Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

CPJ: ПУТИН - ДЕМОКРАТОР


Журналисттерди коргоо комитети - CPJ - жарыялаган докладда былтыр дүйнөдө 55 журналист набыт болгону, алардын 32си Ирактагы согушта опот кеткени айтылат. Бирок кабарчылар үчүн каргашалуу өлкө жалгыз эле Ирак эмес, деп белгиленет документте. Айрым аймактарда журналисттердин өмүрү кыйылбаганы менен өтө зор кыйынчылыктарга туш болушту. Ушул жана башка маселелерге комитеттин аткаруучу директору Жоэл Саймон “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда да токтолду.

Жоэл Саймон Борборазиядагы абалга кайрылып, региондо маалымат агымы уламдан улам тартылып баратканын белгиледи. Түркмөнстан “кара кургуй” бойдон турат, ал эми Өзбекстанда Анжиан окуясынан кийин көз карандысыз кабарчылар корпусу таркатылып, сары сүргүндө калды. Казакстанда экономика оожала баштаганы менен сөз эркиндиги олуттуу чектөөдөн чыга элек. Кыргызстанда демократиялык ыңкылаптан соң маалымат каражаттары кыйла эркин болуп калды, бирок аларды ооздуктоо эрежеси жалпысынан дале жоюла элек, дейт Саймон.

Журналисттерди коргоо комитети өз докладында Кыргызстанга караганда Украина менен Грузияда көбүрөөк реформа жүргүзүлгөнүн белгилейт. Белоруссия болсо эркин журналистика үчүн өтө тобокелдүү аймак деп аталат.

Жоэл Саймон өз интервьюсунда Россияга да кеңири токтолуп өттү. Ал жакында эле Москвада болуп, өкмөт өкүлдөрү менен жолугушканын, Тышкы иштер министрлигиндеги сүйлөшүү учурунда жазасыз калган кылмыштардын тизмеси талкууланганын, президент Путин бийликке келгенден бери он үч журналист киши колдуу болгонун, алардын бири да тийиштүү деңгээлде тергелип, тескелбегенин белгиледи.

Комитеттин докладында Путин Венесуэланын президенти Уго Чавес менен бирге демократор – эл шайлаган диктатор деп сыпатталат. Демократор деп адатта полициянын союлун аташат. Путин менен Чавестен комитет маалымат каражаттарын контролдоонун,алардын сесин алуунун жана цензуранын өтө амалдуу структурасын түзгөнгө жетишкен лидерлердин муунун көрөт.

Документте авторитардуу бийликтер журналисттерге каршы ачык репрессиядан өтө кыйды ыкмаларга өтө баштаганы көрсөтүлөт. Ал эми Иранды, Кубаны жана Эритерияны комитет көз карандысыз кабарчыларды топ-тобу менен түрмөгө салган режимдердин өнөгөсү кылып мүнөздөйт.

Журналисттерди куугунтуктоо фактылары Азербайжанда, Аргентинада, Филиппинде, Колумбияда такай кайталанып турат. Комитет Ирактагы америкалык аскерлердин аракеттерин да сынга алган.

Журналисттерди коргоо комитети 1981-жылы түзүлгөн. Сөз эркиндигин коргоо маселелери боюнча ал ЮНЕСКО менен тыгыз кызматташып турат.

XS
SM
MD
LG