Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨКМӨТТҮН СТРУКТУРАСЫН БЕКИТТИ


Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөттүн структурасын бекитти. Премьер-министр Азим Исабеков ушул жума ичинде өкмөттүн курамы түзүлөрүн билдирди. Айрым депутаттар президенттин карамагына өкмөт баш мыйзамда көргөзүлбөгөн жыйырмага чукул мекеме-уюмдарды бергенин Конституцияга карама-каршы келет деп эсептешүүдө. Ушул эле күнү премьер-министрдин аппарат жетекчиси Турусбек Коеналиев өз каалоосу менен кызматтан кеткенин «Азаттыкка» билдирди.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Искак Масалиев өкмөттүн түзүмү боюнча комитет колдоо керек деген чечим чыгарганын жарыялады.

-Кечээ кечинде сессиянын тапшырмасы боюнча өкмөт менен иштеп, биз комитетте карап, корутнду чыгарууну туура көрдүк. Ушул негизги депутаттардын сын-пикрилери, сунуштары эске алынган. Бир топ өзгөртүүлөр киргизилди. Өкмөт, президент буга макул. Ошондуктан биз комитетте колдош керек, деген чечим чыгардык.

Масалиев белгилегендей депутаттардын сунушу менен өкмөттүн структурасында жаңы эки министрлик - Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги менен Экономиканы өнүктүрүү жана сооданы министрлиги деп түзүү сунуштулган. Анын айтымында, депутаттардын сунушу эске алынып, бир катар агенттиктер кыскартылган. Масалиев ошондой эле мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети деп атоо боюнча корутунду чыгарышканын билдирди.

Депутат Темир Сариев министрлик, агенттиктерди кыскартуу боюнча айрым депутаттардын сунушу эске алынбаганы кийин келип өкмөттүн ишин артка тартышы мүмкүн деп билдирди.

-Айтып коюшубуз керек. Силерден сурай турган күн тез эле келип калат. Анткени алдыңыздарда бюджет турат, отчет турат. Анан ошондо өзүңөр түшүнөсүңөр. Чоң өкмөт түзүп алып, баш аягын жыя албай жатабыз, деп айтасыңар.

Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин корутундусунун негизинде өкмөттүн структурасын бекитүү добушка коюлуп 57 депутат макул болушту. Ошентип өкмөттүн структурасында 14 министрлик, 5 мамлекеттик комитет жана 11 мамлекеттик агенттик, бир каржы полициясы бар. Түзүм башында премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер министр турат. Премьер-министр Азим Исабеков өкмөттүн азыркы курамында көп деле өзгөртүү болбостугун билдирди.

- Өкмөттүн курамына биринчи дайындоолор бүгүн болот. Өзгөртүүлөр көп болбойт. Буюрса, ушул структура экономикага иштесе экен деген тилегим бар,- деди Азим Исабеков.

Премьер-министрдин аппарат жетекчиси Турусбек Коеналиев ушул эле күнү өз каалоосу менен кызматтан кеткенин «Азаттыкка» билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Калман да өз калоосу менен кызматтан кеткенин Коеналиев тастыктады.

Ал эми айрым саясатчылар, депутаттар өкмөттүн жаңы түзүмүндө Социалдык фонд, Чек ара кызматы, Улуттук статистика комитети баштаган жыйырмага жакын борбордук органдар, субьектилер Президенттин карамагына берилишин Конституцияны бузгандык катары эсептешүүдө.

XS
SM
MD
LG