Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

СУБАНАЛИЕВДИ КОРГОО КОМИТЕТИ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫН УЮШТУРАТ


«Эр айдоочу» коомдук бирикмеси, жаштардын «Канжар» кыймылы, Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылы 7-февралда Өмүрбек Субаналиевди коргоо комитетин түзүштү. Алар ички иштер министринин милдетин аткарып келген Субаналиевдин өкмөт курамынан четтетилишине нааразы болуп, ар кандай каршылык акцияларын өткөргөн жатышат. Ал эми президенттин кеңешчиси Болот Шамшиевдин пикиринде, өкмөт курамындагы өзгөрүүлөр мамлекеттик аппаратта болуп келген кадыресе көрүнүш, Субаналиевдин кызматтан четтетилишин саясатка аралаштырып, чуу көтөрүүнүн кажети жок.

Эр айдоочу» коомдук бирикмесинин башчысы Качкын Булатовдун пикиринде, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, Ички иштер министрлигин жетектеген министрлер коррупциянын гүлдөп өсүшүнө жол беришип, уюшкан кылмыштуу топ менен «коюн колтук» алышып келген. Ал эми Субаналиев ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган аз убакыттын ичинде уюшкан кылмыштуулук менен аеосуз күрөш жүргүзүп жаткан.

-Субаналиев министр болгондон бери өзүнүн татыктуу жүзүн көргөздү. Ал канчалаган уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин кармап, көмүскө кетип жаткан акчаларды, жанагы казинодон түшкөн «солго» кетүүчү акчалардын бетин ачып жатса аны кызматтан алып салышты.

Качкын Булатов ошондой эле Өмүрбек Субаналиевди коргоо комитети жакын арада Бишкекте жана башка аймактарда ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүшөөрүн билдирди.

Ал эми жаштардын «Канжар» кыймылынын мүчөсү Жалын Маматказиевдин айтымында, коомчулуктун үрөйүн учуруп, кылмыш дүйнөсү күчөп баратканда Субаналиев алардын жолун бөгөп, иштиктүү аракеттерди баштаган.

- Өмүрбек Субаналиевдин кызматтан четтетилиши менен криминалдык дүйнө кайрадан баш көтөрүп, биздин келечегибизге абдан чоң коркунуч туудурганы жатат.

Президенттин кеңешчиси Болот Шамшиевдин көз карашында, Кыргызстан демократиялык өлкө болгондон кийин коомдук уюмдар, кандайдыр бир кыймылдар өз пикирлерин билдирүүгө укуктуу. Ал белгилегендей, Өмүрбек Субаналиевдин кызматтан четтетилиши мамлекеттик аппараттагы кадыресе көрүнүш. “Андан эч кандай саясий чуу көтөрүүнүн кажети жок”.

Айрым байкоочулар өткөн жылы ноябрь айында “Реформа үчүн” кыймылы уюштурган митингди баш-аламандыкка, кагылышууга алып барбай, коомдук тартипти көзөмөлдөгөнгө Өмүрбек Субаналиевдин эмгеги жогору экенин айтышууда. Алардын баамында, 6-ноябрда митингичилер ак үйдү курчап, бийликтин отставкасын талап кылышып катуу турушканда, ички иштер министринин милдетин аткаруучу кылып Өмүрбек Субаналиевди дайындаган өлкө башчысы Бакиевдин жарлыгын президенттин администрациясынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевдин окуп бергени митинг толкунун басандаткан.

Өткөн жумада тогуз уюм президент жана премьер-министрге кайрылуу жолдоп, анда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан күрөшү белгиленип, аны министрлик кызматка бекитпей коюу тууралуу айрым депутат, саясатчылардын аракети айыпталган. "Эгерде Субаналиев жаңы өкмөттүн курамынан четтетилсе, анда аны биз мамлекеттик эмес саясат катары кабылдайбыз," деп белгиленген кайрылууда.

XS
SM
MD
LG