Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Э.МАМКУЛОВ: УКРАИНАНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ БИЗ ҮЧҮН АБДАН МААНИЛҮҮ


Төрөкул Дооров, Киев Жаңы кылымдагы түстүү ыңкылаптар постсоветтик үч башка мамлекетте бийликтердин алмашуусуна алып келди. Кыргызстан менен Украинаны да бул эки өлкөнүн дээрлик бирдей саясий реформадагы тажрыйбасы жакындаштырып тургандай. Кыргызстан үчүн Украинадагы реформалардын мааниси кандай? Эки мамлекет ортосундагы соода-сатык алакаларынын өнүгүшүнө эмне кедерги болуп жатат? Бул суроолорго боюнча «Азаттыктын» кабарчысы Төрөкул Дооров Киевде Кыргызстандын элчиси жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн.

Кыргызстан менен Украина көз-карандысыз мамлекеттер катары СССР кулагандан кийин гана кызматташа баштады. Буга чейин ортодогу соода-сатык алакалары болобу, же саясий кызматташтыкпы, айтор, кандай гана алыш-бериш болбосун баары Москванын көрсөтмөсү менен иштеп турган. Бирок байланыш деле жаман эмес эле. Азыр болсо Украина менен карым катнашта дале чоң секирик орун ала электей.

Кыргызстандын Киевдеги элчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, кандай гана маанидеги кызматташтык болбосун, анын өнүгүшү үчүн, эң оболу, Кыргызстанда да, Украинада да саясий туруктуулук болушу зарыл.

-Азырынча Украина тарап Кыргызстан менен кызматташууга активдүү кызыгуу билдире элек. Өз алдынча мамлекеттер катары мамиле түзгөнүбүзгө 15 жыл болсо да, азырга чейин биз ортодогу чарбачылык мамилелерди, эки тараптагы ишканалар ортосундагы кызматташтыкты, кайра жандантуунун үстүндө иштеп жатабыз. Дагы эле ошол этаптан чыга элекпиз. Украина, өзүңүздөр билгендей, көбүрөөк Европага ык алган саясат жүргүзүп жатат. Орусия, Беларус жана европалык өлкөлөр менен алаканы чыңдоого аракет кылганы байкалууда. Ал эми Орто Азияда Казакстан жана, өзгөчө, жаратылыш газ жаатында Түркмөнстан менен жандуу кызматташуу жүрүүдө. Ошентип, бизде экономикалык мүмкүнчүлүктөр чектелүү болуп жатат. Анткен менен Кыргызстанда да Украина менен өнүктүрсө боло турган бир топ тармактар бар, алардын бири – гидроэнергетика. Мисалы, биз Украинанын Харьковдогу заводунан гидроэлектр станцияларыбыз үчүн техника алабыз. Андан сырткары, биздин «Кыргызалтын» бул жакта Кременчугдагы автозавод менен иштешип жатат. Биздин ортодогу кызматташтык жанданышы үчүн, эң башкысы, Кыргызстанда да, Украинада да туруктуулук болушу керек, - деди Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эркин Мамкулов.

Элчи мырзанын айтымында, соңку жылдары эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү бир аз жогорулап, 2006-жылы 40 млн.АКШ долларын түздү. «Бирок бул баары бир аз», - дейт элчи.

Ал белгилегендей, Украинанын Кыргызстанга болгон 29 млн.АКШ долларынын көлөмүндөгү карызы - азырга дейре кызматташтыктын жандуу өнүгүшүнө алакыт болуп жаткан жагдайлардын бири.

СССР кулагандан кийин бир топ мамлекеттер бири-бирине карызы бар экенин түшүнүштү. Көрсө, Украина Кыргызстанга карыз экен. Бирок расмий Киев аны мамлекеттик карыз катары таануудан баш тартып, аны чарбалар ортосундагы маселе катары чечиш керектигин жактап чыгат. Өз кезегинде, Кыргызстан, Дүйнөлүк Соода уюмунун мүчөсү, эгерде Киев Бишкекке карызды төлөп бербесе, анда Украинанын аталган дүйнөлүк экономикалык клубка кошулушуна макулдугун бербейт деп келатат. Украина Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк алыш үчүн Кыргызстан менен тийиштүү протоколго кол коюшу керек.

Канткен да Кыргызстан менен Украинаны жакындаштырып турган башкы жагдай – бул эки мамлекет тең бетешип жаткан бирдей саясий тажрыйба. Эки өлкө тең жаңы доордун ыңкылабын баштан кечирип, аларда бийликтер алмашты. Эки мамлекетте тең саясий реформа жүрүп, азыр да дээрлик бирдей эле өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатышат.

Элчи Эркин Мамкуловдун ишениминде, Украинанын саясий тажрыйбасы Кыргызстан үчүн баалуу нерсе.

