Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

ТУРГУНБЕК КУЛМУРЗАЕВ: МЕНИН БИЙЛИКТЕН КЕТИШИМЕ КУЛОВДУН САЛЫМЫ ЧОҢ


Жазгүл Жамангулова, Бишкек 2006-жылдын ноябрындагы митингде өзүнүн атуулдук позициясын ачыкка чыгарам деп кызматынан алынган Чүй облусунун мурунку губернатору Тургунбек Кулмурзаев бүгүн өзүнүн чакан иштери менен алек. Ал өзүнүн кызматтан кетишине президент эмес, көбүрөөк экс-премьер министр Феликс Куловдун салымы чоң, деп эсептейт. Экс-губернатор кабарчыбыздын айрым суроолоруна жооп берген.

- Былтыр өзүңүз бийдикте туруп, бийликти сынга алганыңызга эмне себеп болду?

- Мен өзүмдүн бийлигиме каршы чыккан жокмун, бийликтегилердин көзү ачылсын дедим. Айтканымдын себеби мен ошол күнү кечки саат алтыга чейин Акүйдө болдум. Ф.Куловго жолуктум, президентке үч жолу кирип чыктым. Ошол күнү президент менен А.Атанбаевди жолуктурдум. Эшиктеги элдин толкуганын көрүп туруп, элдин келечегин ойлодум. Эки тарап бир келишимге келип, олтуруп бир сүйлөшкөндөй кылсак деп үмүттөндүм. К.Бакиев көңүлдөнүп турган, Кулов болсо президентке менин көз алдымда эле эки-үч жолу кирип, өзүнүн ордуна олтура албады. Ошонун аракети менен биздин оюбуз оңунан чыккан жок.Анан мен элдин алдына чыгып бийликтин кемчилигин айттым.

- Сиз, мүмкүн бийлик оппозициянын колуна өтүп калат деп ойлогон эмес белеңиз?

- Мен ачык айтып коюшум керек, 2006-жылдын октябрь айында мен А.Атамбаев менен жолугуштум. Алар митинге даярданып жатышкан убак эле. Алар 2-ноябрь куну премьер министр Ф.Кулов баштаган бир топтор келип сөз сүйлөйт деди. Мен алар сүйлөбөсө деле өзүмдүн элге, бийликке айтаар сөзүм бар экендигин айткам. Ал эми ошол кездеги бийликтин мага койгон күнөөсү губернатор катары элинди тыйбайсың деди. Кыскасы мен 6- ноябрь куну сөз сүйлөдүм, 7-күнү кечинде мени жумуштан бошотушту.

- Жеке президенттин үй бүлөөсү менен байланышыңыз барбы? Кандайча таанышсыздар?

- Мен К.Бакиевди Чүй областынын губернатору болуп турган кезден бери билем. Ал эми ал экөөбүздүн жеке мамилебиз жок. Болгону 2005-жылкы март окуясында ал түштүктөн, биз түндүктөн болуп, бир команда болуп калганбыз. Менин Чүйгө губернатор болгонум президент менен жакшы санаалаштыгым эмес, ошол кезде бийлик бөлүштүрүүнүн менин бактыма жазганы. Мага башка жумушту сунуштаганда мен губернаторлукту өзүм сурап алгам.

- Бүгүнкү бийликтин жаатына айтылган сынды кандай кабыл аласыз?

- Мен жумуштан кеткенден кийин баарына анализдүү ой жооруп олтурам. Мен К. Бакиевдин ак көңүлдүгүн, ишенчээктигин айтаар элем. Ал деле биздей адам, жанындагы жан жөөкөрлөрүнүн айынан өлкөдөгү башаламандыкты шарттап атат. Күчтүү командаң жок болсо, алтындан куюп койгон президентиң да иштей албайт. Бүгүн бийликте терисин тетири жамынгандар олтурат. Алар барда биздин бийлик оңолбойт. Өкүнөм, биздин революциядан кийинки максаттар ордунан чыкпай калды.

- Ф.Куловго болгон таарынычыңыз эмнеден улам? Ал туурасында эмне пикирди кошумчалайсыз?

- Ал кишинин ким экенин мен билем. 24-мартта аны А.Атамбаев экөөбүздөн бөлөк эч ким ойлогон эмес. Анын түрмөдөн чыгып, акыркы премьердик кызматтан түшкөнгө чейинкисине биздин салым бар. Президенттик шайлоодо Бакиев менен Куловдун ортосунда чыр-чатак болбосун деген ойдо тандем түзүүнү туура көргөнбүз. Бакиев болбосо ал ким болмок? Албетте Акаевдин учурунда күчтүү саясий фигура болчу, азыр баркы кетпедиби. Дагы ушунча убакыт премьер болгонуна сүйүнсүн.

- Премьер министрликке эки жолу талапкер болушуна кандай карайсыз, эл ичинде президент өзү колдоо көрсөткөн жок деген пикирлер да бар?

- Эки эмес, он жолу койсо да өтмөк эмес. Ал өзү бир жерге олтура албаган киши. Дагы бирдемени ойлой калам деп отставкага кете калбадыбы.

- Президент менен жумуштан түшкөндөн кийин жолуктуңузбу?

- Жок.

- Башка кызмат сунуштаса иштейт белеңиз?

- Бирок, азыр пенсияга чыкпагандан кийин кайсы жумуш болбосун иштеп берүүгө даярмын. Эгер менин тажрыйбам, билимим бийликке керек болсо чакырышаар.

- Губернатор болуп турганда кандай иштерди жасадыңыз?

- Тилекке каршы бүтпөй калган иштерим көп болду. Айрым ишканаларды ишке иргизгенибиз болбосо, биз чоң-чоң инвесторлор менен иштесекпи деген планда элек. Эми эгер азыркы губернатор туура көрсө биздин ишти улантып кетээр.

- Коррупцияга туш болгом деп айта аласызбы? Аны жоюга бүгүнкү бийликтин чама-чаркы жетеби?

- Жок. Бийликтин өкүлү катары менин да салымым бар дешээр. Бирок, мен өзүмдү айта албайм. Мурунку бийлинтин учурунда жетинчи кабатка чейин жеткен коррупцияны, азыркы бийлик сөз менен эле түшүрдүк деп айтып жатышат.

- Азыр бийлик тарапка жантартасызбы же оппозициягабы?

- Эки тараптын тең конструктивдүү жактарын колдойм. Баарын калыс гана караганга аракет кылам.

- Сизди сүйүнткөн же өкүнткөн нерсе?

- Азыр мамлекетте мени сүйүнтөөр эч нерсе калбады. Тескерисинче өкүнткөн нерсе көп. Биз 24-мартта кандай гана жакшы ойлорду ойлодук эле. Алар ишке ашмак түгүл тетири кетпедиби. Бир учурда бийликке келген тилектештер аз эле убакытта оппозиция болуп чыга келишти. Негизи, 2007-жыл чечүүчү жыл. Эгер азыр жаңы келген өкмөт курамы менен жакшылыктуу иш алып барбаса анда бул бийлик оңбой калат. Карапайым элдин эле шору, саясаттын башаламан оюндары күчөп, ортодо эл эле кыйналды.

XS
SM
MD
LG