылдыбы? Андан бери өзүңүз деле талдап көрсөңүз керек – кимдер деп ойлойсуз? Балким сиз өзүңүз дагы бир жерден жаза кетирип, ката кетиргендирсиз?

И.Ө.: - 11-ноябрь түнү менин үйүмө гранаттар ыргытылган. Биринчиден, кудайга шүгүр, эч ким жабыр тартпай, кудай сактады. Экинчиден, ошондо эле ички иштер министрлигинин алдында издөө тобу түзүлгөн. Анан кийин Улуттук коопсуздук кызматына берилген бул иш. Кайта андан ички иштер министрлигине берилди. Ошо бойдон эч жыйынтык жок. Мен ойлойм - аны кызыгып издеген деле эч ким жок. Мен өзүм чоң бизнесте иштеген эмесмин. Темир жолдон кеткениме эки жылдан ашты. Ал жерде да аласам-бересем жок. Эрегишкен кишилер эле кылды болуш керек. Өзүм бирөөгө жамандык кылган киши эмесмин. Мен ойлойм мунун баары тең менин кийинки саясий позицияма, жыйындарга, митингдерге активдүү катышканыма жана саясай көз карашка жараша болду го.

К.О: - Менин колумда “Агым” гезити турат. 30-январда чыгыптыр. Бул жерде “Кокон хандыгындагы оюндар азыр кайталанып жатат” деген макала чыккан экен. Автору - Акыл Аалы, Ташкөмүр шаарынан. Макалада автор “кыргыздар дагы эле кокту-колотко бөлүнүү саясатынан өйдө көтөрүлө элек. Президент Бакиевдин тегерегине ичкиликтер топтолуп алып, маселенин баарын ошолор бүтүрүп жатат, азыркы саясат ушуга барып такалып жатат”, дейт. Сиз ушул макалада айтылган ойлорго кошуласызбы же кошулбайсызбы, Бакыт мырза?

Б.Б : - Кыргыздарда бөлүнүү бар түндүк-түштүк деп. Бул чындык, аны эске алыш керек. Мунун тарыхый дагы, саясий себептери дагы бар. Ошонун ичинде уруу-урууга бөлүнөт. Ал дагы белгилүү. Бул болсо нормалдуу эле көрүнүш болуп калды.

К.О: - Муну мыйзамдаштырып салыш керек деген дагы радикалдуу пикирлерди айтып жүрүшөт. Эки эле партия керек - түндүк-түштүк деген дешет?

Б.Б.: - Жок. Эмнеге бөлүнүү болуп жатат? Бул бийликтин боштугуна байланыштуу. Кыргызстанды бириктире турган эки эле фактор керек. Биринчиден, бул күчтүү лидер. Ошондуктан Манасты азыркы күнгө чейин унутпай келебиз. Манас - бул бир жагынан мурасыбыз, бирок азыркы учурда көпчүлүгү өзүнчө бир ностальгия болуп жатат. Аттиң ай, бизге ушул Манастай бир лидер керек эле, деп. Экинчиден, кыргызды бириктире турган бул - коркунуч.

К.О: - ХИПИКти коркунуч катары кабыл алса болобу?

Б.Б.: - Абдан туура айттыңыз. Ушул акыркы эки-үч айдын ичинде ХИПИК түндүктү да, түштүктү дагы - бүт кыргыздарды бириктирип жатат. Ошондуктан кыргызды бириктирген – бул коркунуч. ХИПИК - бул коркунуч. Бул болсо бизди кулчулдук абалга келтирүүнүн эң бир жакшы жолу болуп турат.

К.О: - Иса мырза, сиздин ушул эле бөлүнүү, уруучулук, ХИПИК боюнча оюңузду уксак?

И.Ө.: - Менин оюм, биринчиден, бул кадр саясаты. Эгер кадр саясаты калыс жүргүзүлсө бөлүнүүчүлүк көп күчөбөйт эле. Экинчиден, экономиканын абалы. Эгерде турмушубуз начарлагандан начарлай берсе ушундай терс көрүнүштөр курчуй берет. Бүгүн батыш өлкөлөрүндө экономика абдан өнүккөн. Мисалы, Швейцария мамлекетин алсак, анын элинин 40% президенти ким экенин билишпейт экен. Эми жумушсуздук күч алып турса, экономика начарлап, күндөн-күнгө жашоо-шарт кыйындап баратса, бөлүнбөгөндө эмне кылат эл анан. Ошон үчүн жамандык издегенге барат.

Б.Б: - Мунун экинчи жагы да бар. Азыр элдин абалы начар. Элге эмне керек.болуп калды азыр? Азыр анын кайсыл жерден экендиги эмес, иштей турган, маселени профессионаолдуу чече турган, кенен жолго баштай турган лидерлер керек болуп турат.

К.О: - Сиздерге ырахмат, эми жаңы премьер-министр, жаңы өкмөт келип жатат. Үмүтсүз шайтан деп коёт, үмүт үзбөй туралы. Саламатта калыңыздар.

XS
SM
MD
LG