Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН 60 КҮН ВИЗАСЫЗ КАТТАШАТ


Кыргызстан менен Өзбекстандын атуулдарынын 60 күн визасыз катташына жол ача турган мыйзамга бүгүн кыргыз президенти К.Бакиев кол койду. Эми бул документ толук күчүнө кириш үчүн эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери нота алмашышы керек. Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын атуулдары Өзбекстанга паспорт менен гана эмес, ID карта менен да каттай алышат. Айрым талдоочулар эки өлкө ортосунда визалык режимди киргизүүнүн кажети жоктугун айтышып, бул мыйзам эки мамлекетке тең пайда алып келет дешүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү мындай келишимге президент Курманбек Бакиевдин 2006-жылы октябрда Ташкенге жасаган ырасмий сапары учурунда кол койгон. Келишим кыргыз парламенти тарабынан декабрь айында ратификацияланган.

Президенттин басма-сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, эми эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери нота алмашкандан кийин 30 күндөн соң келишим күчүнө кирет: .

“Келишимдин негизинде, эки өлкөнүн жарандарынын бири- бири менен катташуусу 60 күндүн ичинде визасыз болот. Бул келишимдин күчүнө кириши менен эки өлкөнүн ортосунда кызматташтык мындан ары да тереңдейт деген ишенич бар”,- деди Досалы Эсаналиев.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда атуулдарды паспорт менен камсыз кылуу маселеси курч тургандыгына байланыштуу, келишимде кыргыз жарандары θзбекстанга чет өлкөгө чыгуучу баракчасы жок эле 1994-жылдагы үлгүдөгү паспорт менен, же болбосо ID карта менен да кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми балдар болсо туулгандыгы жөнүндө күбөлүк менен каттоого укуктуу.

Учурда эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда катташуулар 2000- жылы кабыл алынган келишимдин негизинде жүрүүдө. Ага ылайык, визалык режим күчүндө. Визалык режим киргизилгенден бери мыйзамсыз миграция, чекарадагы чатак көбөйгөн. Ошонун негизинде эки мамлекет ортосунда соода катнашы начарлап, карапайым элдин турмушу оорлоп келатат. Бул албетте эки мамлекеттин тең жарандарынын нааразылыгын туудурган.

Диний террорчулардын жана экстремисттердин өлкө аймагына киришине бөгөт коюу максатында киргизилген визалык режим, айрым байкоочулардын пикиринде, өзүн актаган жок.

«Дин, коопсуздук жана саясат» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири боюнча, эки мамлекеттин ортосуна 2000-жылы киргизилген визалык режимден бир да мамлекет пайда тапкан жок, болгону карапайым эл убара тартты:

“Мына жети жыл аралыгында чек арадан бир террорчу же экстремист кармалды деп укканыбыз жок. Бул жерде эл эле убара болду. Карасуудагы Шахрихан сайында канчалаган өзбектсандык жарандар чөгүп, канчасы жаракат алды. Бул визалык режим, θзбекстандын зым менен тоскону террорчулукка, экстремизмге тоскоолдук боло албайт”.

Орозбек Модалиевдин айтымында, чек арадан мыйзамсыз өтүүнү каалаган адамдар визалык режимге карабай эле өтө беришет. Ошондуктан эки өлкөнүн жарандарынын визасыз эле катташуусунун мамлекет үчүн дагы көп жакшы жактары бар:

“Мисалы, θзбекстандын жарандары Ошко келиши үчүн Ташкенге барып виза алышы керек. Биздин жарандар болсо θзбекстанга катташы үчүн башка региондон Бишкекке келиши керек. Виза алуу маселесинде биздин көп эле жарандарыбыз элчиликке барсак, виза берүүнү создуктуруп жатат деп арызданып жүрдү. Ошондуктан визасыз болгону абдан эле туура”,- деди Орозбек Молдалиев.

XS
SM
MD
LG