- Украинада, мынакей, бир жылдан бери саясий реформа болуп жатат. Азыр өлкө дээрлик толугу менен саясий өнүгүүнүн, түзүлүштүн жаңы моделине ээ болду десек болот. Мамлекет азыр парламенттик-президенттик башкаруу формасына өттү. Бизде да жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, бир топ өзгөрүүлөр орун алууда. Андыктан украиналыктардын тажрыйбасы биз үчүн өтө актуалдуу маселе, - деди Эркин Мамкулов.





Кыргызстан менен Украина ортосундагы соода алакаларын биз Киевдеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушууда да козгодук.

Азамат Исмаилов менен Жакшылык Борочоров Киев менен тыгыз байланышта иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлерден. Экөө тең Түркияда билим алган, соңку жылдары Украин базарына кызыга башташты.

Ж.Борочоров: Биз Кыргызстанга Түркиядан таттууларды алып барабыз.

«Азаттык»: Ал эми Кыргызстандан эмне алып барасыздар?

Ж.Борочоров: Кыргызстандан Тажикстанга бечене сатабыз. Биздин бизнес ушундай көп тармактуу.

«Азаттык»: Кыргызстандан Украинага эмне алып келесиздер?

А.Исмаилов: Азырынча, Украинага Кыргызстандан эч нерсе алып келе элекпиз. Анткени Украина биздин товарларга квота киргизип койгон. Бул маселеде Кыргызстандагы украиналыктардын коомчулугу аябай жакшы иштеп жатат. Алар өздөрүнүн ишкерлерине жакшы жардам көрсөтүшүүдө. Азыр Кыргызстандагы дүкөндөргө, супермаркеттерге кирсеңиз, украиналык товарларды көп көргөнгө болот. Бул да алардын ортосундагы ынтымактын, колдоонун натыйжасы болсо керек.

«Азаттык»: Азамат мырза, Жакшылык мырза, экөөңүздөр тең ишкер экенсиздер. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги билдиргендей, азыр Кыргызстан менен Украина ортосундагы соода жүгүртүү эми эле 40млн.АКШ долларына жетип калды. Эмнеге мынчалык аз?

А.Исмаилов: Себеби, биз азырынча Кыргызстан менен түздөн-түз иш кыла элекпиз. Ал жактан эч нерсе алып келе элекпиз. Биз көбүрөөк Түркиядан товар алып келип, бул жакка сатабыз. Бизде, тетирисинче, азыр Украинадан Кыргызстанга буюм-тайымдарды алып баралы деген ниетибиз бар. Анткени бул жакта жетиштүү түрдө өндүрүш бар. Ал эми Кыргызстандан бул жакка алып келине турган нерсе аз, анын үстүнө, ал жактан алып келинчү, киреше берчү товарларга да квота киргизилген. Мисалы, бизде Токмокто айнек заводубуз бар. Ал жактан айнек алып келсеңиз да болот, талап бар. Бирок азыр ага киргизилген квотанын негизинде аны бул жакка алып келгенде эч кандай киреше көрбөйсүз. Негизи эле, Украина менен Кыргызстан ортосунда соода келишимдери абдан аз. Кыргызстандан, мисалы, Майлысайдан лампочке келет. Ага да чектөө коюп коюшкан, анткени аны бул жакта да чыгарышат. Жалпысынан, Кыргызстандан алып келсе боло турган нерлелерибиз бар, бирок алынып келинбейт, себеби Украинаны жакшы билген кыргызстандык ишкерлерибиз деле аз, бул жакта иш баштоодон коркушат. Буларды чечиш үчүн мамлекеттер ортосунда соода келишимдерин түзүш керек.

«Азаттык»: Сиздер азыр украиналык тарап менен ушундай келишимдер керек экенин айтып жатасыздарбы?

А.Исмаилов: Биз муну элчиликке да айттык. Биздин мамлекет деле мунун баарын билип, көрүп турат. Бирок өзүңүздөр деле азыр өлкөбүздөгү абалды жакшы билесиздер. Андыктан эч кандай өзгөрүүлөр боло элек. Ушунун айынан азыр көп милдет биздин жөнөкөй жарандарга түшүп калып жатат. Алар кыйынчылыктарды өздөрү чечип жатышат, - дейт кыргызстандык ишкер Азамат Исмаилов.

Украина менен Түркия ортосунда иштеген кыргызстандык ишкерлердин саны бул жерде 10 чакты адамды түзөт. Бирок түздөн-түз Кыргызстан менен иштешкендери аз. Ушундан уламбы, ортодогу соода жүгүртүүнүн көлөмү деле эч качан оозду ачырган эмес. Бизнесмендердин өздөрүнүн айтымдарында, алар үчүн тоскоолдуктар көп болуп жатат.

XS
SM
MD
LG