Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

ТЕРРОРЧУ КАТАРЫ ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН АДАМ КАРМАЛДЫ


Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынан Түркстан ислам кыймылынын активдүү мүчөсү деп шектелип, издөөдө жүргөн Атабек Абдымомунов кармалды. Жергиликтүү ички иштер органдары анын Өзбекстандын жана Кыргызстандын аймагында жүргүзүлгөн террористтик аракеттерге тиешеси бар деп шектелип, алты жылдан бери издөөдө жүргөндүгү боюнча маалымат таркатышты.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, ушул жылдын 1-февраль күнү эртең менен Өзгөн шаарынын Жаңы-Турмуш көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен алты жылдан бери Түркстан ислам кыймылы менен байланышы бар деп шектелип, издөөдө жүргөн Атабек Абдымомунов кармалды. Ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын ага инспектору Жеңишбек Аширбаевдин айтымында ал бекинип жашап жүргөн үйдү текшерүү учурунда ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылган.

- Анын үйүнөн ок атуучу курал, колго жасалган тапанча жана ок дарылар табылган. 111 патрон, ТУЗ-8 маркасындагы ок атуучу куралдын кырк жети даана огу жана ар түрдүү компакт дисктер алынды,- дейт Жеңишбек Аширбаев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Шакиржан Зулимовдун айтымына караганда колго түшкөн Атабек Абдымомуновго Өзбекстандын жана Кыргызстандын ички иштер органдары тарабынан 2001-жылдан бери издөө жарыяланып келген. Зулимов шектүү деп табылган Атабек Абдымомунов алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө Түркистандын ислам кыймылынын мүчөсү экендигин жана үйдө курал сактагандыгын өз ыктыяры менен мойнуна алып жаткандыгын билдирди.

- 2001-жылдан бери Өзбек жана Кыргыз Республикасынын аймагында Конституциялык түзүлүшкө каршы активдүү иш чара жүргүзгөндүгү, бийликти күч колдонуп, тартып алуу максатында жана Фергана өрөөнүнө Халифат курабыз деп активдүү ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү боюнча атайын издөөдө жүргөн. Буга чейинки кээ бир жардырууларга жана куралдуу кагылышууларга катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн,- деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын ага инспектору Жеңишбек Аширбаев.

Ошол эле учурда жергиликтүү байкоочулар кийинки учурларда террорчу уюмдарга мүчө деген шек менен бир катар адамдар кармалып, бирок мындай чуулгандуу иштердин аягы эмне менен бүткөндүгү коомчулукка белгисиз болуп калып кетип жаткандыгын белгилешүүдө.

- Муну айтыш аябай кыйын. Кармалат дагы жоопко тартылбай эле жок болуп кетишет. Себеби, Кыргызстанда коррупция. Канчалык деңгээлде акча берип мындай ишти жаба алат ошого байланыштуу болуш керек. Кыргызстанда акча менен бүтүрбөгөн бир да иш жок. Мен буга толугу менен ишенем,- деген оюн билдирди жергиликтүү талдоочу Максуда Айтиева.

Жергиликтүү укук коргоочулар өз кезегинде терроризм жана диний экстремизм боюнча айыпталган атуулдарды кармоо, алардын ишин тергөө учурунда адам укуктары бузулган фактыларга да жол берилип жатканын да белгилеп жатышат.

- Иттин уулу Байгара деле террорист болуп атат. Кыргызда сөз бар эмеспи, жөн эле адамды “ит-ит” дей берсең ал акыры үрүп чыгат деген. Тергөө маалында эч ким бүтүм чыгарып айта албайт, акыркы сөздү сот айтат. Соттун чечими чыкмайынча бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп айтканга эч кимдин акысы жок. Этият болуш керек, ансыз деле Кыргызстанда саясий терроризм жетиштүү,- деди “Азаттыкка” Эл аралык тероризмди жана диний экстремизмди иликтөө боюнча Ош шаарындагы борбордун жетекчиси Жалилов Имамберди.

Учурда колго түшкөн Атабек Абдымомуновдун үстүнөн Кылмыш-Жаза кодексинин алты беренеси боюнча иш козголууда. Анда Абдымомунов курал-жарак сактаган, диний араздашууну пайда кылууга аракеттенген жана террордук иштерди аткарууга байланышы болгон деп айыпталууда.Атабек Абдымомуновдун адвокаты менен байланышуу аракетибиз майнапсыз аяктады.

Кубанычбек Жолдошов, Ош

XS
SM
MD
LG