Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ: ӨКМӨТ АЛМАШТЫРМАЙ ЭЛГЕ ЭРМЕК, САЯСИЙ ШОУ БОЛУП КАЛДЫ


Маектешкен Улан Эшматов, Прага «Азаттыктын» маектеши саясат таануучу Орозбек Молдалиев.

- Кабарыңыз бардыр, бүгүнкү күнгө карата өкмөт курманынын жарымынан көбү белгилүү болуп калды. Алдыда беш, анын ичинде кайра уюшулган эки министрликтин жетекчилери дайындалышы керек. Айрым орун которуштуруулар болгону менен негизинен мурдагы эле курам. Куловдун адамы делген Өмүрбек Субаналиев гана кайра бекитилген жок. Артта калган 16 жыл көргөзгөндөй, өкмөт эң узак дегенде үч жыл иштеп жүрөт. Азыркы өкмөт эми келерки шайлоого чейин чыдайбы? Бул эмнеге байланыштуу болот? Азыркы өкмөттүн реформаларын сиз күтөсүзбү?

- Өкмөтүбүздүн курамы мурдагы бойдон эле калып калды. Анча-мынча бекитүүлөр калды, аларда деле чоң өзгөрүштөр болуп кетет деп күтүшкө болбойт. Структура боюнча бир аз эле өзгөрүштөр болду. Бизде эми структуралар мындай, дайыма эле кыскартуу жагына иштебейбиз. Мындай жаңы структура түзбөсөк экономикабыз көтөрүлбөй жатат деген аргументтер менен структуралар түзүлө берет. Экинчиден, бизге көнүмүш болуп калган адат, маанилүү мамлекеттик маселелер дайым шашылыш мезгилде чечилет. Эки айдан бери легитимдүү өкмөт жок болуп, биздин экономикабыз токтоп инвестиция келбей калды, тез структураны кабыл албасак болбойт деп структура шашылыш түрдө кабыл алынды. Депутаттардын өзүндө деле чоң сунуштар жок экен өкмөттүн структурасы боюнча. Баягы эле “муну жоюш керек, муну буга кошуш керек” деген сунуштар болду.

Өкмөттө Куловдун өкмөтүнүн ишиндеги аппараты иштеп атты Кулов кеткени менен. Аларда деле “структурабыз мындай болсо жакшы болот эле” деген концепция жок экен. Ушундан улам биздин өкмөттүн ишин мүнөздөп караганда, Кыргызстандын келечегине мындай структура болсо, мындай программаны аткара алат экен дегенге байланыш жок экен. Эптеп эле инерция боюнча иштеген өкмөтбү деген ойдо калып калып атабыз. Өкмөттүн канчалык узакка иштегендиги бул экономиканын өнүгүшүнө, инвесторлордун келишине, ички саясий акыбалга жараша болот. Премьер-министр деген “козел отпущения” сыяктуу көрүнүш болуп калбадыбы. Мамлекетте абал оорлошуп кетиши мүмкүн, жакшы эле ишендик эле, иштей албай койду деп бир жылга жеткирбей эле премьер-министрлер садага чабылып калчу эмес беле. Ошондой болуп калышы да мүмкүн ушул фигуралар.

Ошон үчүн биздин Кыргызстандын ички саясатында ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн. Өкмөт кандай убакта узака иштеши мүмкүн? Өкмөттүн так стратегиясы болуш керек. Ошол иштеп атса, ошондон жетишкендиктер көрүнүп атса, бул жерден эл дагы, парламент дагы, башка саясий күчтөр дагы мындай өкмөттү колдоп бермек. Ошон үчүн кайсы өкмөттү алса дагы эл мейли ушуну алганы ырас болду, ушул түшкөндөн кийин өзгөрүү болбосун деген үмүт менен өзгөрүштөрдү 15-16 жылдан берки премьерлердин түшкөнүн эл деле үмүт менен күтүп, эми жакшы кылаар деген. Ошого өзүбүз дагы көнүп алдык. Бул элге өзүнчө бир саясий шоу, эрмек болуп калды. Өкмөт жаңыланып, ошону карап, алаксып бир топ башка милдет-максаттардын алаксыган акыбалда жашап калдык Кыргызстанда. Жаңы өкмөттүн иши структурага байланыштуу болот. Бирок бул өкмөт жакшы стратегия түзө алабы?

- Дүйнөлүк банктын Эл аралык валюта кору кечээ билдирүү таратып, эгер азыркы өкмөт кайрадан ХИПКке кирүү ниетин бышыктаса биз бул маселени директорлор кеңешине сунуштаганга даярбыз деп айтылды. Сиз кандай дейсиз, азыркы өкмөт ХИПКтен баш тартчудайбы?

- Жаңы премьер-министр деле мурунку өкмөттүн курамында иштеп жүргөн киши. Бирок бираз тайсалдап, мен кийинчерээк жооп берейин дегенине караганда бул биздин өкмөттүн ичинде Кулов чечим кабыл алганда бир бүтүмгө келбей эле өзүлөрү кандай чече берет деген ойдо болуп атабыз. Эмне үчүн айыл чарба министри ХИПКке киребиз деген маселе боюнча макул же каршы болгон чечимге эмдигиче келген эмес. Эмне премьер-министр өзүнчө чечим кабыл ала бергенби? ХИПК боюнча ММКда жакшы анализ берилбей жатат, ушуну иштеп кете алабызбы, шарттарын аткара алабызбы деген так эч нерсе жок. Элдин көбү эле бул жаман нерсе экен, Африка болуп калат экенбиз дешет. Африкада деле сонун мамлекеттер бар. Африка Кыргызстан болуп калбайлы деп аткандыр мүмкүн.

XS
SM
MD
LG