«Агым» гезити, жакында бүтүндөй Европаны кыдырып, Еврокеңештин жыйынында сөз сүйлөп кайткан Роза Отунбаева айымды сөзгө тарткан. Белгилүү коомдук ишмер гезитке курган маегинде, Кыргызстанда «Eвропа» деген түшүнүк азыркы бийлик менен кошо жок болгонун, болгону Европага тиешелүү Германиянын гана элчилиги барын, Куловдун кетиши менен өлкө көп нерседен ажыраганын, азыркы бийлик каалайбы, каалабайбы, Батышта Куловдун аброю чоң экенин, ошол эле учурда ал жакта Бакиевди саясатчы катары эчким тааный электигин, эми «какаганга муштаган» болуп, андан да дараметсиз адам өкмөт башчылыгына келгенин, демек мындай деңгээлдеги эки адамдын Кыргызстанды башкарып калышы бул-трагедия экендигин айтып чыкты. Ушул эле гезит президент Бакиевдин кеңешчилеринин бири Үсөн Сыдыков түзгөн «Жаңы Кыргызстан» партиясы бир кездеги Акаевдин жагымпоздору түзгөн «Алга Кыргызстанга» куюп каптагандай окшоштугун, ал дагы так ошонун жолоюн туурап иш кылып аткандыгын, алтургай жакында түштүктүн ырчы-куудулдарынын баары министри Султан Раевди баш кылып партия катарына мүчө болушканын, партиянын аты жаңы болгон менен заты эски партократ жыттанып турганын жазды. Баса, гезитке экс-чекист Т.Айтбаевдин маегинин уландысы да басылды.
«Эркин тоо» гезити окурмандардын көңүлүн депутат Камчыбек Ташиев менен болгон түз байланышка бурду. Суроолорго жооп бери жатып К.Ташиев мырза ушу кезде Кыргызстандын энергетитка тармагын реформалоодон мурда аердеги коррупцияны ооздуктоо керектигин, энергетика тармагын башкарып жаткан азыркы жетекчилер турганда ал жакта алга жылуу болбостугун, ошондуктан ушул маселелерди чечүү аркылуу Кыргызстандын өзгөчө коорупциялашып кеткен электр тармагын Борбор Азиядагы чоң кирешелүү тармакка айландыруу менен бүт бойдон элчарбасына кызмат кылдырууга болорун белгиледи.
«Кыргыз руху» гезити айрым бир айың кеп-сөздөргө таянуу менен 24-март окуясынан
кийин «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору болуп иштеп туруп, кийин ордун Жедигер Саалаевге бошотуп берген журналист Бакыт Орунбеков гезитке кайрадан баш редактор болуп келерин, ал эми президенттин басма сөз катчылыгына «Жаңы ордо» гезитинин баш редактору Бекен Назаралиев барарын маалымдады. Гезит жер маселесине кайрылып, Кыргызстан айдоо жери аз өлкөлөрдүн катарына кирерин учурунда ушуга карабай эле жерди жеке менчикке берип салып, ошондон ушул күнгө дейре элетте арык талаш, жер талаш, суу талаш чыры басылбай, басылмак тургай күчөп, элдин ынтымагын ыдыратканын, ошол кездеги колхоз-совхоздордун карманган айылчарба шаймандарын 90-жылдары түзүлгөн «Саламалик» деген фирма Кытайга ташып сатканын, анын президенти кадимки киночу Болот Шамшиев болгонун, азыр айылдан 1метр сом темир, 1 карыш мык табу тирүүнүн тозогу болуп калганын баяндады.
«Кыргыз туусу» гезити Атбашылык фермер Жумагул Жумаков өзү баккан уяң жүндүү койлордун жүнүн сатуудан эле 70 миң доллар пайда тапканын кабарлады.
«МСН» гезити жаңы премьер-министрдин алгачкы кадамы, анын министрликтер менен
мамлекеттик комитеттерди түзүү прнциптери, тилекке каршы, жалаң саясат үчүн текке кеткен жылдарга салыштырганда эми ушул 2007-жыл жакшы болор деген көөдөндөгү ишеним менен үмүттөргө суу септи дап жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