Мамлекет башчынын мындан мурдагы жарлыктары менен Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер-министр, Досбол Нур уулу вице-премьер-министр, Тынычбек Табылдиев өкмөт аппаратынын жетекчиси, Мурат Суталинов Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин төрагасы, Болотбек Ногойбаев ички иштер министри, Исмаил Исаков коргоо министри, Ө. Абдуллаева эмгек жана социалдык коргоо министри, Марат Кайыпов юстиция министри, Н. Сулайманов транспорт жана коммуникация министри, Султан Раев маданият жана маалымат министри, Шайлообек Ниязов саламаттык сактоо министри, Акылбек Жапаров каржы министри, Каныбек Осмоналиев билим берүү жана илим министри, Салайдин Айдаров Бажы жана жыйымдар комитетинин төрагасы , Т. Турдумамбетов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамкомитеттин төрагасы, А. Рыскулова Миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамкомитеттин төрайымы болуп дайындалган болчу. (KCh)
Президенттин бүгүнкү жарлыктары менен жаңы түзүлгөн түзүлгөн Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министрлигине Игорь Чудинов, Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигине Сабырбек Молдокулов министр болуп дайындалышты. Ал эми Айыл, суу чарба, өнөр жайды кайра иштетүү министрлигине Талант Узакбаев дайындалды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча министр Жаныш Рустембеков ордунда калды. Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун ордуна Кыргыз-Орус (Славян) университетинин проректору болуп иштеп жүргөн Эднан Карабаев ишке киришти.