Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 14:06

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨДӨ МИНИСТРЛЕРДИН САНЫ БОЮНЧА БЕШИНЧИ ОРУНГА ЧЫКТЫК


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин бүгүн өкмөттүн түзүмүн кароо учурунда сүйлөгөн сөзү.

- Урматтуу кесиптештер, урматтуу өкмөт мүчөлөрү! Карасаңыздар бул Конституция, бул өкмөт сунуш кылган проект. Конституцияда жүрөт «Центральные органы власти» бешөө эле – прокуратура, улуттук банк, центр избирком, эсептөө палатасы, акыйкатчы. Бешөө эле кирип атат Конституция боюнча. Ал эми өкмөт сунуш кылган проект боюнча 14кө жетип кеткен. Бул Конституцияга каршы келет. Сиздер местный самоуправление, фонд развития и экономики президентке баш ийдирип коёсуздар. Бул дегеле бийлик структурасын башкаруу логикасына каршы келет. Ошондуктан центральный орган властини кайра карап чыгышыңыздар керек. Экинчиден, сиздер сунуш кылып атасыздар судебный департаментти минюстка бергенге. Бул сот органын аткаруу бийлик органына баш ийдирүүгө барабар. Бул президенттик администрациянын жетекчисин Жогорку Кеңеш дегенге барабар. Конситуцияда жазылып турат, 82-статья 3-бөлүк, судебная система КР устанавливается Конституцией и законами, состоит из конституционного, верховного суда и местных судов. Конституционным законом могут утверждаться специализированные суды. Ушул Конституцияга гана баш ийиш керек судебный депатрамент. Бул экинчи Конституциянын бузулушу. Үчүнчү, органы местного самоуравления, бул аткаруу бийлик эмес да. Органы местного самоуравления булар өзүнчө бийли органы. булар жергиликтүү местный Кеңешке гана баш ийет. Биз органы местного самоуравления десцентрализация кылабыз деп атып муну өкмөттүн астына баш ийдирип коюптурбуз. Бул таптакыр туура эмес. Бул бүгүнкү реформага да туш келбейт. Кантип эл местный самоуравлениени дайындайт, ал эми местный самоуравлениенин жетекчиси министрликти президент дайындай. Мындай болбойт, бул природасына каршы келет. Мен жана өзүмдүн оюмду айттым бажы, салык комитет туура деп. Урматтуу министрлер карасаңыздар, 19 министрлик болсо Кыргызстан дүйнөдө министрлердин саны боюнча бешинчи орунга чыктык. Кытай 1 млрд. 300 млн. эли бар 34 министрлиги бар экен, аларга керек. Индия 900 млн. эли бар 28 министррлиги бар экен. Түркияда партия жеңип келсе министрлдиктерди 30-40 кыла берет, себеби ал министр без портфеля болот. Бийлик жетпей калса депутат болуп жүрө берет, министр деген аты бар. Ал эми биз экономикабызда акчабыз жок, ХИПИКке өтөлү деп атабыз дагы министрликтердин санын 19 кылып атабыз. Бул эч бир логикага туура келбейт. Мен силерге окуп берейинчи, Швецарияда - 8, Венгрияда- 9, Америкада -14, Нидерланды – 15, Германия, Австрия – 16, Россия – 17, Кыргызстан – 19, Казакстан – 16, Өзбекстан – 14, Азербайжан, Грузия, Молдова – 15. Кыскача айтсам, санын азайтсаңыздар.

XS
SM
MD
LG