Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

ОРУСИЯЛЫК АТУУЛДАРДЫН ЭРКИНДИГИ ТҮНДҮК КОРЕЙ ЭЛИНИН ЭРКИНДИГИНЕ ТЕҢЕЛДИ


Шаршембиде көз карандысыз адам укугун коргоочу Freedom Hоuse уюму дүйнөдөгү элдердин эркиндигинин абалына баа берген кезектеги докладын жарыялады. Ал документте Орусиялык жарандардын эркиндиги Куба, Ангола жана Түндүк Корей элдеринин денгээлине чейин түшүп кеткени маалымдалды. Орусиялык бийлик өкүлдөрү эл аралык уюмдун берген баасына макул эмес экендигин билдиришкен. Адам укугун коргоочу уюмдар болсо Орусияда саясий жана атуулдар укуктарынын кысымга алынышы туура көрсөтүлгөн деп эсептешет.

Эл аралык Freedom Hause уюмунун быйылкы баасына Маскөө теригүү менен жооп кайтарды. Тышкы иштер министринен жасалган билдирүүдө эл аралык уюмдун Орусияга берген баасы «болбогон тантырак кеп!» катары бааланды.

«Орусияны Түндүк Корей менен катар коюу биринчиден, күлкү келерлик, экинчиден, нагыз иш билбегендик», - деген Орусиялык президенттин алдындагы адам укугу боюнча институттун жетекчиси Элла Панфилова ИНТЕРФАКС агенттигине.

Анализчилердин айтымында, Кремлдик бийлик каяша айтышы керек, эмне дегенде ал советтик режимге баштап бара турган жол чаап атат. Ошол эле учурда Коомдук палатанын мүчөсү Анатолий Кучерена адам укугун коргоочу эл аралык уюмдун баасын «чагым салган жыйынтык» деп билдирген.

Адам укугун коргоочу уюмдар өз кезегинде Орусияда атуулдар укугун коргоо улам начарлап жатканын белгилешүүдө. Алар келтирген мисалдарда орусиялык сот системасы, шайлоо системасы, ММКлар бийликтин көзүн карап калды деп айтылат. Ошондой эле өлкөдө өңү-түсү башкаларды жерүү жана ашынган улутчулдук фактылары, журналисттерге кол салуулар (алардын бири Анна Политковскаянын атылып өлтүрүлүшү) жөнүндө өзгөчө кеп болот.

Адам укугун коргоочу «Граждандык контроль» уюмунун Санкт-Петербургдагы бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Юрий Вдовин «Азаттыкка» берген маегинде Орусиядагы авторитардык режимдин ээлеген ордун талашуусу ушуга алып барып атат дейт.

«Массалык маалымат каражатарынын бийлик тараптан ооздукталышы – тоталитардык түзүлүштөгү мамлекеттин жышанасы», - дейт Вдовин мырза.

Орусия 2006-жылдын жыйынтыгында, атуулдарынын эркиндиги эң төмөн деңгээлге жетти деген баа алган. Маскөөнүн мындай баага татышы биринчи жолу болуп атканын айтышат жана ал азыр Ангола, Пакистан, Түндүк Корей, Өзбекстан менен бир катар тизмеге илинген.

Ал эми элинин саясий эркиндиги боюнча ала келгенде Орусия эң алдынан санаганда алтынчы орунга чыгып, Куба, Ливия, Түндүк Корей менен бир катарга туруп калган.

Былтыр Орусия бийлиги улутчулдуктун өсүшү жана Чеченстандагы абал боюнча да башка эл аралык эки укук коргоо уюмдары «Эл аралык мунапыс» жана «Чегарасыз кабарчылар» тараптан сындалган.

Сүрөттө: Журналисттик тайманбаган ишмердиги үчүн атылып өлтүрүлгөн Анна Политковская

XS
SM
MD
LG