Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

ПУТИН: ОРУСИЯ ЧОҢ ЖАНА БАЙ ӨЛКӨ ЭКЕНИН КӨРӨ АЛЫШПАЙТ


Өткөн айда орус миллиардери Михаил Прохоров Франциядагы Куршевель курортунда “жаш кыздарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү” деген кине боюна кармалганда, Москва бул окуяны Орусияга каршы кампания деп атады. Кремль Батышта антиорусиячыл маанай жайылып кеткенин моюнга алып, соңку кездери саясий рекламага каражат сарптай баштады.

- Бири-бирине карама-каршы эки системалуу дүйнө бузулгандан кийин айрым бирөөлөр эми дүйнө бир беткей болуп калды, бардык маселелерди бир борбор чече алат деп туура эмес түшүнүп алган. Орусиянын экономикалык, аскердик, саясий таасири өсүп баратат жана жок болду делинген атаандаш кайра баш көтөрүп келатат. Маселе ушунда – кимдир-бирөөлөр Орусиянын кызыкчылыктарын эске алгысы келбейт, болгону өзүлөрү бизге бөлүп койгон орунга гана тургузуп койгусу бар.

Орусиянын президенти Владимир Путин жакында өткөн маалымат жыйында өз өлкөсүнүн дүйнөдөгү таасири жөнүндөгү талбай айтып келаткан оюн дагы бир жолу ушунтип кайталады. Москвалык саясатчылар Батышта, атүгүл кечээки эле шерик – Чыгыш Европада да орустарды жактыра бербөө сезими күчтүү экенин моюнга алышат. А бирок андай сезим эмнеден улам пайда болгонун көп деле терең казып анализдешпейт. Путин өзү жаңы жыл алдында Германияда бир журналист: "Чет элдик прессада Орусия туурасында терс көз караш үстөмдүк кылат. Эмне үчүн?” деп сураса “Алар Орусия абдан чоң жана бай өлкө болгон үчүн жаман көрүшөт,” - деген жооп узатты.

Франциядагы Куршевель курортун 3 көтөрө жаңы жыл тосуп, ал жердеги эс алуучулардын беймазасын алган орусиялык миллиардер Михаил Прохоров баш болгон “жаңы орустар” тобу полиция тарабынан кармалганда, көпчүлүк аларга кандай олуттуу кине тагылып атканынан кабарсыз эле. Көп узабай француз полициясы Прохоров жана анын баштары соолуга элек досторуна жаш кыздарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү, же жөнөкөй тил менен айтканда, сойкулардын эл аралык синдикатына аралашкан деген кине тагылаарын билдирди. 41 жаштагы Орусиялык чириген бай карт бойдоктордун бири Прохоров бир нече күн абакта отуруп чыгып бошонду. Бирок ал абакта отурган күндөрү Орусиялык бир катар саясатчылар бул окуяны Москванын жогорулап бараткан эл аралык беделине каршы атайын сокку деп баалашты. Маселен, Мамлекеттик Думанын депутаты Алексей Митрофанов: “Батыштагылар бизди башынан эле жаман көрөт. Советтер Союзу маалында капчыгында 25 доллары бар советтик туристти алар КГБнын тыңчысы деп кабылдашса, азыр деле калың капчыктуу байлардан шек санашат”, - деп комментарийледи.

Эмнеси болсо да, соңку апталарда Москва Орусиянын чет өлкөлөрдөгү кадырын көтөрүүгө багытатталган бир катар иш-чаралар өткөрдү. Алсак, 1-вице-премьер-министр, көшөгө артында Путиндин мураскору аталып жүргөн Дмитрий Медведев жан-жөкөрлөрүн ээрчите Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга барып, Орусиянын дымактуу өнүгүү планын жарыялады. Газ, мунайдын баасын кымбаттатып, КМШ алкагында бир катар татаал маселелер жараткан Газпром компаниясы жакында Вашингтондо жайгашкан саясий реклама боюнча белгилүү фирмага кайрылып, чет мамлекеттердеги беделин жогорулатуу боюнча кеп-кеңеш сурады.

Журналист Анна Политковская, экс-тыңчы Литвиненконун киши колдуу өлүмүнөн улам ар түрдүү сөзгө чалынган Орусиянын чалгындоо кызматы – ФСБ калк арасындагы кадырын бекемдөө максатында Антарктикага көрсөтмөлүү экспедиция уюштуруп, киши буту баса элек уюлга жете барып, мамлекеттик желекти салтанаттуу жагдайда желбиретти.

Экспедициянын иши орусиялык телеканалдарда кеңири чагылдырылып, ага катышкан ФСБ башчысы президент Путин менен телефондон баарлашканы да тартылып көрсөтүлдү. Орусия жөнүндө Батышта бир беткей маалымат берилбесин деген ойдон Москва англис тилдүү Russia Today телеканалын жана russiaprofile.org, rtnews.ru интернет сайттарын ишке киргизди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG