Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

ЖАҢЫ ӨКМӨТТӨ ОППОЗИЦИЯГА ОРУН ЖОК


Кыргызстанда жакын арада өкмөттүн толук куралышы күтүлүүдө. 6-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы структурасын бекиткенден кийин бир катар министрлер дайындалды. Азырынча калган 9 министрликке, бажы жана салык боюнча мамлекеттик комитеттерге жетекчилер дайындала элек. Бирок өкмөт курамына оппозициялык саясатчылар кирбеси айкын болууда.

Маалым болгондой, 30-декабрда кабыл алынган Конституциянын өткөөл мезгилди камтыган жобосуна ылайык Жогорку Кеңеш премьер-министрди дайындоого гана макулдук берет. Ал эми өкмөттүн калган мүчөлөрү президенттин жардыгы менен дайындалат.
Ошого байланыштуу азыркы кезге карай өкмөттүн экономикалык тармакты тейлеген министрликтерине, тактап айтканда экономикалык өнүктүрүү жана соода, энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары, каржы, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлерин, салык жана бажы боюнча мамлекеттик комитеттердин башчылыгына дайындоолор боюнча президенттин жардыгы күтүлүүдө. Андан сырткары 12 мамлекеттик агенттиктин жетекчилери, Тышкы иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине да дайындоолор боло элек.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, өкмөттүн курамы бүгүн-эртең толук куралып бүтөт.

Буга чейинки маалыматтарда оппозиция өкүлдөрүнө өкмөттөн кызмат сунушталышы ыктымалдыгы айтылган. Бирок «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, оппозиция өкүлдөрүнө андай сунуш болгон жок:

- Мен билгенден оппозициялык маанайдагы депутаттардын бирине да сунуш болгон жок.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев да өкмөттөгү калган орундарга оппозиция өкүлдөрү дайындалбастыгын ачыктады.

Оппозиция лидерлери өкмөт курамынын жарымы бекитилгенге карап, өз пикирлерин айтууда. Депутат Иса Өмүркулов дайындоолор тууралуу мындай оюн айтты:

- Азыркы дайындоолорго караганда эч деле өзгөрүүлөр болбойт деген ойдо болуп турам. Баягы эле кишилер. Мурунку бийлик, азыркы бийликтин айланасында жүргөндөр.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы өкмөт, анын программасы тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Бизде өкмөттүн программасы белгисиз. Жаңы премьер-министр өкмөттүн программасын жакында Жогорку Кеңешке киргизем деп убадасын берди. Бирок бул өкмөт өз алдынча өкмөт эмес. Бул президенттин алдындагы өкмөт. Ошондуктан биз андай программаны президенттен күтүшүбүз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG