Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

БРИТАНИЯ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРЫ АКШ-ИРАН СОГУШУ БОЛУП КЕТПЕЙБИ ДЕП ТЫНЧСЫЗДАНЫШУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Британиянын Жарандык Коом Коалициясы өлкөнүн өкмөт башчысы Тони Блэрден АКШнын Иранга ыктымал жасай турган кол салуусунун алдын алуусун талап кылды. Британиянын бейөкмөт уюмдары, диний уюшмалары жана серепчилеринин айтымында, АКШнын Иранга кол салуусу дүйнөлүк рыноктогу мунай бааларынын жогорулоосуна, Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна жана Ирандын катаң турумдагы саясатчыларынын батышка каршы өчүгүүсүнө алып келет.

Бейөкмөт Уюмдардын Коалициясы жарыялаган документ "Сүйлөшүүгө убакыт келип жетти. Иран маселесин дипломатиянын жардамы менен чечүү",- деген ат менен жарыяланып, анда АКШнын Иранга ыктымал жасай турган кол салуусунун кесепеттерин ачык жана таасын чагылдырды. Билдирүүнүн авторлору Иран маселесин чечүү үчүн 1979-жылкы Иран революциясынан кийин дипломатиялык байланыштары үзүлүп калган Тегеран менен Вашингтон көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек, деп баса белгилешет.

Акыркы апталарда Вашингтон Ирандын ядролук программасын кескин сындаган, Иранды Ирактагы көтөрүлүшчүлөрдү колдоп жатат деп айыптаган билдирүүлөрдү жасап, Парсы булуңуна аскерлерин тарта баштады. Дүйнө коомчулугунда ошондой эле АКШ менен Израиль Ирандын ядролук обьекттерин жок кылмакчы болуп жатыптыр, деген имиштер тарады. Буга байланыштуу 15 уюмдун башын кошкон жарандык коом коалициясы менен серепчилер тобу АКШнын Ирак согушундагы өнөгү болуп келаткан Британиянын өкмөт башчысына кайрылып, Иранга сокку уруунун алдын алуусун талап кылды.

Иранга сокку уруу менен Вашингтон Ирандын катаң турумдагы саясатчыларынын отуна май куюп, Тегерандын ядролук программасын ыкчамдатуусуна шылтоо болот. Жаңжал Ирактагы абалды турукташтыруу аракеттерин артка тартып, терроризмге каршы күрөшкө залакасын тийгизет, өнүгүп келаткан өлкөлөрдү жакырчылыктын сазына батырат деп айтылат.

АКШнын жетекчилиги азырынча Иран маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө ынтызар экенин билдирүүдө, ошону менен бирге эле маселени жөнгө салуунун башка жолдорун да караштарып жатканын белгилеп, куралдуу кол салуунун мүмкүндүгүн каңкуулап жатат.

Вашингтон менен Ирандын кайым айтышуусу уланууда, бирок британ бейөкмөт уюмдары жаңжалды жөнгө салуу үчүн дипломатияга дагы эле орун бар деп эсептешет. Алардын пикиринде, ал үчүн Иран Европа өлкөлөрү 2005-жылы киргизген сунуштарды аткарып, уран байытууну токтотуусу керек. Ошону менен бирге эле Вашингтон Иран менен түздөн-түз сүйлөшүүсү абзел. Азырынча эки тарап тең бул шарттарды аткарууга даяр эмес.

XS
SM
MD
LG