Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

2100-ЖЫЛЫ АЛАТООДО АФРИКАНЫН КЛИМАТЫ ОРНОЙТ, БАНАН ӨСӨ БАШТАЙТ


Акыркы 100 жылдыкта климаттын глобалдык түрдө ысышынын натыйжасында кар менен муздун жалпы көлөмү 10-15 пайызга азайып, кыштын орточо узактыгы эки жумага кыскарып, суу ташкындары көбөйдү. Климаттын ысышы Борбор Азиядагы суу ресурстарынын орчундуу бөлүгү жайгашкан Кыргызстандагы жаратылышка, тоо дарыяларына жана мөңгүлөргө да сезилерлик таасир этүүдө. Изилдөөчүлөрдүн божомолу боюнча 2100-жылы Кыргызстанда субтропикалык климат орноп, Бишкекте цитрус өсүмдүктөрү алма-алчадай эле өсүп калышы мүмкүн. Ал эми кыш өтө жумшак болуп, кар дээрлик түшпөй калышы да ыктымал. Жай болсо айрыкча ысык жана узак келип, эки жолу түшүм алса болот.

Жер шаарындагы климаттын глобалдык түрдө өзгөрүшү дүйнөлүк коомчулукту кабатыр ойго салууда. Рио-де-Жанейро, Йоханнесбург, Киотодо болуп өткөн эл аралык жыйындарда, илимий талкууларда климаттагы өзгөрүүлөр жана анын айлана-чөйрөгө, адамзаттын жашоосуна тийгизип жаткан таасирлери азыркы учурдагы эң ургалдуу маселе катарында каралып, кызуу талаш-тартыштарды туудурууда.

- Акыркы 100 жылдыкта биздин өлкөдө абанын орточо температурасы 1.6 градуска көтөрүлгөн,- деп белгилейт Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча программасынын адиси Зухра Абайханова. - Бул болсо орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору болуп эсептелет, биздин аймактагы температуранын мындай жогорулашы океан, дениз бассейиндеринен алыс жайгашкандык менен түшүндүрүлөт. Акыркы 20 жылда Чүй өрөөнүндөгү орточо жылдык температура 1,2 градуска жогорулап, өткөн жыл акыркы 80 жыл ичиндеги эң ысык жыл болду.

Зухра Абайханованын айтымында, абанын температурасынын ысышы жаан-чачындын көбөйүшүнө алып келген факторлордун бири болуп саналат. Ошол себептүү бул 100 жылдыкта жаан-чачындын саны алты пайызга көбөйдү. Акыркы 30 жылда жаандын, кардын жаашы салыштырмалуу көп болууда. Климат изилдөөчүлөрдүн божомолдоолору боюнча, 2100-жылы Кыргызстанда субтропикалык климат орноп, маселен Бишкекте цитрус өсүмдүктөрү алма-алчадай эле өсүп калышы мүмкүн. Ал эми кыш өтө жумшак болуп кар дээрлик түшпөй калышы да ыктымал. Жай болсо айрыкча ысык жана узак болуп, эки жолу тушүм алууга мүмкүндүк бериши күтүлөт.

Адистердин пикирине караганда, климаттагы мындай өзгөрүүлөр кандайдыр бир табигый кырсыктар менен коштолоору шексиз. Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Суу маселесин изилдөө институтунун мүдүрү Дүйшөн Маматкановдун баамында, жаратылыштагы кескин өзгөрүүлөр адамзаттын жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Айрыкча, мөңгүлөрдүн эриши, суу ташкындарынын көбөйүшү илимий коомчулукту өзгөчө түйшөлткөн маселе болуп эсептелет.

- Биздин иликтөө боюнча климаттын өзгөрүшү 1972-жылдан бери жылып баштады. Анын натыйжасында мурункуга караганда мөңгүлөрдүн эриши тездеди, суунун көлөмү көбөйүп, мурункуга салыштырмалуу жайкысын салкын, кышкысын жылуу болуп баратат. Ошого байланыштуу Өзбекстан, Казахстан сыяктуу өлкөлөргө кеткен Нарын, Кара Дарыянын суулары болжол менен 15% көбөйүп калды. Мөңгүлөрдүн көпчүлүгү да эрип жатат, өзгөчө Кыргызстандын күңгөй Ала Тоосундагы мөңгүлөр акыркы жыйырма жылда болжол менен 30% эрип жок болду. Келечекте бул жоготуу 60-70% чейин барат. Ошон үчүн азыртадан бул жаатта ойлонуп кам көрүшүбүз керек. Суунун көбөйгөнүнөн, экономикалык себептерге байланыштуу эл сууну азыраак пайдалангандыктан, жайкысын салкыныраак болгондуктан, суунун бууланышы азайып, кирген суулар көбөйүп, Ысыккөлдүн деңгээли мурункуга салыштырганда 76 см. көтөрүлдү. Ал эми маселен Нарын сыяктуу суулар 15-20 жылдан кийин азайып баштайт, -дейт Дүйшөн Маматканов.

Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшү Борбор Азиянын суу ресурстарына эмне таасир тийгизип жатат, бул келечекте кандай өзгөрүүлөргө алып келет? Бул суроого Москва мамлекеттик университетнини профессору, мөңгүлөрдү изилдөөчү Ким Лосев жооп берет:

- Менде болгон маалыматтарга таянсак, албетте Памирдеги, Тьян-Шандагы мөңгүлөр эрип, суунун көлөмү көбөйүүдө. Ошол эле учурда кардын азайганы байкалат. Жалпысынын алганда Борбор Азияда суу ресурстарынын абалын канагаттандырарлык деп баалоого болот. Климаттын өзгөрүүсүн, анын мөңгүлөргө, дарыялар менен көлдөргө тийгизген таасирин так божомолдоо эң татаал нерсе. Дүйнөлүк климаттын жылышынын табияты алигиче бизге толук белгисиз – бул кандай кубулуш, анын качан башталганы жана канчага созулаары илимде так эмес.

Профессор Лосевдин пикиринде, климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз кылганда анын суу ресурстарына тйигизген таасирин эле эмес, сууну таза сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу жагын да кылдат ойлонуу керек. Корутундулап айтканда, Кыргызстандагы суу бул жеке гана бир өлкөнүн байлыгы эмес, жалпы Борбор Азиянын жашоосунун булагы экендиги жакшы маалым.

Гүлайым Ашакеева, Бишкек
XS
SM
MD
LG