Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:17

РОЗА ОТУНБАЕВА: КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДА ЕВРОПАГА АЗ КӨҢҮЛ БУРУЛУУДА


Кыргызстан тышкы саясатында Европага аз көңүл бурууда. Тышкы иштер министрлигинин жаңы концепциясында да буга жеткиликтүү көңүл бурулган эмес. Мындай пикирин Европа Биримдигине кирген бир катар мамлекеттерде болуп келген «Асаба» партиясынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева билдирди.

Роза Отунбаева Европа мамлекеттери уюштурган «Европа Биримдигинин СССР ыдырагандан кийин пайда болгон мамлекеттерге карата стратегиясы» деп аталган конференцияга катышууга жана Кыргызстандагы саясий жараяндар тууралуу европалык саясатчыларга маалымат берүүгө Голландия, Австрияга чакырылган. Ал европалык саясатчыларга Кыргызстанда болуп жаткан жараяндар тууралуу маалымат берген. Ошол эле кезде ал Германия төрагалыгы астында иштелип чыгып жаткан Европа Биримдигинин Борбор Азия менен кызматташуусунун стратегиясы тууралуу маалымат алган.

Жаңы стратегия менен Европанын Борбор Азия регионуна кызыгуусу артат деген Отунбаева, кызыгууга себеп болгон жагдайлар тууралуу буларды атады:

-Борбор Азияга көңүл буруу эмне менен түшүндүрүлөт. Биринчиден, ресурстар, экономикалык потенциал.Экинчиден, коопсуздук маселеси жана үчүнчүдөн региондун Ооганстан менен жакын жайгашуусу.

Мына ошол эле кезде Кыргызстандын тышкы саясатында Европага аз көңүл бурулганы түшүнүксүз дейт Роза Отунбаева:

- Президент жакында эле бекиткен тышкы саясат боюнча концепцияда Европага аз көңүл бурулган. Бул мени өтө таңкалтырууда. Концепцияда 420 миллион калкы бар, бардык жагынан алдыда келаткан регионго жупуну гана орун берилген. А чындыгында Германия, жалпы эле Европа менен кызматташуу, ага көңүл буруу Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу.

Мурунку тышкы иштер министри Европа мамлекеттериндеги кыргыз элчилерин да сынга алып, алардын көпчүлүгүндө профессиналдуулук жетишпейт деген пикирди айтты.

Тышкы иштер министрлигинин концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун башчысы тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов концепцияда Европага аз көңүл бурулган деген сынга мындай пикирин айтты:

- Концепцияда бир өлкөнү карап, башка өлкөлөрдү унутуп калды деген туура эмес. Анда өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюуга аракет жасалган .

Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов Кыргызстан тышкы саясаты жалпы эле батыш менен начарлоодо дейт:

- Жалпы батыш менен биздин мамилебиз солгундап калды. Ал көрүнүп эле турат. Тилекке каршы, биздин мамилебизде экспорт-импорт, Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында кызматташуу, коопсуздук маселеси талкууланбай эле, батыш менен жалаң гана ХИПК боюнча сүйлөшүп калдык. Албетте, бул өтө чоң маселе. Бирок муну менен чектелбеш керек. Ошондуктан жалпы батыш менен туура мамиле түзүш бизге абдан керек. Биздин жалпы улуттук кызыкчылык үчүн эбегейсиз ролду ойнойт десем жаңылышпаймын.


Роза Отунбаеванын айтымында, Кыргызстан Европа менен, Европанын структуралары менен тыгызыраак кызматташууга аракеттениш керек. Анын ичинде Европа Кеңешине мүчө болууга умтулуубуз зарыл. Экономикалык жактан күчтүү мамлекет катары Казакстан бул багытта озунуп баратат, деди Отунбаева.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG