Премьер-министр Азим Исабеков депутаттардын өткөн жумадагы сунуштарын эске алып өкмөттүн жаңы структурасынын долбоорун Жогорку Кеңеште колдоп берүүгө чакырды. Бул долбоордо 14 министрлик беш комитет, он беш агенттик сунушталды.
-Бүт принципиалдуу маселелердин бардыгын Кыргыз Республикасынын президенти менен макулдашып чыктым. Ошондуктан бүгүн сиздердин сунушуңуздарды жакшылап угуп, бир пикирге келип, анан бүгүн бекитип берсеңиздер. Ачыгын айтканда жалгыз өзүм эле лигитимдүү болуп атам, калган министрлерди эртерек шайлап туруп толук кандуу ишке киришелик деген максат менен айтып атабыз,-деди Азим Исабеков.
Мурдагы өкмөттүн түзүмүндө он үч министрлик, эки комитет, беш агенттик бар болуучу. Айрым депутаттар Салык чогултуу жана Бажы комитеттерин бириктирүүнү, спорт жана дене тарбия агентигине жаштар саясат агенттигин кошууну, Коопсуздук комитететин совет биримдиги кезиндегидей КГБ дебей мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети кылып түзүү сунуштарын айтышты. Депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн структурасын түзүү долбоорунда бийликтин борбордук органы Конституцияга каршы келерин билдирди:
-Бул өкмөт сунуш кылган долбоор.Бийликтин борбордук органдары Конституцияда жазылуу прокуратура, улуттук банк, эсептөө палатасы, Борбордук шайлоо комиссиясы, Акыйкатчы ушул беш эле орган. Ал эми өкөмт сунуш кылган долбоор боюнча бийликтин борбордук органдары он төрткө чыгып кеткен. Бул сиздер сунуш кылган Конституцияга каршы келет. Ошондуктан бийликтин борбордук органдарын кайрадан карап чыгышыңар керек.
Каныбек Иманалиев белгилегендей Кыргызстан министрлердин саны боюнча дүйнөдө бешинчи орунга чыкты.
- Кыргызстан дүйнөдө министрлердин саны боюнча бешинчи орунга чыктык. Кытай бир млрд. үч жүз млн. ашык эли бар аларда болгону отуз төрт министрлиги бар экен. Тогуз жүз млн. ашык эли бар Индияда 28 министрлиги бар экен. Ал эми биз экономикабызда акча жок, ХИПИКке өтөлү деп атып, министрликтердин санын он тогуз кылып атабыз.
Ал эми Осмонбек Артыкбаев премьер-министрден жаш кадрларды өкмөттүк ишке тартууну, чет өлкөлөрдөн мыкты окуп келишкен Кыргызстандык жаштарды мамлекетик ишке тарбиялоону сунуштады. Бир катар депутаттар башкаруу аппараттарынын чыгымдарын кыскартууну эскертишти.
Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Искак Масалиевдин айтымында, парламенттин талкуусунда козголгон маселелерди, өкмөт түзүмүнө карата сунуш пикирлерди премеьр-министрдин катышуусунда комитет карап чыгып, өзүнүн корутундусун чыгарат. Аталган комитеттин корутундусуна ылайык шейшембиде парламент өкмөттүн структурасын бекитиши күтүлүүдө.