Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:10

ӨКМӨТ СТРУКТУРАСЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ БЕКИДИ


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши бүгүн өкмөттүн структурасын бекитти. Кечээ премьер-министр Азим Исабеков бул маселени депутаттар менен талкуулап, алардын сунуштары боюнча өкмөт структурасына алымча-кошумчалар киргизилген. Соңку өзгөртүүлөрдөн кийин өкмөттүн структурасында 14 министрлик, 5 мамлекеттик комитет жана 11 мамлекеттик агенттик, бир каржы полициясы бар болуп калды. Жаңы түзүлгөн эки министрлик - Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги жана Экономика жана сооданы өнүктүрүү министрлиги деп аталды. Түзүм башында премьер-министр, биринчи вице- премьер-министр, вице-премьер министр турат.

ӨКМӨТ СТРУКТУРАСЫ

1.Премьер-министр
2.Биринчи вице-премьер-министр
3.Вице-премьер-министр
4.Өкмөт аппаратынын жетекчиси-министр

МИНИСТРЛИКТЕР:

1. Тышкы иштер министрлиги
2. Коргоо министрлиги
3. Ички иштер министрлиги
4. Юстиция министрлиги
5. Каржы министрлиги
6. Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги
7. Айыл жана суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
8. Транспорт жана коммуникация министрлиги
9. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
10. Билим берүү жана илим министрлиги
11. Саламаттык сактоо министрлиги
12. Маданият жана маалымат министрлиги
13. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги
14. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги

Мамлекеттик комитеттер:

1. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет
2. Миграция жана ишке жайгаштыруу мамлекеттик комитети
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет
4. Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитет
5. Мамлекеттик бажы комитети

Өкмөт алдындагы административдик мекемелер:

1. Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттик
2. Дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо мамагенттиги
3. Дин иштери боюнча мамагенттик
4. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мамагенттиги
5. Геология жана минералдык ресурстар мамагенттиги
6. Туризм боюнча мамагенттик
7. Антимонополдук саясат жана конкуренцияны өнүктүрүү мамагенттиги
8. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамагенттик
9. Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамагенттик
10. Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер мамагенттиги
11. Маалымат ресурстары жана технологиялары мамагенттиги
12. Каржы полициясы

XS
SM
MD
LG