Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

ООГАНСТАНДАГЫ НАТО АСКЕРЛЕРИН ЭМИ АКШ ГЕНЕРАЛЫ ЖЕТЕКТЕЙТ


4-февралда Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөрдүн командачылыгы Британиядан Кошмо Штаттарына өттү. ISAFтин жаңы командачысы АКШлык генерал Дэн МакНейл коалициялык күчтөргө тогуз ай командачылык кылат. Ооганстанда абал оор. 1-февралда талибдер түштүктөгү Гелманд провинциясынын Муса Кала кыштагын басып алышкан. Кыш чыгар менен талибдердин чабуулу башталары күтүлүүдө. Талибдер 2 миң жанкечти чет элдик аскерлердин канын төгүүгө даяр экенин өткөн айда эскерткен.

НАТО башындагы тынчтыкка көмөктөшүүчү эларалык күчтөр - ISAF- тин командачысынын алмашуу салтанатында сүйлөгөн президент Хамид Карзай генерал Дэвид Ричардсга ооган элинин атынан ыраазылык айтты:

- Ооганстанда кызмат өтөгөн Британ армиясынын генералы Ричардс бүгүн биз менен коштошууда. Ал өтө катаал жылда кызмат өтөдү.

2006-жыл талиб өкмөтү кулатылгандан берки өтө калабалуу жыл болду. Сентябрда талибдер эки жума бою Кандагар шаарын басып алууга катуу аракет кылышып, 500 ашуун адамынан ажырагандан кийин гана чабуулду токтоткон. Лондондо чыгуучу “The Sunday Times” гезитинин ырасташынча, былтыр 4 миңден ашуун ооган жана коалициялык күчтөрдүн 191 аскери катардан чыкты. Андан улам акыркы тогуз айда ISAFтин колу 9 миңден 33 миңге көбөйтүлдү. Азыр анын катарында 37 өлкөнүн жоокерлери бар.

Генерал Ричардс Кабулдагы салтанатта НАТОнун жана Ооган өкмөтүнүн күчтөрү калктын өкмөткө болгон ишенимине кепил болот деген пикирин билдирди:

–НАТО менен Ооган улуттук коопсуздук күчтөрү согушта жеңилбейт. Эң маанилүүсү алар элди өз өкмөтүнө жана эларалык коомчулуктун ийгилигине ишендирет.

ISAFтин жаңы командачысы, АКШлык генерал Дэн МакНейл көп улуттуу күчтөрдүн милдети аткарылмайынча, алардын миссиясы улана берерин баса белгиледи:

-Биринчиден, биздин миссиябыз баарынан мурда биздин сөзүбүз жана аракетибиз менен бааланат, биз өзүбүзгө жүктөлгөн ишти бүткөрүп, милдетибизден кутулмайынча алдыңкы чекти жана миссиябызды калтырбайбыз.

Ооганстанда кырдаал оор. АКШ жана НАТОнун жетекчилиги жаз айларында талибдер ири чабуулга өтөөрүн эскертишүүдө. Талибдер быйылкы жыл чет элдик аскерлер үчүн кандуу жыл болорун, 2 миң жанкечти чабуулга даяр турганын айтып, айбат кылышууда жана 1-февралда түштүктөгү Гелманд провинциясындагы Муса Кала кыштагын ээлеп алышты.

XS
SM
MD
LG