Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

ӨКМӨТ ТҮЗҮМҮ БОЮНЧА ДОЛБООРГО ДООМАТ КӨП


Өкмөттүн түзүмүнө байланыштуу макулдашуу комиссиясын түзүү демилгеси бүгүн парламентте колдоо таппай калды. Каршы болгон депутаттардын айрымдары бул демилгени өкмөттүн милдеттерин кошо талашуу катары баалашты. Президент 30-январда парламентке сунуштаган өкмөт түзүмү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун тагдыры бир ыктай чечиле элек. Президент долбоорду кайра кайтарып алуу маселесин көтөрө элек. Өкмөт башчы долбоорду кайтарып ала тургандыгын кечээ парламентте билдирген болчу. Депутаттар ага мындай укук берилбегендигин бүгүнкү талкууда айтып чыгышты.

Макулдашуу комиссиясын алгачкылардан болуп кечээ комитеттин премьер-министр Азим Исабековдун катышуусунда өткөн кеңейтилген жыйынында депутат Осмонжан Артыкбаев көтөргөн болчу. Ушул эле демилгени бүгүн Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Искак Масалиев көтөрүп чыкты. Анын айтымында, акыркы эки күндө эле депутаттар өкмөт түзүмү боюнча бири-бирин толуктаган, бири-бирине каршы келген элүү чамалаш сунуштарды беришти. Аларды макулдашуу комиссиясынан башка эч бир тарап иретке келтире албайт. Президенттин парламенттеги өкүлү Алымбай Султанов да кысталышка түшкөн долбоордун ишин илгерилетүүгө макулдашуу комиссиясы кол кабыш кыларына ишенимин айтты:

- Макулдашуу комиссиясына премьер-министр макулдугун берген. А киши президент менен да сүйлөштүм деп айтты. Бу маселеге президент да каршы эмес экенин айтыптыр. Ошондон улам мобу макулдашуу комиссияңар кичине болсо да сүрөт чыгарып берсе сиздерге, андан кийин барып анан, залдын ичинде кандай талкуулайсыздар, балким бирөөңүздөргө жагат, бирөөңүздөргө жакпайт, иш ары көздөй жылып кетет беле деген ойду айткым келет.

Бирок бул демилгени парламенттин бүгүнкү отурумунда болгону отуз алты депутат колдоду. Анын себебин Искак Масалиев минтип чечмеледи:

- Бир топ депутаттар добуш беришкен жок. Эмне себептен десек, үлгүрбөй калдык дешет. Эми балким сессияны алып баруучу шашып кеттиби, же мен түшүндүрө албай калдымбы, билбейм. Бирок, процедурада эң дипломатиялык, мыйзамдуу туура жол ушул макулдашуу комиссиясы болот эле. Анын үстүнө кечээ премьер-министр менен макулдашканбыз. Ал киши макул болгон: мейли, он беш киши болобу, тогуз киши болобу, эки тараптан отуруп негизги маселелерди тактап, добуш берүүгө чогуу иштеп чыккан вариантты чыгаралы деген.

Бирок жарыш сөзгө чыккан депутаттардын кыйласы макулдашуу комиссиясын түзүү аракетинин жасалып жатышын өкмөттүн ишине кийлигишүү катары сыпатташты. Мындай пикирин билдирген депутаттардын бири Иса Өмүркулов адегенде өкмөт өзү бир жыйнактуу долбоорун сунуш кылышы керек дейт:

- Конституцияда структураны өкмөт киргизет деп жазылып турат. Премьер министр аныктайт, өкмөт киргизет деп турат. Расмий алып келишсин да. Талкуулайлы. Анан комиссия киреби, каалаган депутаттар киреби, сунушубузду берели да, ар бир пункт боюнча добушка коелу да.

Депутат Авасбек Момункуловдун көз карашында макулдашуу комиссиясын түзүү президент жана премьер-министр менен парламенттин соодалашуусу катары кабылданышы мүмкүн. Депутаттардын кыйласы өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү мыйзам долбоорго ар тараптуу каршылыктарын өкмөт түзүмү тигил же бул инсанга ылайыкталып калган деп да негиздешүүдө.

Ошентип, парламент президент 30-январда сунуштаган долбоорго канагаттанган жери жок, президент болсо аны кайра кайтарып алуу маселесин көтөрө элек. Айрым депутаттар акыркы эки күндөгү курч сын-пикирлердин негизинде өкмөт дүйшөмбү күнү парламентке өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуш кыларын болжоп жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG