Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:56

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ӨКМӨТТҮН СТРУКТУРАСЫНДА РЕВОЛЮЦИЯЛЫК ЖАҢЫЛЫК ЖОК...


Жогорку Кеңештин депутаты, «Реформа үчүн» кыймылынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөттүн түзүмүн, жалпы эле аткаруу бийлигинин структурасын аныктоодо өкмөт, көпүчүлүк депутаттар эски түшүнүктөрдүн «туткунунда» болгонун «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде билдирди. Текебаев ошондой эле өкмөттүн структурасы стандарттуу, эч кандай революциялык жаңылыгы жок структура болгонун белгиледи.

- Өкмөттүн түзүмү депутаттар тарабынан бекитилди. Мына ушул өкмөттүн структурасына сиз канаттандыңызбы?

- Өкмөттүн түзүмүн, жалпы эле аткаруу органынын структурасын аныктоодо өкмөт да, депутаттардын көпчүлүгү да эски түшүнүктөрдүн тутумунда болду. Марттык менен тигил же бул тармакты, мамлекеттик органды президентке берип коёлу деп жыйырмадай борбордук органдарды президенттин карамагына өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Ушулардын бары туура эмес. Президент Конституцияда көргөзүлгөн гана ыйгарым укуктарды аткара алат, андан ашыкча ыйгарым укук аткара алышы мүмкүн эмес.

Социалдык фондду да, Улуттук статистика комитетин да жана башка майда толгон нерселердин бары өтүп кеткени болбош керек, мунун барын өкмөт караш керек. Мен ушул оюмду каалоо катары өкмөткө айттым. Эми өкмөт башчысы ушуну жасай алабы, же унчукпай президенттин алдында, же президенттин иш башкармасынын алдына калтырып коёбу, муну убакыт өткөндө көрөбүз. Негизи өкмөт структурасы стандарттуу, чоң революциялык жаңылыгы жок структура болду.

- Жаңы өкмөттүн келечеги кандай болот деп ойлойсуз?

- Чынын айтканда өкмөттүн структурасы чоң нерсени аныктабайт, эң негизгиси өкмөт сунуштаган программа аныктайт. Мына ошол өкмөттүн структурасы ушул программага дал келиш керек, ушул программаны алдыга жылдырып турмушка ашырганга чак болгондой структура керек. Ал эми мурунку өкмөттүн, азыркы өкмөттүн да программасы бизге белгисиз болгондуктан, мен канчалык ошол программага сунуш кылынган структура чак келет айта албайм.

- Ушул жуманын ичинде өкмөттүн курамын бекиткени атышат. Ошондо тааныш-тунуш саясаты менен министрлер дайындалып калбайбы?

- 2010-жылга чейин бүгүнкү президентке чоң ыйгарымдар берилген, премьер министр менен бирдикте өкмөт мүчөлөрүн президент аныктайт. Бирок бүгүнкү өкмөт башчысынын президенттин кол алдында иштеп ага милдеттүү экенин, саясий жактан президентке милдеттүү, бул кызматка ал өз күчү менен түртүп, жарып, чыканактап келип жеткен жок. Президенттин амири менен жетип отурат, демек өкмөттүн курамын гана эмес өкмөттүн алдындагы, министрликтин алдындагы агенттиктер менен инспекциялардын жетекчилерине чейин президент аныктайт деп мен ишенем. Ал эми канчалык сиз айткандай кадр тандоо саясаты объективдүү болот, аны президент тиешелүү жардыктарын чыгаргандан кийин айта алабыз.

XS
SM
MD
LG