Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ КОНГРЕССКЕ 2008-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТ ДОЛБООРУН ТАРТУУЛАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 5-февралда Конгресске 2008-жылдын бюджетинин долбоорун сунуш кылды. Өкмөттүн планы боюнча, аскерий максаттарга бардыгы болуп 625 миллиард доллар сарпталууга тийиш, коргонуу үчүн мынчалык көп акчаны АКШ кансыз согуш учурунда гана коротчу.

Каржы жылы АКШда 1-октябрда башталат. Президент Жорж Буштун планы боюнча, өлкөнүн жалпы бюджети эки триллион 900 миллиард доллар болот жана анын 624 миллиард 600 миллиону, же 18 пайызы коргонуу максаттарына жумшалат, аны менен Пентагондун бюджети 11 пайызга көбөйүүдө.

Аны менен катар, президенттин айтымында, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын 2012-жылга карата таптакыр жоюш керек. 2006-жылы ал тартыштык 248 миллиард долларды түзсө, 2008-жылы 239 миллиард болууга тийиш, 2004-жылы болсо тартыштык эбегейсиз 413 миллиард долларга жеткен. Тартыштыкты жоюу үчүн аскерий эмес тармактардагы каржылоонун көпчүлүгү кыскартылууга тийиш.

Ирак менен Ооганстандагы согуш үчүн өкмөт эмдиги жылы 142 миллиард доллар коротууну пландап жатат, буга чейин бардыгы болуп бул эки согушка 350 миллиард кеткен. Бирок Буштун айтымында, согушка корогон каражаттын көлөмү пландалгандан да көбөйүшү мүмкүн. Чегерилип жаткан 625 миллиард доллардын калган бөлүгү негизинен террорчулукка каршы күрөш жана жаңы курал менен аспаптарды сатып алууга жумшалат. Он миллиард долларга жакын акча Ирактын куралдуу күчтөрүн машыктырууга, бир миллард - Ооганстандагы баңги заттарынын тарашына каршы көрүлүп жаткан аракеттерге бөлүнүүдө.

"Биздин негизги максатыбыз - Америка элин коргоо жана биздин аскерлердин өз ишин аткарышын камсыз кылуу. Андан тышкары биз - улуттук парктар, билим берүү жана саламаттык сактоого да артыкчылык беребиз", - деди президент Буш 5-февралда.

Бюджет долбоору бир нече ай талкууланат жана Конгресстин айрым мүчөлөрү президенттин планын катуу сынга ала баштады. Сенаттын бюджет боюнча комитетинин төрагасы Кент Конраддын айтымында, мындай бюджет менен президент өлкө экономикасын жардан кулатат: "Президенттин сунуштары, эгер азыркы түрүндө жактырылса, өлкө кемесин аскага уруп, андан ары аны карыздын иримине кулатат", - деди Конрад ошол эле 5-февралда.

Эксперттердин айтымында, коргонуу үчүн азыр сарпталып жаткан акча Вьетнам согушуна корогон каражаттан алда канча көп жана аны кансыз согуш учурундагы аскерий бюджет менен гана салыштыруу мүмкүн.

Анткен менен Мэриленд университетинин профессору Питер Морисинин айтымында, Ирак менен Ооганстандагы аракеттер чындап эле эбегейсиз каражат талап кылууда, анткени Иракка кошумча аскер жиберүү жана жергиликтүү куралдуу күчтөр менен полицияны машыктыруу иштери өтө кымбат нерсе. Андан тышкары эл аралык террорчулукка каршы көрүлүп жаткан аракеттер менен мунайдан башка кубат булактарын табуу иштерине өтө көп акча сарпталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG