Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

ОРУСИЯНЫ 'НАШИСТТЕР' БАШКАРУУДАБЫ?


Нарын АЙЫП, Прага Америкадагы Freedom House уюму жакында чыгарган отчетто Орусия эркин эмес мамлекеттер тобуна кошулган жана айрым орус эксперттери аны сынга алууда. Мурда президент Владимир Путиндин кеңешчиси болуп, азыр Вашингтондогу Като институтунда иштеген Андрей Илларионовдун пикиринде болсо, Орусиядагы абал чындап эле өтө начар.

Дүйнөдөгү демократиянын абалы боюнча кезектеги отчетун Freedom House 17-январда жарыялаган жана анда Орусия - Беларус, Казакстан, Тажикстан, Туркмөнстан жана Өзбекстан менен кошо "эркин эмес" мамлекеттер тобуна кирген, ал эми Азербайжан, Армения, Грузия, Кыргызстан жана Молдова "салыштырмалуу эркин" өлкөлөр деп таанылган.

Орусиянын Коомдук пландоо институтунун эксперттери 2-февралда ал отчетту катуу сынга алды жана анда келтирилген маалыматтарга ишенбеш керек деп билдирди. Алар негизинен - Маскөөдөгү Эл аралык байланыштар институтунун окумуштуулары өздөрү иликтөө жүргүзүп, 20-ноябрда чыгарган отчетту далил катары келтирет. Анда Орусия АКШ менен кошо эң таасирдүү мамлекеттердин тобуна кирет, ал эми Кыргызстан, мисал үчүн, өз алдынча өнүгө албаган мамлекет катары мүнөздөлөт.

Бир нече жыл президент Владимир Путиндин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштеп, 2005-жылдын декабрында кызматынан өз ыктыяры менен кеткен Андрей Илларионов болсо 30-январда Вашингтон шаарында "Азаттыктын" кабарчысы Никола Крастевке интервью берип, Орусиядагы абал акыркы жылдарда эбегейсиз өзгөргөнү тууралуу билдирди.

Илларионовдун айтымында, Орусияда түзүлгөн режимди демократия же автократия деген түшүнүктөр менен мүнөздөгөн көп так эмес, анткени бийликке азыр - эч кандай жалпы мыйзамдарды сыйлап-аткарбаган жана жеке өз кызыкчылыктарын гана көздөгөн топ келди.

Алар калган элди "биздин киши" жана "биздики эмес" деп бөлөт, ошондуктан алар түзгөн режимди "нашизм" деп атаса болот:

-Алардын өз мыйзамдары бар жана ал мыйзамдарды - кимдир бирөө бизге тийсе, ал ошол эле күнү жок болууга тийиш деп түшүндүрсө болот. Өз-ара маселелерин болсо алар Италиянын түштүк аймактарында бир кезде өнүккөн уюмдар арасында колдонулган эрежелер менен чечет.

Ал атын ачык атабаганы менен, Италиядагы андай уюмдар кеңири элге "мафия" деген ат менен белгилүү болгон.

Илларионовдун айтымында, ошол себептен өлкөдө өткөрүлүп жаткан шайлоо жана башка демократиялык жараяндар чындыгында жасалма нерселер жана сыртынан демократиялык болуп көрүнгөн менен чыныгы маңызы такыр башка. Өлкөдө түзүлгөн бийликти болсо Илларионов корпоративдик бийлик деп атайт, бирок ошондо дагы андай бийлик Батыштагы корпоративдик эрежелерди карманбастан, өз эрежелерин түзгөн жана бийликтеги корпорациянын колунда азыр бардык саясий, идеологиялык, экономикалык, маалымат жана каржы мүмкүнчүлүктөрү топтолуп бүттү.

Мындай тартип, Илларионовдун айтымында, мамлекеттин өзүнө да азыр доо кетирүүдө:

- Эркиндиктин жок кылынып жатканы башкалардын арасында бардык мамлекеттик түзүлүштөрдүн жоюлуп баратканына алып келүүдө. Коомдук жана мамлекеттик уюмдар акырындап алсызданып, акыр-аягында жок кылынууда. Ошондуктан мамлекет өзү андай эркиндиктин жоюлушунун биринчи курмандыгына айланды жана ошол эркиндикти жоюу үчүн түзүлгөн уюмдар өздөрү да курман болууда.

XS
SM
MD
LG