Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ПУТИНДИН МУРАСКОРУ БОЛБОЙТ


Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн жергиликтүү жана чет-элдик журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жети жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан орус президенти, ошентип, алтынчы жолу журналисттер менен жолугушту.

Владимир Путин, эң оболу, азыр Орусия экономикалык стабилдүүлүктөн эми өнүгүүгө бет алган мамлекетке айланып баратканын белгиледи. Ал айткан негизги маселелердин бири – азыр орус бийликтери алдыда боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго тиешелүү окуялар учурунда да өлкөнүн экономикасындагы өнүгүүнү сактап калуулары зарыл. Андан сырткары, орусиялыктар арасында байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымды да жоюш керек деп билдирди президент.

Путиндин айтымында, 2006-жылы Орусиянын Ички дүң продукциясы 7% жакын өскөн. «Бул 2005-жылга салыштырмалуу жогору көрсөткүч», - деп айтты Путин. Башкы милдет катары дагы эле Ички дүң продукцияны 10 жылдын ичинде эки эсе жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Орус президентинин салтка айланып калган маалымат жыйыны бул жолу анын экинчи жолку президенттик мөөнөтүнүн аякташына бир жылдай мезгил калган убакта өтүп жатат. Балким, бул маалымат жыйыны акыркысы болушу да мүмкүн. Ошондуктанбы, айтор, журналисттер Путинге өлкөнү андан кийин ким башкарышы мүмкүн экени тууралуу суроону да беришти.

- Эч кандай мураскерлер болбойт. Жөн гана Орусиянын президенттигине талапкерлер болот. Өлкөнүн атуулдары өздөрү каалаган адамды тандап алышы үчүн, бийлик ал талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн демократиялык жол менен чагылдырууну камсыз кылышы зарыл, - деди В.Путин.

Ал эми келерки президентти тандоодо Путин өзү кайсыл талапкерге «көңүлү түз экенин» шайлоо өнөктүгү башталганда гана айта турганын билдирди. Бирок ал тигил же бул талапкерге ачык колдоо көрсөтпөй тургандыгын айтты, анткени «өлкөнүн жогорку деңгээлдеги кызматтарга тандала турган адамдарды эл өзү шайлашы керек», - деди Путин.

Орус президентинин бул жолку маалымат жыйыны жакында эле Беларус менен жаратылыш газынын айынан чыккан чатактан кийин өтүп жатат. Ал чатактан бир топ европалык мамлекеттер жапа тартышкан эле. Орусия менен коңшулаш мамлекеттер ортосунда газ боюнча чыккан конфликт тууралуу сүйлөп жатып, Путин:

- «Орусия дайыма өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарып келген жана аткара бермекчи, бирок биз башка мамлекеттерге чоң өлчөмдө бекер колдоону көрcөтүүгө милдеттүү эмеспиз,, - деп айтты орус президенти.

Өлкөдөгү улутчулдук проблемасы тууралуу Путин орус жериндеги улутчулдуктун күчөшүнө базарларда чет-өлкөлүктөр менен жергиликтүү калктын кызыкчылыктары жакшы жолго коюлбаганы себеп болуп жатат деп эсептей турганын айтты.

Президенттин айтымында, СССР курагандан кийин ушул убакка чейин баары бир КМШ мамлекеттеринин ортосунда чек-ара дээрлик ачык болгондуктан көп учурда орусиялыктардын кызыкчылыгы корголбой келген. «Бирок ксенофобияны жок кылыш керек», - деди президент.

КМШ мамлекеттери менен кызматташуу тууралуу сөзүндө Владимир Путин, өзгөчө, Украина, Армения жана Казакстан менен болгон жылуу мамилелерге басым жасады.

Жалпысынан маалымат жыйынында өлкөнүн ички жана тышкы саясатынан тарта, экономикадагы, социалдык турмуштагы жана аскерий жааттагы көптөгөн маселелер козголду. Путин өзүнүн президенттик мезгили учурундагы эң башкы жетишкендиктеринин катарына мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыздаганын, саясий системаны түптөп, экономиканы бутуна тургузганын эсептээрин билдирди.

Владимир Путин алтынчы жолу маалымат жыйынын өткөрүп жатат жана жыл өткөн сайын анын бул салттуу жыйынынын убактысы да узарып, берилген суроолордун тизмеси да кеңейе баштады. Быйыл Путин журналисттер менен үч жарым сааттан ашуун баарлашты. Өткөн жылкы маалымат жыйынына 933 журналист келген болсо, бүгүнкү пресс-конференцияга катышуу үчүн 1200 ашуун журналист каттоодон өткөн.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG