Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ ПРОГРАММАЛЫК КАРЖЫЛОО СИСТЕМАСЫНА ӨТҮП ЖАТАТ


Маданият министрлиги быйылкы жылы маданият боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын жана айылдык маданиятты өнүктүрүү боюнча улуттук программаны иштеп чыгууга орчундуу көнүл бурган жатат. Ошондой эле быйылтан тарта министрлик өлкөдө биринчи болуп программалык каржылоо системасына өтүп жатат. Бул тууралуу маданият министринин милдетин аткаруучу Cултан Раев “Азаттык” менен болгон маегинде баса белгиледи.

- Сиздер былтыр атайын долбоорлордун үстүнөн иштедиңиздер эле. Быйыл негизги көңүлдү кайсы багытка буруп жатасыздар?

- Былтыркы жылы биз Mаданият министрлиги жаңыдан уюшулганда “Маданияттын 100 долбоору” деген чоң проект менен иштедик. Бул проект толугу менен ишке ашты. Себеби биз жаңы түзүлгөн министрлик жаңы идея менен киришели деп ушул долбоорду көтөрүп чыккан элек. Анын негизги маселеси бардык республикадагы маданий тармактарды активизациялоо болчу. Негизинен ал максатына жетти деп ойлойм. Биз айылдык маданияттан тартып эл аралык маданиятка чейин, маданий интеграция маселесине чейин камтыдык эле. Ошол долбоорлордун бардыгы турмушка ашты десем мен жаңылышпайт элем.

Ошондой эле биз бир гана “Маданияттын 100 долбоору” эмес айылдык маданиятты дагы алдыга жылдырып, профессионалдык кесиптик искусствону да өркүндөтүү боюнча бир топ иштерди жасадык. Биз быйылкы жылы эки маселеге көңүл бургубуз келип атат. Биринчи кезекте биздин мамлекетибиздин маданий саясатын иштеп чыгалы деп атабыз. Экинчи маселе, айылдык маданияттын улуттук программасын 2015-жылга чейин иштеп чыгуу маселесинин үстүндө иштеп атабыз. Буга бир топ биздин маданий адистерибиз, ушул тармакты ийне-жибине чейин билген адистер катышып атат.

- Бюджет бекитиле элек, бирок долбоор боюнча маданият тармагына сарпталуучу каражат да көбөйтүлөт да анда?

- Албетте, азыркы кезде өкмөттүн жаңы структурасы бекилсе, биз биринчи кезекте бюджетти бекиткени турабыз. Бул бюджеттин негизги өзгөчөлүгү- Маданият министрлиги жаңы сунуш киргизип атабыз- программалык каржылоо маселесине өтүп атабыз. Мурда атайын эле бюджеттен бөлүнгөн акча көрүнбөгөн иштерге деле жумшалып келген болсо, эми биз негизги приориттерди аныктайбыз дагы, эң негизги багыттагы долбоорлорду каржылоо системасына өтүп атабыз. Бул программалык каржылоо биздин турмушубузга жаңылык катары кириш керек.

- Маселеге канчалык тиешеңиз бар билбейм, бирок келерки дүйшөмбүдөн баштап 5-канал деп аталган жаңы телекөрсөтүү ишке киришет экен. Бул менчик ээлери өзгөргөндөн кийин мурдагы КООРТ телеканалынын ордуна түзүлгөн телеканал болобу?

- Бул маселеге кыйыр гана тиешем бар болушу мүмкүн. 5-канал жаңы көз карандысыз канал болуп атат, бүткүл республикага өзүнүн программаларын жайылтат. Менин оюмча азыркы күндө биздин теле мейкиндикке өзүнүн жаңылыгы менен кирет болуш керек. Азыр каналдын багыты жөнүндө толук маалыматым жок. Себеби бул эркин теле компания. Анын үстүнө жаңыдан түзүлүп атат.

- Былтыркы жыл үчүн адабият, маданият жаатындагы Токтогул сыйлыгынын лауреаттар арасында сиз да барсыз. Сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз. Маданият министри өзү кандайча алып калды бул сыйлыкты бир аз түшүндүрүп койсоңуз. Муну маданият ишмерлери туура эле кабыл алып жатабы?

- Бул сыйлыкка мен маданият министри боло электе көрсөтүлгөн болчумун. Менин оюмча маданият министри катары эмес, чыгармачыл адам катары берилди мага бул сыйлык. Менин чыгармам Англиянын королевасына чейин жетип, ошол жерде сөз болгон. Көптөгөн эл аралык фестивалдарда башкы сыйлыктарды алган. Менин оюмча калыстар комиссия мүчөлөрү туура эле чечти болуш керек деп ойлойм. Комиссиянын ичинде залкар адамдар бар, төрт этап менен өтөт. Иргелип отуруп, анан жогорку мамлекеттик сыйлыкка ээ болот.

- Ырахмат маегиңизге.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага
XS
SM
MD
LG