Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАРДЫН ЭТЕГИН КАРМАБАЙ ООКАТЫН КЫЛА АЛАБЫ?


Кыргызстан тыш карыздардын жүгүн жеңилдетчү HIPC программасына кирбей калса кредиттерди кантип төлөйт? Быйылкы жылдан баштап карыз акчалар кайтарыла баштайт. Бул карыздын үстөк пайызын араңдан зорго кайтарып келаткан өлкөгө чоң оорчулук келтирери турулуу иш.

Кенен бир жылдан бери талаш-тартыштан башы чыкпаган HIPC программасына кирбей калса Кыргызстан карызды кантип төлөйт суроосу эми коюла баштады. Мурдагы өкмөт башчы Кубанычбек Жумалиев байманалуу өлкөлөрдүн баары сырттан олчойгон карыз алып, ага баш оорутпай эле жашап жатышканын Батыш мамлекеттеринин мисалында көрсөттү.

- Карызды калк башына эсептей келгенде эң көбү Канаданын үлүшүнө тиет. Бир адамга 136 миң доллардан туура келет. Экинчи орунда Швейцария турат. Ал жердегилердин ар бирине 116 миң доллар туура келет.

Кыргызстандыктар киши башына 400 ашуун доллар карыз акча туш келерин күн кур эмес угуп келатышат. Мурдагы каржы министри Таалайбек Койчуманов карыздын аз-көптүгү өлкө жарандарын анчалык эле ойлонтпошу керек дейт. Анын ырасташынча, натыйжалуу башкаруунун жоктугунан Кыргызстанда карыз маселеси минтип чоң саясий талашка айланып отурат.

- Өлкөдө натыйжалуу башкаруу болмоюн, буга башкаруунун ачык, коррупциядан алыс болушу жана башка шарттар кирип кетет, бир нерсеге жетиш кыйын. Дурус дегидей инвестициялык шарт түзүп, дагы башка иштерди жасап убактысынча маселени жайкоого болот. Бирок да убагы келгенде мурдагы маселелер кайрадан калкып чыга берет,- дейт Т.Койчуманов.

Андай болбош үчүн Кыргызстанда коррупциянын тизгинин тартыш абзел. Парламент депутаты Темир Сариевдин маалыматына ынансак, бери дегенде 2 миллиард долларга жакын акча казынаны кыйгап өтүп, “көмүскө экономиканын” арыгын чабууда.

- Бизде «көмүскө экономиканын» деңгээли 70% жетип калды деп көз карандысыз эксперттер айтышууда. Анын бирден-беир көрсөткүчү – биздин Кытай менен болгон карым-катнаштар, анан биздин берип жаткан маалыматтарыбыз. Биздин соода-сатык 2 миллиард 200 миллион долларга жетип олтурат. Ошонун 2 миллиарды бизге кирген импорт, ал эми 200 миллион доллар бизден чыккан экспорт болуп жатат. Орусия, Казакстан менен болгон соода-сатыкты карап көрсөк, бул эбегейсиз чоң сандарды түзүп калат,- дейт Т.Сариев.

Непадам кыргыз өкмөтү көпчүлүктүн итиркейин келтирген HIPC программасынан баш тартса 15 жыл бою 40 миллион доллардан карыз төлөп, биртоп социалдык проблемаларын чечип алуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууганы туру. А бирок маселе улуттук уңгуга такалып, калктын ар-намысын козгоп калгандан кийин өкмөт жоопкерчиликти өзүнө албай, эл менен кеңешип алса болмок, дейт мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

- 70 миллион доллар карыз акчаны үстөгү менен төлөсө анда калган тармактарга каржы калбай жатпайбы. Бийлик калың элге, жалпы журтка кайрылышы керек эле да: “Хипикке кирелиби же бөлөк жолду табалыбы?” деп элге коюш керек эле. Ошондо бөлөк жолдор табылат болчу. “Көмүскө экономика”. Бул эгер ачыкка чыгарылса 10 – 12 миллиард сом бюджетке кошумча түшмөк. Андан тышкары бажы тармагында канча акча жүрүп жатат. Анан да мамлекеттик башкаруу системасы өтөле чоң. Облустарды жоюш керек деп айтып жатам. 600 миң кызматтык машине бар.

А бирок калк менен кеңешип карызды баарылап кайтарыштан мурун келген кредиттердин кайсынысы пайдалуу ишке жумшалды, канчасы талаага кеткенин тактап, кылдат текшерип чыгуу зарылдыгын кыргыз-америкалык адам укугу боюнча бюронун жетекчиси Наталья Аблова белгиледи.

- Кайсы бир карыз туура эле алынганын, калгандары туура эместигин аныктагандан кийин кредитти кайтарышыбыз керек. Ошондон кийин гана фонддорду түзүп калкка кайрылуу зарыл. Эчен ирет алдана берип оозу күйүп калган элдин ишениши деле кыйын.

Өкмөт жаңылангандан бери катуу соккуга кабылган HIPC программасына кирүү-кирбөө ыктыярдуу иш экенин Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банк биргелешкен билдирүүсүндө көрсөттү. Кыргызстан 15 жылга чейин 40 миллион доллар каражатты экономикасынын өнүгүшүнө жумшап туруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланабы же жокпу суроосу азырынча ачык.

XS
SM
MD
LG