Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

ТҮРКМӨНСТАН ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРДАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 11-февралда Түркмөнстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин өлкөдө бир гана президенттик шайлоо уюштурулган жана эми андай мүмкүнчүлүк - президент Сапармурад Ниязов декабрда күтүүсүздөн дүйнөдөн кайткандан кийин гана пайда болду.

21-декабрда президент Сапармурад Ниязовдун күтүүсүздөн каза болгону жөнүндө маалымат тараганга чейин саламаттык сактоо министри жана вице-премьер Гурбангули Бердымухаммедов дээрлик белгисиз болчу. Бирок азыр ал президенттикке негизги талапкер жана 11-февралдагы шайлоодо Бердымухаммедов жеңип чыгаарынан аз эксперт күмөн санайт.

Түркмөнбашы кайтыш болоору менен Бердымухаммедов шашылыш чараларды көрүп, президенттин ордун баса ала турган адамдарды чоң саясаттан четтетүүгө жана кезексиз президенттик шайлоого өзүнүн катышуусу үчүн талаптуу өзгөртүүлөрдү конституцияга киргизүүгө жетишти. Негизги оппозициялык саясатчылар чет мамлекеттерде жашайт, бирок алардын Түркмөнстанга кайтып келишине каршы чечкиндүү чаралар көрүлдү, ошондуктан көпчүлүк эксперттин пикиринде, Ниязов түзгөн режимдин маңызы Түркмөнстанда өзгөргөн жок.

Анткен менен шайлоонун өткөрүлүп жатканынын өзүн жана ага бирден ашык талапкер катыша турганын Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму алдыга жасалган кадам катары баалайт. Шайлоо учурунда чыныгы атаандаштык болоору күмөнгө салынганы менен, уюмдун айтымында, бул шайлоого колдоо көрсөтүлүүгө тийиш, бирок ага өз байкоочуларын жиберүүгө уюм үлгүрбөй калды.

1991-жылы өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин бир гана президенттик шайлоо өткөрүлгөн, ошондо дагы 1992-жылы болгон ал добуш берүүгө бир гана талапкер - Сапармурад Ниязов - катышкан жана түркмөн шайлоочуларынын 99,5 пайызы өз добуштарын Ниязов үчүн берген. Кийин ал президенттик мөөнөтүн референдум аркылуу узартып, андан соң өмүрүнүн аягына чейин өзүн президент кылып жарыялап алган.

Күтүүсүздөн президенттикке негизги талапкер болгон Бердымухаммедов демократиялык тартип жана адилет мамлекеттик түзүлүш жөнүндө көптөгөн убада берүүдө. Январда шайлоо өнөктүгү башталганы менен байланыштуу эл менен жолукканда, ал минтип билдирди: "Мен - демократиялык өлкөнүн президенти болгум келет, биздин мамлекеттин жарандары бай болууга тийиш, алар эркин жашап, эркин эмгектенген өлкө керек. Биздин мамлекетте достук маанай, тынчтык өмүр сүрүп, коопсуздук менен биримдик болууга тийиш", - дейт түркмөн президентинин милдетин аткарган Бердымухаммедов.

Шайлоого дагы беш башка талапкер катышууда, алардын төртөө дубан губернаторлору, дагы бирөө - министрдин орун басары. Бирок британиялык "Файнэншл таймс" гезити 7-февралда жазганга караганда, шайлоо сыртынан демократиялык болуп көрүнгөнү менен, ал мурдагы эле ыкмалар менен өткөрүлөөрү анык. Мамлекеттик маалымат каражаттары болсо Бердымухаммедовду мактап, Ниязов учурунда кетирилген кемчиликтерди сынга ала баштады.

Ниязов кайтыш болгондон кийин Оваден деле деген абакта чыккан козголоң декабрда ырайымсыз басылганы тууралуу кабарлар бар жана расми маалыматтар боюнча эле 23 адам өлгөн. Айыл чарбасындагы кыйынчылыктар менен байланыштуу, үрөнгө сакталган буудай дагы сатылып кеткен деген маалымат бар жана америкалык Карнеги фондунун эксперти Марта Брил Олкоттун айтымында, эгер ал чын болсо, жазында Түркмөнстанда элдик толкундоолор чыгышы толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG