Кагылыштар министрликтердин сыртында, университеттерде жана коопсуздук агенттиктеринде орун алууда. Бул - элдешүүнүн экинчи ирет үзгүлтүккө учурашы.
Хамастын маалымат катчысы Низар Раян, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууга макулдашканын мындайча билдирди:
– Эки фракциянын тең жол башчылары элдешүүгө макулдашышты. Азыр зарыл иш-чаралар талкууланып жатат, дагы бир жолу жолугушуп, элдешүүнүн шарттарын чындап ишке ашырабыз деп үмүттөнүп жататбыз.
Ал эми Фатахтын маалымат катчысы Абд аль-Хамик Авад өз кезегинде элдешүүнүн шарттарын аткаруу оңой болбой тургандыгын белгилеп, буларды кошумчалады:
– Биз бейкуттукту калыбына келтирүү үчүн, колдон келген бардык аракеттерди көрүп жатабыз.
Бирок бул өкүлдөр сүйлөп жатканда, Газанын көчөлөрүндө алардын тараптарларынын атышуусу угулуп жатты.
Фатахтын колдоочулары айыл-чарба министрлигине кол салып, компьютерлерди жана расмий документтерди уурдап кетишти. Фатахчылар ошондой эле Байланыш жана Почта министлигин ракетадан аткылады. Ички иштер министрлигинин сыртында каршы тараптардын кагылышуусу орун алды, алар Ислам жана Аль-Асхар университеттеринде да согушуп жаткандыгы кабарланууда. Элдешүүгө ишенип, таң эртең мененден сыртка чыккандар Газанын көчөлөрү бош калганына жана атышууларга күбө болуп, үйлөрүнө кайтканга шашылышты.