Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:58

АКШ МЕНЕН ИРАН ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ ЧЫҢАЛЫП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Көптөгөн байкоочулардын пикиринде, акыркы күндөрдө Иран айланасындагы абал курчуп баратат, айрым эксперттер - Вашингтон Иранга каршы аскерий сокку урушу мүмкүн деген пикир да билдирүүдө. Эки тарап азырыча сөз согушун жүргүзүүдө.

Ирандын өзөктүк программалары менен байланышкан маселе өзүнчө, бирок акыркы апталарда Вашингтон Тегеранды - кошуна Ирактагы абал менен байланыштуу улам катуу сынга ала баштады жана Ирак саясатындагы жаңы стратегияны жарыялаганда, президент Жорж Буш Иран менен Сирияны сынга алып, алар Ирактын ички иштерине кийлигишип, диний аралык кагылышууларды өз аракеттери менен ырбатып жатат деп билдирген.

11-январда Ирактын түндүгүндөгү Эрбил деген шаарда Ирандын төрт жаранын америкалык аскерлер кармап кеткен. Тегеран аларды дипломаттар болчу деп өз каршылыгын билдирген, бирок АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бөрнс 31-январда билдиргенге караганда, кармалгандар "Исламдык революциянын сакчылары" деп аталган Иран уюмунун өкүлдөрү экени аныкталды. Бөрнстүн айтымында, алар жарылуучу заттардан атайын бомба жасап, шийи жоокерлерине берип турган жана жоокерлер ал бомбаларды америкалык аскерлерге каршы колдонгон.

Ошол эле күнү Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Шон Маккормак Тегеранга эскертүү да жасады: "Ирактагы америкалык аскерлерге каршы аракеттенген андай уюмдарга карата биз сөзсүз тийиштүү чара көрөбүз, анткени алар америкалык аскерлердин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч түзүүдө. Биздин күчтөрдү коргоо үчүн кандай чаралар талаптуу болсо, ошондой аракеттердү биз көрөбүз", - деди Маккормак.

Ошондой эле сөздөрдү 26-январда президент Буш өзү дагы айткан: "Биздин саясатыбыз - Ирактагы биздин аскерлерди коргоого багытталган. Эгер кимдир бирөө биздин күчтөргө зыян тийгизем десе, же аскерлер көздөгөн максатка аларды жеткирбөөгө аракеттенсе, же бейкүнөө адамдардын ажалына калса, биз аларды токтотобуз. Биздин милдетибиз - өз адамдарыбызды коргоо жана алдыга коюлган максатка жетүү", - деген президент.

Иран тарап дагы катуу сөздөрдү айтууда. "Исламдык революциянын сакчылары" деген аскерлердин башчысы Рахим Сафави ошол эле 31-январда атайын билдирүү жасап, Иранды коркуткан жана ага каршы көрүлгөн аракеттерге тийиштүү жооп жасалат деп жарыялады. Анын айтымында, кандай болбосун аракетке Тегеран талаптуу жооп берүүгө жөндөмдүү.

Ирактагы ирандыктар даярдаган жарылуучу заттар өтө коркунучтуу деген маалыматтар бар. Ирандыктардын өздөрүнүн атайын технологиясы бар жана алардын бомбалары айрым учурларда танкилердин чопкутун дагы жарып өтөт деп айтылууда. Айрым маалыматтарга караганда, андай бомбалар - орусиялык "Катюша" ракеталарынын дүрмөтүнөн жасалат. Ошондой эле бомбаларды былтыр жайында болгон согушта Израил аскерине каршы "Хизбалла" уюму дагы колдонгон жана алар дагы Ирандан келген деп айтылууда. Иракта курман болгон же жараат алган америкалык аскерлердин жарымы ошондой бомбалардан жапа чегүүдө.

XS
SM
MD
LG