Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

САЯСАТЧЫ БОЛУУ ОҢОЙ ИШ ЭМЕС


Англис тилинде “гафф” деген сөз бар. Ал көбүн эсе чоң кызматтагы адамдар айткан сөзүнөн, же жүрүм-турумунан калпыстык кетиргенде колдонулат. Ошондой калпыстыкты акыркы кездери бир катар саясатчылар кетиришип, өткөн аптада дүйнөлүк маалымат каражаттары аларды байма-бай чагылдырып, элдин көңүлүн бир топ алаксытты.

Чоң саясатка аттанган соң, ар бир айткан сөзүңдү гана эмес, кийген кийимиңди, баскан-турганыңды, атүгүл тамашалап айткан кебиңди да, айтор баарын таразалап, салмактап туруу – айныгыс талапка айланат тура. Ушул да жашообу? – дегендер четтен табылат. Андай болсо саясатчы болбой эле коюңуз. Бирок, саясатчылар да адам да, көңүлү көтөрүңкү, маңдайындагы элдин маанайы куунак болсо, пенделикке алдырып, далай калпыстыктарды кетириши мүмкүн. Мисалы, Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускони өткөн аптада чоң телепрограммада эки жаш аялга комплимент айтып тийише коем деп, гезит аркылуу жубайынан кечирим суроого мажбур болду. Ага удаа Жапониянын саламаттыкты сактоо министри аялдарды “төрөт машинеси” атап, жергиликтүү жана эл аралык сынчылар эркектер үстөмдүк кылган жапон өкмөтүн чабуулга алышты. Азырынча жапон министри кызматынан кетээр-кетпеси беймаалым, бирок мындай калпыстык саясатчынын мансабын түбүнөн муунтушу толук мүмкүн, дейт Франциялык саясий аналитик Жан-Пьер Дарни:

- Кээ бир учурда мындай калпыстык карьераны токтотот. Балким, бул жөн гана калпыстык эмес, жүрүш-турушка байланыштуу болсо, абдан катуу таасир этиши ыктымал.

Климат өзгөрүп, Европада күн жылуу болгонунанбы, эмнеси болсо да, соңку апталар андай калпыстыктарга бай болду. Францияда президенттикке талапкер Сеголе Руаяль дипломатиялык ката кетирүү жагынан алгачкы чеберчилигин көрсөтө алды.

- Мен бүгүн эртең менен сиздин радиодогу кесиптешиңизге өз позициямды ачык эле айткам.

Социалисттик партиянын талапкери Руаяль айым радиодогу таңкы программада Канададагы француз тилдүү Квебек чөлкөмүнүн эгемендигин колдой турганын билдирип, Канада өкмөтүнүн каарына калды. Ырасмий Оттава француз саясатчысы Канаданын ички ишине кийлигишип атат деп айыптап, андай болсо Франциянын Корсика аралына көз карандысыздык берип алсын деп ачууланды.

Париждик саясатчынын бул олдоксон пикири талкууланып бүтө электе Франциянын президенти Жак Ширак Ирандын бир эмес, эки атомдук куралы болгон күндө да, анчалык деле коркунучтуу эмес деп кабарчыларды таң калтырды. Ширактын администрациясы шашылыш билдирүү жасап, “Франция эл аралык коомчулук менен бирге Ирандын массалык кыруучу куралга умтулуусуна каршы” деп жарыялады.

Париждик эксперт Дарни саясатчылар кээ бирде командасынын муну айт, тигини айтпа дегендерин уга берип, тескерисин жасап алат деген пикирде.

- Менин оюмча, саясатчылардын күн тартиби командасы тарабынан түзүлөт эмеспи, анан алар Эй- Би-Си тууралуу айтып, Е жөнүндө такыр ооз ачпаңыз деп кулагына куят. Анан саясатчылар элдин алдында ачылып кетип, балким, тескерисинче, тыюу салынган Е тууралуу айтып кирет.

Баарынан да Дүйнөлүк банктын президенти Пот Вулфовиц ыңгайсыз абалда калды. Анткени дүйнөдөгү жакырчылык менен күрөшүп келаткан башкы банктын президенти Түркиядагы мечитке киргенде, бут кийимин чечсе, эки байпагындагы жыртыктан бармактарынын баштары чыгып калса болобу. Жылдык маянасы 400 миң долларга жакын дүйнөлүк башбанкирдин бутунун бармактары көрүнгөн сүрөтүн жалкоолор гана жарыялаган жок окшойт. Түркиялык байпак чыгарууга адистешкен компания Вулфовицке боору ооруп кетип, эң мыкты сапаттагы 12 жуп байпак белекке тартуулады. Ошондуктан чоң саясатчы болом десеңиз, баарынан сак болгонуңуз эп.



Сүрөттө: Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускони эки жаш аялга комплимент айтып тийише коем деп жубайынан кечирим суроого мажбур болду.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG