Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:19

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ: ТАЛАШ-ТАРТЫШТЫ АЗАЙТЫП, ИШКЕ ӨТҮҮ КЕРЕК


Кыргызстандын өкмөтүндөгү соңку дайындоолор жөнүндө Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

-Кечээтен тарта өкмөт мүчөлөрү дайындалууда, жардыктар бүгүн да чыкса керек. Кимдер келип жатканынан, келээринен кабарыңыз бардыр. Албетте, өкмөт эми сыйкырчы эмес. Бирок эл кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү күтөт. Азыркы курамды толугу менен президент Бакиевдин командасы деп атасак болобу. Алар өзүн көрсөтүүчү жагдай түзүлүп жатабы?

- Чындыгында, азыркы премьер-министр абдан көп жылдардан бери президент Бакиев менен иштеген. Ошон үчүн экөө макулдашып ар бир кандидатураны коюп атат деп ойлойбуз. Ошол эле маалда азыр кичине стабилдүүлүктү алып келиш үчүн, экономиканы көтөрүш үчүн бир топ жаңы министрликтер пайда болду. Биздин парламент дагы бир жумадан бери талаш-тартышта болду. Себеби өзүбүздүн ой-пикирлерибизди, кошумчаларды айттык. Жакшы эле болду деп ойлойбуз. Өкмөт дагы, премьер-министр дагы көпчүлүккө макул болду. Биздин азыркы оюбуз мындан ары талаш-тартыштарды азайтып, биргелешип тынчтыкты, экономиканы өйдө көтөрүү.

- Күч министрлери ордунда калды. Ички иштер министри гана алмашып отурат. Өмүрбек Субаналиевдин бул ирет кошулбай калышын эмнеге байланыштырасыз. Мунун команда деген түшүнүккө тиешеси барбы?

- Күч министрликтерден ички иштер министри болуп Ногойбаев мырза келди, кечээ кечинде Жарлыкка кол коюлуптур. Чындыгын айтканда Субаналиев мурунку премьер-министр Кулов менен аябай тыгыз байланышта, оң колу болуп келген. Ал эми Ногойбаевдин келгени, ал ички иштер министринин орунбасары болуп келген, кийинки убакта баңги заттарга каршы күрөшүү боюнча агенттиктин директору эле, генерал. Мурунку эмгектери эске алынып коюлдубу деп ойлойм.

- Ысыккөлдөн шайланган депутат катары Кумтөр маселесин көптөн бери көтөрүп жүрөсүз, Кумтөрдүн проблемасын мурдагы курам чече алган жок. Кандай дейсиз, өкмөттүн азыркы курамы ушул маселени чечүүгө кудурети жетеби?

- Мамлекеттик комиссия түзүлгөн Кумтөр боюнча, иштер уланып атат. Андан тышкары парламенттик комиссия дагы түзүлүп, ушул айда жыйынтыгы чыгат. Анан сөзсүз мамлекеттик саясат өзгөрүлөт. Себеби Кумтөр боюнча 960 тоннадай алтын запасыбыз бар. Бул союз убагынан бери разведкадан өткөн. Ошол эле маалда мамлекетке каршы, зыян келе турган келишим түзүлүп калган. Мына эми баарыбыз чогулуп туруп оңдойбуз, кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөй бурабыз.

- Бюджет маселесине качан киришчүдөйсүңөр?

- Эмки жумадан баштап бюджет маселеси каралат. Андан кийин өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзам даяр деп кечээ премьер-министр айтты. Ал дагы кийинки жумада биздин парламенттин кароосуна киргизилет.

- Адатта өкмөт бир жылдык иши боюнча жаз айларында Жогорку Кеңеште отчет берет. Демек бул өкмөт жаңыланып кайра түзүлгөнүнө карабай өткөн жыл үчүн отчет берүүгө милдеткер болот да туурабы?

- Сөзсүз. Конституция боюнча бир жылда бир өкмөт парламенттин алдында отчет бериш керек. Жаңы келди, жаңы өкмөт отчет бербесин деген мыйзам жок. Анын үстүнө азыр көпчүлүк мурунку иштеп жүргөн министрлер калып атат, мисалы биринчи вице-премьер министр. Ошон үчүн бары бир отчет бериши керек, биз баа беребиз.


Суроо салган Улан Эшматов

XS
SM
MD
LG