- Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы 60 күнгө чейинки мөөнөткө виза режимин жоюуну караган келишим күчүнө кириш үчүн Кыргызстан өзүнүн ички процедураларын аяктап калды. Бул процедураны Өзбекстан дагы жасап койду беле?
- Өзбекстан тарап аяктаган. Президент Ислам Каримов мурда кол койгондон кийин бизге Тышкы иштер министрлигинен нота келген. Ал тараптан процедуралар аяктаган.
- Кыргыз тышкы иштер министрлиги нотаны качан жолдоп жатат?
- Президентибиз кол койду. Мүмкүн болсо жакын арада жөнөтөбүз.
- Бул келишим ошол убактан кийин 30 күндүн ичинде күчүнө кириш керекпи?
- 30 күн деген кайдан чыкты мен билбейт экенмин. Бирок, келишимдин өзүнүн текстине жазылган тараптар нота алмашып бүтөөрү менен расмий түрдө күчүнө кирет деген.
- Демек, аз күн калды деп айтсак болот экен да. Ал эми Өзбекстандын аймагында 60 күндөн ашык жүргүсү келген жарандар мурдагыдай эле иш багытына жараша виза алууга туура келет да?.
- Мурдагыдай эле виза алууга туура келет. Алты айга чейин 10 доллар. Ал эми бир жылдан кийинкиси 20 доллар. Бир жылдан кийин жаңылайбыз десе ошол эле нарк менен кайра жаңыланат. Ал эми дипломаттар алардын үй бүлөөлөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын атынан келгендер аккредитация алыш керек. Ошондой болгон учурда гана аларга виза алыштын кажети жок болот.
- Транзит аркылуу виза албаган өлкө бул Түркия эле. Эми бул жеңилдик жоюлганы жатат. Жакында виза киргизилеби Түркия мамлекети менен?
- Мындай маселелер дагы каралып жатат. Тиешелүү токтомду тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңешке сунуштады. Анткени, өткөн жолугушуу расмий визит менен Кыргызстандын президенти Анкарага барганда да бул маселе каралган. Бир жагынан бул учурдагы зарылдык болуп жатат. Экинчиден, Түркиянын Евробиримдикке кошулуу саясаты келип, ушундай фактылар шарттарды алып келди болуш керек.
- Бул маселени Түркия тарап көтөргөнбү же Кыргызстан деле макул көрдүбү?
-Эки тарап тең сүйлөшүп ушундай чечимге келди. Ар бир чечимдин өзүнүн оң жана терс жактары болот эмеспи. Бирок, ушундай чечимге келгенден кийин, демек, позитивдүү жактары болсо керек.
- Рахмат, маегиңизге