Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

КЫРГЫЗСТАНДА КЫШ, БИРОК КҮН ЖЫЛУУ


Алина Кангелдиева, Бишкек Быйыл Кыргызстанда кыш мезгили жылдагыга караганда жылуу болуп атат. 26-январдан тартып аба ырайы кескин жылып, абанын күндүзгү температурасы +5...+10 градустан +14...+19 градуска чейин көтөрүлдү. Аба ырайынын мындай кескин өзгөрүшүн адистер эмне себепке байланыштырууда.

Январь, февраль кыш мезгилинин эң суук айларынын бири болуп эсептелет. Учурда Кыргызстанда кыш мезгили өкүм сүрүп, кулак-мурун тоңуп, киши калчылдап үшүп туруш керек эле. Бирок, быйылкы кыш жылдагыга салыштырмалуу жылуу.

Айрыкча, Чүй өрөөнүндө катуу суук жок. Республика боюнча 26-январдан тартып аба ырайы кескин өзгөрө баштаган. Ушул тапта өлкөдө абанын орточо температурасы +1...+6 градустан +16...+18 градуска чейин жылуу болуп турган убак. Бишкек шаардык метеорология борборунун инженер адиси Уулкан Сүйөркулованын айтымында, республикага жылуу абанын толкуну бул кошуна Афганистан жана Иран мамлекеттери тарабынан келүүдө.

- Биздин республикага бул жылуу аба Афганистан жана Иран өлкөлөрүнөн келип жатат. Бул жылуулуктун келиши менен республикада абанын тепературасы +11...+19 градуска чейин көтөрүлдү. Биз жүз жылдан берки маалыматтарды чогултабыз. Ушул жылдын 26-январында күндүн жылуулугу +16 градусту түздү. Ал эми 29-31 январь күндөрү абсолюттук максимумдарын жаптык. Анын эң жогорку көрсөткүчү 30-январда болду. Бул бир топ жылдан бери чогулган 19, 2 градусту түздү. Мындай көрүнүштөр январдын биринчи декадасында да болуп өткөн. Бирок бул анча деле коркунуч туудурбайт,- дейт Уулкан Сүйөркулова.

Ал эми мөңгүлөрдү сактоо боюнча Годфрид Мерзбахер атындагы коомдук экологиялык “Мөңгү” фондунун президенти Үрүстөм Кабылбеков аба ырайынын минтип кескин ысышын экологиянын бузулушуна жана жер шаарынын аба катмарларынын уулуу заттар менен булганып атышы менен байланыштырат.

- Глобалдык чен-өлчөмдө аба жылып, жаратылышта ар кандай өзгөрүүлөр болуп жатпайбы. Суу каптоолор жүрүп жатат. Мынакей Орусияда кыш жок. Жай болуп жер гүлдөй баштады. Мунун баары тең жаратылыштын өзүнүн кандайдыр бир кубулушу. Албетте, буга кошумча дагы экологиянын бузулушунун чоң таасири бар. Мында аба ырайы мөңгүлөргө да зыянын тийгизип жатат. Мунун баары тең жаратылышта 100-200 жылда болуп турган кубулуштар,- дейт Үрүстөм Кабылбеков.

Кыргызстандын синоптиктеринин байкоолорунда 2002-жылдын январь айында так эле ушундай аба ырайы катталган. Анда дагы абанын температурасы +19 градуска жылуу болгон. Үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү дагы 19 градус жылуу болду.

XS
SM
MD
LG