Ирактын өкмөт башчысы Нури ал Малики бүгүн бул кан төгүү үчүн өткөн айда башы алынган экс-диктатор Саддам Хусейндин жолдоочуларын күнөөлөдү. Ал чабуулду уюштурган "саддамчыларды" жана башка сунни согушчандарын өкмөт жазалайт деп ишендирди. Премьер-министр өткөн айда эле коопсуздукту калыбына келтирүү аракеттерине бут тоскон согушчандарды өкмөт талкалайт деп айткан эле. Кечээки чабуул Багдаддын негизинен шийилер жашаган аймагында, түнкү коменданттык сааттын алдында, шаар тургундары базардан тамак-аш сатып алып жаткан учурда орун алды. Ички иштер министрлиги жүк ташыгычтагы жардыргычты жан кечти жардырганын билдирди.
Бул - Ирак согушундагы 2003-жылдан берки эң кандуу окуялардын бири болуп калды. Чукул абал кызматкерлери таштандылардан өлүктөрдү сууруп чыгып, машиналарга салып жатышты. Жараат алгандар шаардык ооруканаларга жеткирилди. Алардын биринде жарадарларды жаткырганга орун калбай, баш-аламандык өкүм сүрдү. Башын байланган, бетинен кан аккан киши Ройтерс сыналгысына буларды билдирди:
– Дүкөнүмдүн чатыры башыма кулап түштү, ошондон кийин эс-учумду жоготуп койдум. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Бир нерсе жарылганын гана билем, канча киши жараат алса да, ал-Кинди, ал-Жарра, Ибн ал-Нафис ооруканаларына киши толуп кетти.
Анын аралыгында, бүгүн Багдаддагы жаңы чабуулдарда төрт полициячы жана бир аял мерт болду.