Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

КЫТАЙДАН КЕЛГЕН КУМАРЧЫЛАР - ЭШИГИ АЧЫК КЫРГЫЗСТАН


Бишкектеги «Эльдорадо» кумарканасы - казиносунда Кытайдын коомдук коопсуздук кызматы издөө жарыялаган адамдары иштеп жүрүшкөнү жакында эле элге жарыя болду. Кытай бийлигинин өтүнүчү боюнча шектүү жарандар өлкөсүнө кайтарылып берилди. Ушул окуяга тушташ өткөн жылдын аягында кыргыз өкмөтү чет элдик жарандардын Кыргызстанда иштөө тартибин жөнгө салуу боюнча атайын токтом кабыл алган

«Эльдорадо» кумарканасындагы окуя ансыз да жумушсуздуктун кыйынчылыгын тартып келаткан кыргызстандыктар үчүн күтүүсүз жаңылык катары деле кабылданган жок. Өңгөсү - өңгө, бирок да кытайлык соодагерлердин айынан иши жүрүшпөй, нааразылык күчөп жатканын Ош менен Бишкектин чоң базарларында соода кылгандар айтып келатышканына деле кыйла болду. Ал эми чуулгандуу кумар оюн ойнолгон жайга кытайлык алты жарандын кантип ишке орношуп калышынын чоо-жайын парламент депутаты Роман Шин момундайча чечмелейт.

- Бизде иштеген кытайлык менеджерлер өздөрүнүн досторун, тааныштарын бизге турист катары чакырышкан. Алар турист катары келип алышып Бишкектеги кумарканаларда ойноп жүрүшкөн. Анан алардын ортосунда жаңжал чыгып, бири-экинчисине чагымчылык кылып, ал акыры жүрүп кытай өкмөтүнө чейин белгилүү болгон,- дейт Роман Шин.

Ошентип ортодон чыккан талаш кумарканада иштеген 6 кытайлык жаранга «кытайлыктарды кумар оюнун ойноого азгырган» деген кине коюлушу, өткөн жылдын 12-декабрында аларды жерине өткөрүп берүү менен жыйынтыкталды.

Парламенттин айрым депутаттары бул окуяны палата талкуусуна алып чыгып, чет элдик жарандардын Кыргызстанда иштөөсүн жөндөө зарылдыгын көтөрүп жатканын Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Рашид Тагаев маалым кылды.

- Муну комитетте карап, анан парламентке чыгарышын мен туура эмес деп эсептейм. Булар ошондой кылабыз деп жатышат. Бирок биртоп депутаттар буга каршы.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин ырасташынча, Кыргызстандын чек арасын коргоо, экономикалык кызыкчылыгын көздөгөн бажы кызматтарынын катарында турган миграция комитетине кошуп четтен келгендерди текшерүү, чоо-жайын тактоо кызматы болуш керек эле.

- «Качкын» деген китепчени көтөрүп алып апийим саткандарды кармашпадыбы. Баарын билебиз, баарын кыйратабыз деп төш какканыбыз – аксаганыбыз болууда. Анан минтип оркоюп чыгып калганда бирөө да жооп бербей жатпайбы.

Кыргызстанда деле андай иштер жүргүзүлүп жатканын Ички иштер министрлигинин пресс-кызматынын өкүлү Айзада Макеева маалымдады.

- Ал иликтенет, азыр эми ар кандай айла таап жатышпайбы. Алар көпчүлүк учурда өздөрүнүн документтерин алмаштырып өтүшөт.

«Эльдорадо» казиносундагы окуя кумар оюн жайларын чектөө маселесин да алдыга жайды. Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун кумар оюн жайлары Бишкекте опсуз көбөйүп кетти деген пикирде.

- Бүт кыргыздын байларынын акчасын тоноп алып жатышат. Себеби казинодо уткан адам жок экен. Баары эле утулат экен.

Өткөн жылдын аягында кыргыз өкмөтү чет элдиктердин Кыргызстанда иштөө тартибин жөнгө салуу боюнча атайын токтом кабыл алган. Бирок да аны кантип ишке киргизүүнүн так жол-жобосу көрсөтүлбөгөндүктөн, 1-апрелден тарта чын эле базарларда чет элдик соодагерлердин саны азаябы-жокпу суроосу азырынча бүдөмүк.

XS
SM
MD
LG