Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

ЖАҢЫ ӨКМӨТТҮН ЖАРЫМЫ ДАЯР


Чолпон Орозобекова , Бишкек Президент Курманбек Бакиев кечээ кечинде өз жарлыгы менен вице-премьерлерди жана айрым министрлерди дайындады. Жаңы Конституцияга ылайык президент өткөөл мезгилде өкмөттүн курамын жеке өзү чечкенге укуктуу, парламент менен да, премьер-министр менен да кеңешпейт.

Структураны парламент бекитип берээри менен кечээ кечинде саат жетилерде президент бир нече жарлыкка кол койду. Биринчи вице-премьер министрликке Данияр Үсөнов, а вице-премьерлик кызматка мурдагы Билим берүү министри Досбол Нур уулу дайындалды. Улуттук коопсуздук кызмат башчысы болуп Мурат Суталинов, Коргоо министри болуп Исмаил Исаков бекитилди. Мурдагы вице-премьер Тынычбек Табалдиев өкмөттүн аппарат башчылыгына дайындалды. Юстиция министри Марат Кайыпов менен Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов да ордунда калышты. Ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев ушул күнкү дагы бир жарлык менен кызматынан бошотулду, бирок азырынча ага башка орун сунуштала элек.

Президент эки күн ичинде өкмөт мүчөлөр дайындалып бүтөт деген, демек бүгүн калган кызматтарга ким келери да анык болот. Бирок бул өкмөт реформа жасай турган өкмөт эмес экени көрүнүп калды дейт Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиев.

- Албетте, конституциялык реформадан кийин жаш жана таза күчтөр келсе деп күткөнбүз. Бирок илең-салаң болгон баягы эле белгилүү адамдар келатканы көрүнүп калды. Демек, жакынкы жылдары эч кандай деле жылыш болбойт экен деп ойлой берсек болот,- дейт Каныбек Иманалиев.

Коомчулукта өкмөттүн курамы боюнча ар кандай ойлор айтылууда. Буга чейин оппозициялык күчтөрдүн катарынан да министрликке дайындалат экен деген да жоромолдор айтылган. “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Эмил Алиев “Азаттыкка” мындай оюн билдирди:

- Менимче, өкмөттүн жарымы жаңыланат го деп ойлойм. Арасында мурда оппозицияда жүргөн да адамдар келиши ыктымал. Себеби, оппозиция конституцияны кабыл алып атканда өз позициясынан тайып, президентке азыркы жаңы Конституцияны тартуулады. Демек, кандайдыр оппозициячыл саясатчылардан келип да калышы ыктымал,- дейт Эмил Алиев.

Атуулдук коом өкүлдөрү буга чейин криминалдык топтор менен ачык күрөшүп, көп учурларда саясий эркин көрсөтө алган Өмүрбек Суваналиевдин кызматтан кетишине ачык каршы чыгышкан. Укук коргоочу Эдил Байсалов Өмүрбек Суваналиевдин кызматтан бошотулганына өкүнүү билдирсе, бирок жок дегенде Данияр Үсөновдун ордунда калганы туура болду деп эсептейт:

- Исабеков бул техникалык гана премьер-министр. Бул киши парламентте сүйлөгөндө мунусуна деле макул, тигинисине деле макул, өзөгү жок экенин көрсөттү. Демек, бул кишинин жанына Данияр Үсөновдой адам керек. Ал биринич скрипка, солист жана генератору болот деп ойлойм. Анын бул орунда калганы туура эле болду го деп ойлойм,- дейт Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңештин депутаты Султан Урманаев болсо бул багытта маанайы башынан эле чөгүңкү болгонун, ушул өңдүү дайындоолор күтүлүп атканын билгенин билдирди:

- Жакшы кчтүү өкмөттү түзөлү деген бир ой болсо бир жөн эле. Башынан эле кандай схема кеткенин түшүндүм дагы, көңүл деле бурбай калгам,- дейт Султан Урманаев.

XS
SM
MD
LG