Шаршемби күндөгү жардык менен Марат Кайыпов юстиция, Султан Раев маданият жана маалымат, Шайлообек Ниязов саламаттык сактоо, Акылбек Жапаров каржы министри кызматтарына дайындалып, өздөрүнүн ордун сактап калышты. Миграция жана иш менен камсыздоо комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова, бажы комитетинин башчысы Салайдин Айдаров, салык кызматынын жетекчиси Токтобек Акматов, мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетов өз ордуларында калышты. Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Евгений Семененко кызматтан бошотулуп, анын ордуна Өктөмхан Абдуллаева, билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Осмоналиев дайындалды. Осмоналиев буга чейин билим берүү министринин орун басары кызматына аркалап келген.
Президенттин буйругу менен Туруспек Коеналиев маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигинин башчылыгына дайындалды. Коеналиев Феликс Куловдун өкмөтүндө аппарат башчы-министр кызматында иштеп келген эле.
Шаршемби күнү мына ушундай дайындоолор орун алды. Бирок дагы белдүү, маанилүү деп эсептелген төрт министрликке жетекчилер дайындала элек. Алар Тышкы иштер, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү, Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстар, Экономикалык өнүктүрүү жана соода, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери. Өкмөт башчы Азим Исабеков өкмөт курамы жума соңуна карай толук куралып бүтөөрүн билдирген.
Айрым оппозиция өкүлдөрү эки күндөн бери жүрүп жаткан дайындоолорду сынга алса, айрымдары системаны өзгөртүү зарыл деген пикирде.
-Азыркы бекитилгендерге караганда Кыргызстанга жогорку профессионалдык деңгээлде кызмат кылып берчү инсандар бар. Бирок биздин ойлогонубуз системаны өзгөртүү. Ансыз канчалык алтын киши келсе да система аны чайнап, терс жактарга түртө берет. Мына ушундай система бизде азыр сакталып турат,- деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, «Ата Мекен» партиясынын лидерлеринин бири Эркин Алымбеков.
Ал эми Ысыккөл облусунун мурунку губернатору Эсенгул Өмүралиев өкмөттө эски кадрлардын калышынын оң жагын мындай белгиледи:
- Менин оюмча, өкмөттүн туруктуу курамы иштегени жакшы. Эгерде бүгүнкү күндө коюлган маселелердин үстүндө ал министрликтер туура иштесе, менимче туруктуу өкмөт туура болот.